Ошто “Сапат” билим берүү мекемесинин алдына онго чукул ата-эне чогулду. Алар мектеп “Маариф” фондуна өткөндөн кийин окуу процесстери үзгүлтүккө учураганын айтып, тынчсызданып жатканын билдиришти.
Чогулган ата-энелер окуу жылынын этегине чейин балдарын мурдагы программа менен окутууну, атестаттарына “Сапаттын” мөөрүн басууну талап кылышты.
Чогулгандар “Сапат” билим берүү мектебинин жетекчилери же “Маариф” фондунун өкүлдөрүнө жолуга алган жок. Бир канча талаптарын айткандан кийин тарап кетишти.
Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон.
“Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген. 2-январда “Сапат” бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маариф” фондуна өткөрүп бергени белгилүү болгон.
Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кабарлаган.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (DSh)
Шерине