24-июнь күнү президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиев сыналгы аркылуу дагы бир талапкер Нурлан Мотуев менен кайым айтышкысы келбегени тууралуу билдирүү тараткан. Ал билдирүүсүндө “Мотуев мырзага менин эч кандай суроолорум жок. Мен аны менен эмне тууралуу талкуу жүргүзүштү да билбейм. Ушул себептен мен аны менен сыналгы аркылуу кайым айтышка чыгуудан баш тартамын,” – деп билдирген.
Президенттикке талапкерлер: Назаралиев менен Мотуевдин кайым айтышы 13-июлга УТРКга белгиленген эле. Бүгүн анын атаандашы Нурлан Мотуев Жеңишбек Назаралиевдин бул кадамын “коркоктук” деп баалап, бул тууралуу журналисттерге билдирди:
-“Мен кыйынмын” дейт дагы анан өзү таймаштан качып атат. Эмнеге качат? Ошончолук эле суроо-жооптору даяр болсо, ошончолук эле күчтүү саясатчы болсо чыкпайт беле телетаймашка. Эмнеге качат?
Нурлан Мотуев Ж. Назаралиевдин кыргыз тилинде да жакшы сүйлөй албасын белгилеп, анын жарым сааттык телетаймаштан баш тартып атканына ушул себеп, деген оюн билдирди. Белгилүү болгондой Жеңишбек Назаралиев башка талапкерлер менен катар мамлекеттик тил сынагынан ийгиликтүү өткөн.
Бүгүн ошондой эле президенттикке дагы бир талапкер Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, БШК жана айрым маалымат каражаттарын сотко берерин маалымдашты.
25-июнда БШК шашылыш жыйын өткөрүп, анда БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин штабы тарабынан дагы бир талапкер Курманбек Бакиевдин ар-намысына шек келтирген баракчаларды таратылып жатат деп белгилеп, А. Атамбаевге эскертүү берген. Ал эми бул мазмундагы баракчаларды тартып алып, жок кылууну күч органдарына тапшырган.
Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү Азамат Акматовдун журналисттерге билдиргени боюнча БШКнын бул эскертүүсү мыйзамсыз болуп эсептелет:
-Биз бул эскертүүнү мыйзамсыз деп эсептейбиз. Анткени биздин талапкердин штабы тарабынан таркатылган баракчаларда мыйзамды бузуучу эч кандай сөздөр дагы, чакырыктар да жазылган эмес. Бул токтомду чыгаруу менен БШК өзү чектен чыгып, өзүнүн укугунан аша чаап жатат. Баракчаларда жазылган сөздөр эч кимдин ар-намысына тийбейт, анда болгону өлкөдө болуп жаткан саясий-экономикалык-социалдык абал тууралуу чындык жазылган. Мындай териштирүүнү сот гана жүргүзө алат, -дейт Азамат Акматов.
Өткөн жумада айрым менчик жана мамлекеттик маалымат каражаттары БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевди шайлоочулар менен мас абалында жолугушту деп кабарлап чыгышкан. Талапкердин ишенимдүү өкүлдөрү бул маалыматтар бийлик тарабынан атайын, жасалма жол менен жасалып, оппозициянын талапкерин каралоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш, деп белгилешти. Алмазбек Атамбаевдин дагы бир ишенимдүү өкүлү Галина Скрипкина бул маалымат каражаттарын да сотко берүү маселеси чечилип жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди:
-Бул иш боюнча азыр биз далилдерди чогултуунун үстүндөбүз. Чогултуп бүтөрүбүз менен сотко беребиз.
Галина Скрипкинанын айтуусунда Алмазбек Атамбаевдин штабы БШКнын облустук, райондук жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча кабыл алган токтому тууралуу Биринчи Май райондук сотуна кайрылышты. Анын белгилөөсү боюнча 2009-жылдын 9-июлунда мөөнөтү аягына чыга турган бардык облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүүнүн ордуна БШК өз токтому менен алардын иш аткаруу укугунун мөөнөтүн узартып салган.
Блу маселе боюнча БШКнын маалымат кызматы азырынча кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.
Президенттик шайлоого ат салышуучу талапкерлерге жалпы өлкө боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Бирок айрым талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүүгө бут тосуулар болуп атканын айтып келишет. Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү Жыргалбек Турдукожоевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча талапкердин чакырыктары менен сүрөттөрүн эл көп жашаган аймактарга, шаарларга илүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатат:
-Биздин талапкердин программасы жазылган гезиттерди таратууга да түрдүү тоскоолдуктар жүргүзүлүп жатат. Ал тургай ошол гезиттерди окуп жаткан адамдар да кысмакка алынууда. Бул деген таптакыр эле чектен чыккандык.
Буга чейин БЭК президенттик шайлоо акыйкат өтпөйт деген билдирүүсүн жарыялашкан. Алар курамы жалаң бийликтин “Ак жол” партиясы жана президент Курманбек Бакиев дайындаган БШК шайлоону калыс, адилет өткөрүп берерине ишенич аз, деп белгилешет.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы 23-июлда боло турган президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз сала турган эл аралык байкоочулардын саны быйыл үч эсе көбөйтүлгөнүн, добуш берүү Шайлоо кодексинин жана КР мыйзамдарынын негизинде акыйкат болот деп ишендирүүдө.