Партиянын лидери бул чечим боюнча жогорку инстанциядагы сотторго кайрыларын билдирип, муну аларды келе жаткан шайлоолорго катыштырбоо аракети катары баалап жатат.
Бийлик буга чейин социал-демократчылар мыйзамды бузганы үчүн камалганын билдирип, ишти саясатташтырбоого чакырган.
Бишкек шаардык соту 15-октябрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди күнөөлүү деп тапкан райондук соттун чечимин күчүндө калтырганын айыпталуучулардын адвокаты Айбек Турдуев билдирди.
Алар 2024-жылы ноябрда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоонун алдында кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча айып тагылган.
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков соттун соңку чечимин аларды алдыдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо аракети катары баалады.
"Албетте, бул шайлоого жеткизбөө, ага катыштырбоо үчүн жасалган иш. Анткени алар өз округумда биринчи болуп шайланып келеримди жакшы билет. Андан сырткары мындан беш жыл мурда, 23 жашымда Баш мыйзамды өзгөртүп, шайлоого бир ай калганда ага 25 жашка чыккан жарандар гана катышат деп жазышкан. Азыр "30 жашка чыкканга чейин катыша албайт" деп кайра-кайра ойноктой алышпай ушундай жолду табышты. Муну да көрөлү. Боло турган иш баары бир болот, эч нерседен коркпош керек. Биз ар дайым өз ишибизди конструктивдүү алып барганбыз жана мындан ары да конструктивдүү саясий ишмердүүлүгүбүздү уланта беребиз".
Бишкектин Свердлов райондук соту 24-апрелде аларды “Добуш сатып алуу”, “Алдамчылык” жана “Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошоткон.
Сот үчөөнүн тең мүлкүн конфискациялап, жабырлануучу катары өтүп жаткан эки жаранга 13 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Айыпталгандардын бири Ирина Карамушкина “Кой-Таш иши" боюнча жети жыл, алты айга эркинен ажыратылып, камакта отурат.
Жарандык активист Айбек Теңизбай жалпы сот системасын эске алганда иш күмөн саноо жаратарын айтты:
"Бир чети ишенгиң келет, бирок андай кылуу оор, маселен саясий оюндарда, шайлоодо ар түрдүү ыкмалар колдонулуп келген. Экинчиден, бийлик тараптан тандалма саясат байкалууда. Эгер ошол партиянын, ошол адамдардын добуш сатып алганы анык болсо, менин оюмча ар кандай суроолор жаралбаш үчүн башка саясий күчтөрдү, башка топторду жоопко тартса туура болмок деген ойдо болуп жатам. Анткени шайлоодо добуш сатып алуу ыкмасын бир гана "Социал-демократтар" эмес, бийликтин жанында, бийликти колдоп жүргөн саясий топтор да колдонуп келген. Эмне үчүн бийлик Темирлан Султанбековду, анын партиялаштарын гана жоопко тартып башкаларга көз жуумп жатат? Баарына адилеттүү караса, күмөн ойлор жаралбайт болчу".
Айбек Теңизбай бийлик мурдагылардын катасын кайталап, саясий чөйрөнү тазалоо менен эле алектенбей, тескерисинче, коомдо башка дагы пикир, көз караштарга орун бар экенин билдирген кадамга барса, утушка ээ болмок деп эсепейт.
"Сот чечими чыкканы менен булар саясатта кандайдыр бир роль ойнобой калат деген ойдон алыс болушубуз керек. Анткени бул ошол саясий оюндун бир элементи. Жогорку Кеңеште же анын сыртында болобу булар өз үнүн, пикирин билдирип, саясий аракетин улантат. Бийлик тескерисинче саясий топторду парламенттен четтетүү менен өзүнө зыян алып келүүдө. Андан көрө аларды парламентке коё берип, алардын үнүн мыйзамдуу укса болмок. Нааразылыктардын баары топтоло берсе, бир күнү мамлекетибизде түрдүү акциялар же митингдер чыгышы ыктымал".
27 жаштагы Темирлан Султанбеков - “Социнтерн” эл аралык бирикмесинин эң жаш вице-президенти. Ал 2016-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясына мүчө болуп, 2021-жылы партиянын төрагалыгына шайланган.
Саясат талдоочу Марс Сариев бүгүнкү күндө бул партиянын мүчөлөрү мурдагы лидери Алмазбек Атамбаевдин оппоненттерден арылуу ыкмасынын курмандыгы болуп жатканын белгиледи.
"Албетте, азыр саясий күрөштүн айынан жарыштан четтетип жатышат деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок, эсиңиздерде болсо, алар камалганда Евробиримдиктен абройлуу делегация келип, президент Жапаров менен жолуккан. Ал жерде Социнтерндин да мүчөлөрү болгон. Алар камалгандарды бошотууну, демократияны талап кылып келгени менен президент көрсөткөн фактыларды түшүнүп кетип калышты. Экинчиден, тилекке каршы Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер дал ошол Алмазбек Атамбаев, "Социал-демократтар" өздөрү жараткан торго илинип калышты. Атамбаевдин учурунда ушундай камоолор, соттоолор болуп, оппоненттер шайлоодон четтеп калчу. Мындай мисалдар көп. Алар өзүнүн аракетинин тузагына чалынды. Бул система Атамбаедин учурунда түзүлгөн".
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
“Социал-демократтар” партиясынын лидери жана мүчөлөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында алты айча камакта жаткан.
Ишке “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары жабык өткөн. Темирлан Султанбеков ишти ачык кароону талап кылып, козголгон кылмыш иши негизсиз деп ачкачылык да кармаган.
Шерине