Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттардын консультанттары менен жардамчылары өз арызынын негизинде ишин тапшырганын 23-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Бул алдыдагы парламенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүү аракети экени жазылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы да токтотулганы белгилүү болду.
“Бирок депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштын депутаттары ант берип, ишин баштаганга чейин улана берет”, - деп жазылган парламенттин басма сөз кызматынын маалыматында.
Буга чейин “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болуп иштеген кызматкер “Жогорку Кеңештин аппараты депутаттардын консультанттары менен жардамчыларын өз арызы менен ишин тапшырууну талап кылганын” айткан. Парламенттин басма сөз кызматы билдирүүдө мындай маалыматты төгүндөдү.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Шерине