Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:13

Ташиев кыргыз-тажик чек арасын Ноорузга чейин тактоого үмүттөнүп жатканын айтты


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери тууралуу маалымат берди. Ал 18-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып учурда тажик тараптын өкүлдөрү Бишкекте жүргөнүн, 50 чакырым тилкени сызуу иштери жүрүп жатканын айтты.

"Чек ара тилкени сызуу иштери активдүү жүрүп жатат. Биз негизги келишимге жетиштик. Бүгүнкү күндө делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тажикстандык өкмөттүк топ Бишкекте жүрөт. Эки күндөн бери иштеп жатышат. Азыр бизде 50 чакырым калды, аны сызууну жакынкы апталарда бүтүрүшөт. Мен Нооруз майрамына чейин ратификациялоону жүргүзүп, президенттерибиз кол коюп, ноталар менен алмашабыз деп үмүттөнөм. Биз ошону менен чек араны тактоону юридикалык жактан толугу менен аягына чыгарабыз", - деди Ташиев.

Былтыр декабрь айынын башында кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасын тактоо толугу менен аяктаганын билдирген. Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткенде жолукканы, бардык маселелерге байланыштуу орток пикир табылганы маалымдалган.

Жогорку Кеңеште Ташиев учурда юридикалык документтер даярдалып жатканын, ал парламентке жаңы жылда, январь айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Ошондо сүйлөшүү, такталган ар бир тилке тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү убада кылган.

Расмий Дүйшөмбү коңшу өлкө менен чек араны тактоо иштери аяктаганы тууралуу кандайдыр бир комментарий бере элек. Тажик маалымат каражаттары негизинен бул кабарды кыргыз тарапка эле шилтеме кылып жазышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG