Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:34

ЕККУ парламенттик шайлоого байкоочуларын жөнөтөт


30-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) узак мөөнөттүү 30 байкоочу жөнөтөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын өкүлдөрүнө жолуккан. Анда ЕККУнун байкоочулары кийинки аптадан баштап өлкөнүн бардык аймактарында иштей башташат. Андан сырткары шайлоо мезгилине карата Кыргызстанга 300гө жакын кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөтүү маселеси каралууда.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талап өзгөргөн. Анда өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Учурда депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жүрүп жатат. 21-октябрга карата 407 жаран талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазды. Бул жараян добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 30-октябрда саат 18:00дө аяктайт.


Шерине

XS
SM
MD
LG