Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрдагы отурумунда 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында бир катар мыйзамсыз үгүт иштери аныкталып, айып салынганын билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңешке №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан парламенттин депутаты Ырысбек Атажановдун тарапташынын видеосу териштирилген. 20-октябрда социалдык тармактарда топ адамдар отурган жерде Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Гуламидин Матажиев “мектеп үчүн, балдар үчүн Ырысбек Атажановду колдоп коюуга” чакырып жаткан видеосу жарыяланган. Бул тасма талапкерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин үгүт жүргүзүү катары бааланып, Матажиевге 7 миң 500 сом айып салынды.
Мындан тышкары №14 шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиевге жана №25 шайлоо округунан талапкер болууга арыз берген Төрөкан Жунусбековго да шайлоо алдындагы үгүт иштеринин талаптарын бузду деген чечим чыгып, 7 миң 500 сомдон айып салынды.
Боршайкомдун чечими менен Талас УТРК каналына да шайлоо алдындагы үгүт иштеринин талаптарын бузганы үчүн 28 миң сом айып салынды. Мындай чарага телеканалдын №16 Талас шайлоо окуругунан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Медер Чотоновдун мурдагы кайрымдуулук иштери тууралуу оң мүнөздөгү видеотасманы кайталап чыгарганы негиз болгон.
БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик кызматкерлерге, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармак колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертти. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Шерине