Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Т. Акун: Петровкадагы тирешүүнүн "тили" жумшарды


Кыргызстандын акыйткатчысы Турсунбек Акун кечээ Петровкага барып, абал менен таанышып, жергиликтүү кыргыз-орус эли менен күрт улутундагылардын жолугушуусуна күбө болуп келди. Акыйкатчы Петровкадагы улуттар аралык жаңжалга чейин өсүп жеткен тополоңго жергиликтүү бийлик менен күч органдарынын күнөөсү бар, ошондой эле айыл аксакалдары мындай окуялардын алдын алып, жаштарды тыйууга тийиш болчу, деп эсептейт.

-Турсунбек мырза, Петровкадагы акыркы кырдаал кандай?

-Мына мен Петровкадан жаңы эле келдим. Кырдаал мурдагыдан оңолуп баратат. 28-апрелде барганыбызда эле күрттөр да, кыргыз-орус тарап да бири-биринин ортосундагы каршылык өтө чоң болчу. Бүгүн андай маанай байкалган жок, жумшарып калыптыр. Бүгүнкү жыйын ушундай чечим чыгарып, 20-30 кишиден турган убактылуу кеңеш түздү.

Депутаттардан түзүлгөн комиссия алардан “ынтымакка келгиле” деп суранышкан экен, ошого байланыштуу кыргыздардан да, күрттөрдөн да, орустардан да өкүлдөр кирип, бийликтен кишилер киришти. Алар аймактагы кырдаалды жөнгө салууну, маселелерди чечүү милдетин алышты.

Ошондой эле алар күрт улутундагы 50 чакты үй-бүлөнү көчүп кетүү талабы боюнча да иш алып барышып, аларга алты ай ичинде чыгып кетсин деп катуу талап кылып, кысым көрсөтпөй, аларга көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилсин, деген тыянак чыгарышты. Муну аягында добушка салып, эки тарап тең аны колдошту.

-Демек, кыргыз-орустар менен күрттөрдүн жолугушуусу болгон турбайбы?

-Ооба, жолугушуусу болду. Өткөндө эки тарап эки жакта: күрттөр мечитте, кыргыздар менен орустар митинг өткөрүп сырт жакта турушкан эле. Бүгүнкү жолугушуу мектепте, чогуу-чаран өткөрүлдү. Мына бул жара акырындык менен бүтүп жаткандыгынын белгиси.

-Күрт улутундагы үй-бүлөлөрдүн көчүп кетүүсүнө байланыштуу кандай аракеттер көрүлөт? Аларга кайсы жерге барып жашоосун чечүү, ага шарт түзүп берүү ж.б?..

-Бул дагы чоң көйгөйлүү маселе. Анткени кечээ Петровкадан чыгып кеткен беш үй-бүлө Чүйдүн башка айылдарына көчүп барса, ал жактагылар да кабыл албай, кеткиле деп талап кылып атышат деген маалымат бар.

-Эгер Петровкадагы күрт улутундагы үй-бүлөлөр көчүп кетпесе, бул айылда көп улуттуу элдердин мурдагыдай эле ынтымакташып жашай берерине ишенич барбы?

-Мунун бардыгын элдин өзүнө коюшубуз керек. Ошол жерде жашаган эл, жергиликтүү бийлик акыл калчап, шашпай, жети өлчөп бир кесиши керек. Анткени чынында эле күрт улутундагы кээ бир адамдар өтө катуу менменсип, атасын тааныбай, чектен чыгып кетишкен экен.

-Ошол чектен чыгып кеткендерди убагында ооздуктап туруу күч органдарынын милдети болчу да?

-Туура, күч органдарынын милдети. Бирок айыл аксакалдары бар, өздөрү башка жактан көчүп келишсе, аларды батырып жашатып жаткан элге сый мамиле кылууга тийиш эле, балдарын тескеши керек эле.

Башка кыргыз-орустардын балдары өздөрүн кандай алып жүрүшсө, алар дагы ошондой жүрүшү керек болчу. Азыр абал кооптуу. Кыргызстанда улуттардын ортосундагы жаңжалдар болуп келген, мисалы Искраны унута элекпиз.

Ошондуктан, ар бир элдин айыл аксакалдары, таасирлүү адамдары балдарын, жаштарын тыйып, бардыгын башка элдер менен чогуу ынтымакта жашоого тарбиялап, айтып-деши керек.

-Кыргызстандагы көп улуттардын ортосундагы мамилелердин курчуп атышы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, күч органдарынын, алардын ичинде коопсуздук кызматынын жеткиликтүү түрдө иш алып барбай жаткандыгынын жыйынтыгы эмеспи?

-Президент К. Бакиев белгилегендей мындай кырдаалдар жергиликтүү бийлик, күч органдары мындай маселелерди учурунда тескеп-тергебегени үчүн келип чыгат. Ошол эле учурда ал жерде аксакалдар, аялдар уюмдары, бейөкмөт уюмдар, жарандык коом, саясий партиялардын баштапкы уюмдары бар. Мына ошолордун баары мындай окуяларды болтурбоонун аракетин кылышыбыз зарыл. Анын ичинде Акыйкатчы институту дагы мындай кооптуу кырдаалдардын алдын алууга чогуу киришүүгө тийишпиз.

-Петровкадагы жаңжал боюнча камакка алынгандардан сизге кайрылгандар болдубу?

-Кайрылгандар болду. 26-апрель күнү кармалып, азыр УКМКда камакта жаткан Сапар Аргынбаев кайрылды. Мындан тышкары оппозиция өкүлдөрү кайрылып атышат. Ошондой эле күрт улутунан өкүлдөр Ибрагим Надыров, Сулхидин Касымов деген адамдар Акыйкатчы институтуна келип, “бизди көч деп кысымга алып жатышат,” деп кайрылып кетишти. Ошол үчүн биз комиссия түзүп атабыз.

-Турсунбек мырза, сизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG