Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:32

Түштүк Корея: сот кызматтан четтетилген президентти камоого ордер берди


Юн Сок Ёль.
Юн Сок Ёль.

Түштүк Кореяда сот кызматтан убактылуу четтетилген президент Юн Сок Ёлду камоого расмий ордер берди. Ишти Сеул округдук соту жекшембиде карады. Эми ага 20 күндүн ичинде расмий айып тагылышы керек.

Процесс маалында кызматтан четтетилген президенттин жүздөгөн тарапташы чогулуп, соттун имаратынын айнектерин сындырып, ичине кирүүгө аракет кылышты. Ошол эле жерде Юнга каршы болгондор дагы митинг уюштурду. Коомдук коопсуздукту жүздөгөн полиция кызматкери кайтарып турду.

Юн Сок Ёль 15-январда камакка алынган. Анда ал өзүнүн камалышын мыйзамсыз деп эсептерин, бирок кан төгүүнү алдын алуу үчүн суракка барууга өз каалоосу менен макул болгонун айткан.

Бул Түштүк Кореянын тарыхында иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары убактылуу токтотулуп, камакка алынган биринчи учур болуп калган.

Андан эки аптадай мурда тергөөчүлөр Юн Сок Ёлду резиденциясынан анын тарапташтарынын каршылыгынан улам суракка алып кете албай коюшкан.

Өлкөнүн парламенти былтыр 14-декабрда Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болгон. Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Юн Сок Ёлду президенттик кызматтан толугу менен четтетиш үчүн өлкөнүн Конституциялык соту импичментти бекитиши керек. Сот чечим чыгарганга чейин ал президент бойдон калат.

УчурдапПрезиденттин милдетин азыркы өкмөт башчы Хан Дак Су аткарууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG