Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:10

Александр Лукашенко абактагы 23 саясий туткунга ырайым берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко "экстремисттик багыттагы" кылмышка айыпталган 23 саясий туткунга ырайым берди. Алардын көбү, тактап айтканда 20сы эркектер. Лукашенконун басма сөз кызматынын билдиришинче, булардын баары күнөөсүн мойнуна алып, ырайым сурап арыз жазган жана айрымдарынын өнөкөт оорулары, 12ге чыга элек балдары бар.

Лукашенко ушуну менен соңку жарым жылда абакта камалып жаткандарга сегизинчи жолу ырайым берди.

Былтыр жалпысынан 207 киши бошотулган жана алардын арасында саясий туткун деп таанылган укук коргоочулар дагы болгон.

"Весна" укук коргоо борборунун эсебинде, учурда беларус абактарында саясий негизде соттолгон дагы 1244 адам отурат. Укук коргоочулар бир жумадан кийин өтчү президенттик шайлоонун алдында камакка алынган саясий туткундардын саны көбөйүп жатканын билдирип келишет.

2020-жылы жайында Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгынын бурмаланышына каршы ири нааразылык акциялар өткөн. Укук коргоочулар ошондон бери камакка алынган дээрлик 3600 кишини саясий туткун деп тааныган, алардын катарында 656 аял бар. Көбү жазасын өтөп, эркиндикке чыккан.

Демонстрациялар күч менен басылганда 13 миңдей киши өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Бул өлкөнү бир канча жылдан бери башкарып келе жаткан Лукашенко 26-январга белгиленген шайлоодо жеңүүчү деп аталары айтылып жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG