Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Парламенттик шайлоонун чыгымы 700 миллион сом деп бекитилди


Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 700 миллион сом коротот. БШК чыгымдардын сметасын бекиткен токтомду 15-октябрда кабыл алды.

Анын ичинен 382 миллион 757 миң сом шайлоо комиссиялары үчүн сатып алууларга, техникалык жабдууларга, маалыматтык материалдарды даярдоого, окутуу жана сый акы төлөөгө, иш сапарларга жана башка уюштуруу иштерине жумшалат.

Округдук шайлоо комиссияларына 259 миллион 243 миң сом каралып, ал шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, техникалык операторлорго, иш сапарларга жана транспорттук чыгымдарга керектелет. Чет өлкөдө жүргөн жарандардын добуш берүүсүнө шарт түзүүгө 58 миллион сом бөлүнөт.

Боршайкомдун маалыматына караганда, 30 округдук шайлоо комиссиясында жалпы 450 киши иштейт. Жалпы 2622 шайлоо участкасы ачылса, анын 100ү чет өлкөлөрдө жана 30у кошумча участкалар болот.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талап өзгөргөн. Анда өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

Шерине

XS
SM
MD
LG