Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Трамп АКШдан мыйзамсыз мигранттарды "чагылгандай тез" чыгарабы?


АКШ менен Мексиканын чек арасында турган мигранттар.
АКШ менен Мексиканын чек арасында турган мигранттар.

АКШнын шайланган президенти өлкөсүнөн мыйзамсыз мигранттарды чыгарабы? Индия "Талибан" менен кызматташууну чечтиби? Немистер эмнеге боз түстөгү машинени жакшы көрөт? Эл аралык басма сөзгө сереп.

Трамп мигранттарды чыгарууда кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн?

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп ант берип, кызматка киришери менен мыйзамсыз мигранттардын депортациясын "чагылгандай тез" жүргүзүүгө даярданууда.

Washigton Post 16-январдагы редакциялык макаласын Трамптын ички коопсуздук маселелери боюнча болочок жардамчысы Стивен Миллердин ушул сөздөрү менен баштайт.

АКШ-Мексика чек арасы. 6-ноябрь 2024-жыл
АКШ-Мексика чек арасы. 6-ноябрь 2024-жыл

Гезит депортациянын күнгөй-тескейине кайрылып, жүз миңдеген кишини өлкөдөн чыгарууга жолтоо болушу мүмкүн деген жагдайларды талдады.

Маалыматка караганда, АКШнын Иммиграция жана бажы полициясы негизинен биринчи кезекте кылмыш жасаган келгиндерди депортациялайт. Алардан тышкары тизмеге президент Жо Байдендин тушунда рекорддук санда өлкөгө агылган мигранттар да кирип калышы ыктымал.

Ал эми бала кезинде АКШга мыйзамсыз мигрант ата-энелери менен келген балдарга мунапыс берүү программасына камтылгандарды полиция бутага албайт деп күтүлүүдө. Программа Барак Обаманын тушунда кабыл алынган.

Басылма андан ары Трамп мигранттарды өлкөдөн жапырт чыгаруу ишинде логистикалык жана каржылык кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экенин болжолдойт.

2017-жылы кызматка киришип жатканда ал 2-3 миллион киши депортацияланарын айтып келген. Трамп бийликте турган төрт жыл ичинде 1,5 миллиондой мигрант АКШдан чыгарылган.

Жакындагы интервьюлардын биринде жаңы шайланган президент Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жашаган ар бир кишини артка кайтарууну каалаганын билдирип, ошол эле маалда конкреттүү санды атаган эмес.

Иммиграция жана бажы полициясы былтыр он жылдан берки эң көп сандагы келгинди депортациялады. Алардын көбү камакка алынгандар.

Макалада Конгрессте айтылган статисткалык маалыматтар кетирилет. Мисалы былтыркы 21-июлга карай иммиграциялык полицияда кылмышка барган 650 миң чет өлкөлүк жарандын иши каралып жаткан.

Жаңы администрация бутага алышы мүмкүн деген категория арасында убактылуу коргоо макамы берилген Венесуэла, Сальвадор, Украина жана Судандын жарандары бар. Алардын өз өлкөсүнө кайтуусу кооптуу болгондуктан, 9-январда Ак үй ошол макамды 18 айга узартууну чечкен. Бирок Трамп бир жарым жылдан кийин жеңилдиктерди алып салса, мыйзамдуу жашап жана иштей албай калат.

Эмесе, басылманын пикиринде, жаңы президенттин планын ашыруусуна кандай жагдайлар бут тосушу мүмкүн?

Биринчиден, Иммиграция жана бажы полициясынын анча кишинин депортациясы менен алектенүү үчүн кызматкерлери тартыш.

Экинчиден, АКШдан чыгарылышы керек деген мигранттарды рейстерди уюштуруп, башка иштер бүткөрүлмөюнчө кармап турууга жайлар да жетишсиз.

Жаңы администрациянын бул багыттагы иштерине учактардын чектелген саны кедергесин тийгизиши ыктымал. Иммиграциялык полициянын 135 кишилик он чакты учагы бар. Башка учактарды колдонууга америкалык мыйзамдар жол бербейт же мүмкүнчүлүк жок.

Эң негизгиси, деп улантат Washigton Post, мигранттарды артка кабыл алган өлкөлөрдүн шарттары чектелген. АКШ менен бул жаатта кызматташкан Мексика, Гондурас же Гватемала өңдүү мамлекеттер да азыркыдан көп жаранын ала албайт. Мисалы кошумча рейстерге уруксат алуу, чек арадагы текшерүү, алар үчүн борборлорду уюштуруу иштерин чечүү оңой эмес.

Индия талибдер менен мамиле курууну көздөйт

“Эмне себептен Индия “Талибан” менен азыр жакындашууну чечти?” Ушундай аталыштагы макаланы Би-Би-Си 14-январда басып чыгарды.

Материалда Делинин соңку дипломатиялык кадамы чөлкөмдөгү геосаясий кырдаалга көз карашы өзгөргөнүнөн кабар берери айтылат.

Жыйырмадай жыл бою Индия Ооганстандагы демократияга инвестиция салып келген. Талибдердин бийликке кайтып келгени коопсуздук жаатында бир топ кооптонууларга жем таштаган.

Индиянын жана "Талибан" делегацияларынын кездешүүсү. Дубай, 9-январь, 2025-жыл.
Индиянын жана "Талибан" делегацияларынын кездешүүсү. Дубай, 9-январь, 2025-жыл.

Өткөн жумада Дубайда Индиянын башкы дипломаты Викрам Мисри “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдө сооданы кеңейтүү тууралуу сөз болуп, талибдердин өкүлү Дели менен саясий жана экономикалык алака-катышты бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Би-Би-Си андан ары ошол кездешүү канчалык маанилүү деген маселеге токтолуп, америкалык Wilson борборунун аналитиги Майкл Кугелмандын пикирине кызыккан.

Анын айтымында, Дели “Талибанга” иш жүзүндө легитимдүүлүк берди. Эксперт Индия талибдер менен мурда достук мамиле курбаганын, жолугушуу кыймылдын “дипломатиялык триумфу болуп калганын” белгилейт.

“Талибан” Ооганстандагы бийликке кайтып келгенден кийин түрдүү өлкөлөр ал режимге карата түрдүү саясат жүргүзүп келишти. Мисалы Кытай Кабулдагы өкмөт менен экономика, коопсзудук тармактарынада активдүү кызматташат, жадакалса элчисин жөнөткөн.

Радикал кыймылдын бийлигин бир да мамлекет расмий тааныбаганы менен 40 чакты өлкө алар менен дипломатиялык же бейрасмий алакаларды түзгөн.

Макалада Индиянын Ооганстандагы мурдагы элчиси Жайант Прасаддын оюна да орун берилген. Ал Дели үч жылдан бери талибдер менен башка өлкөнүн дипломатиялык миссиясы аркылуу байланышып турганын айтат.

Индия Ооганстандагы консулдуктарын 1990-жылдардагы жарандык согуш учурунда жаап, 2002-жылы кайра ачкан.

Ошондой эле эки өлкөнүн тарыхтан келаткан байланыштары, Индиянын Ооганстанга салган 3 миллиард доллардай инвестияциялары белгиленет. Ошол каражат жолдорду, дамбаларды, оорукана, мектептерди куруу өңдүү 500 долбоорго жумшалган. Алсак, Индия ооган парламентинин жаңы имаратын тургузган, студенттерге миңдеген стипендия бөлгөн.

Автор Делинин Ооганстандын “Талибан” башкарган өкмөтү менен кызматташуу багытындагы кадамы террордук коркунучтун алдын аларын, Иран, Борбор Азия менен мамилелерди тереңдетүүгө жардам берерин белгилейт.

Муну менен катар макалада кызматташуунун терс, тобокелдик жараткан жактары тууралуу да айтылат.

Аналитик Кугелман “Талибандын” зордукчулдугун, ырайымсыздыгын, асыресе Пакистандагы террордук уюмдар менен байланыштарын эске салат.

“Индия “Талибанды” өз тарабында кармап турса, алар өлкөгө же кызыкчылыктарына коркунучтуу болбойт деп үмүттөнүшү мүмкүн. Балким анда чындык бардыр. Бирок “Талибан” өңдүү оюнчуга ишенсе болобу?”, - деп айтат Кугелман.

Ал эми мурдагы элчи Прасад талибдердин кыз-келиндерге кылган мамилеси тынчсыздандырарын белгилөө менен катар Индия менен Ооганстандын азыркы алака-катышында эч кандай кемчиликтерди көрбөгөнүн белгилейт.

Анын пикиринде, “Талибдер өзү мененен өзү боло берсе, мындай абал ооган элине жардам бербейт. Эл аралык коомчулук менен кызматташуу өкмөткө жүрүм-турумун жакшыртууга түрткү бериши мүмкүн”.

Германиянын жолдорунда боз, ак жана кара машинелер үстөмдүк кылат

Немистер кайсы түстөгү машинелерге артыкчылык берет? Deutsche Welle Германиянын Федералдык транспорт мекемесинин статистикасына таянып, жергиликтүү машине өндүрүүчүлөр негизинен бозгултум машиналарды чыгарарын аныктады. Ачык түстөгүлөр негизинен чет жактардан алынып келет экен.

Mercedes-Benz компаниясынын ишканасы. Архив
Mercedes-Benz компаниясынын ишканасы. Архив

Маалыматка ылайык, 2017-жылы өлкөдө катталган унаалардын 27,2% боз түстө болсо, 2019-жылы алардын үлүшү 30,3% , былтыр 33% түздү.

Немис жолдорундагы ар бир төртүнчү машина кара, ар бир бешинчиси ак түскө боёлгон.

Автор ачык түстөгү машинелер жолдогу коопсуздук жагынан жакшыраак экенин белгилейт.

Буга карабай жергиликтүү Volkswagen, Mercedes-Benz жана BMW концерндери өз өнүмдөрүн негизинен боз, ак же кара кылып чыгарат. Алардын маркаларын көбүнчө компаниялар, бизнесмендер сатып алат.

Ал эми италиялык Fiat же япониялык Mazda, Mitsubishi, британиялык Mini, румыниялык Dacia жана башкалар сөз болгон үч түстөн тышкары мисалы кызыл, көк, жашыл машиналарды көбүрөөк чыгарат.

Бирок бул маркалар Германияда сейрек кездешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG