Байкоочулар бул шайлоо шашылыш уюштурулуп, жаңы мыйзам, эреже-шарт менен өтүп жаткандыктан жалпы эле шайлоо жараяны, үгүт өнөктүгү айрыкча ресурсу чектелүү талапкерлерге оңой-олтоң болбосун белгилешет.
БШК 31-октябрга карата арыз берген 589 адамдын 168ин каттады. Ал эми 19 жаран арызын өзү кайтарып алганын, ар кандай жүйө менен дагы жети талапкерди каттоодон баш тартканын билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, эң көп арыз тапшыргандар №27 Чолпон-Ата шайлоо округунда болду. Бул округга Ысык-Көл, Түп жана Ак-Суу райондору толугу менен кирген.
Андан кийинки орунда №19 Сокулук шайлоо округу турат. Бул аймакка аталган райондун Гавриловка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй, Манас, Военно-Антоновка, Күнтуу айыл аймактары, Бишкек шаарынын Ленин районундагы МТУ-106 (мурдагы Новопавловка), Ак-Өргө, Ак-Ордо, Ала-Тоо, МТУ-103 толугу менен кошулган.
№9 шайлоо округунан 29, №3 шайлоо округунан 27, №8 шайлоо округунан 26, ал эми №12 Сузак районундагы шайлоо округунан 25 адам арыз тапшырды.
Бул жолку шайлоого Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышынын төрагасы баш болгон дээрлик бардык депутаттар кайра аттанды.
Депутат болгусу келгендердин арасында медиа чөйрөсүнүн өкүлдөрү, журналисттер, блогерлер, активисттер, чыгармачыл адамдар дагы арбын. Ошондой эле кайсы бир чуулгандуу жагдайларда, окуяларда аты аталгандар дагы бар. Социалдык тармактарда аялы-күйөөсү, ата-бала, бир туугандар чогуу аттанган учурлар бар экени тууралуу дагы маалыматтар чыкты.
БШКнын мурдагы төрайымынын орун басарыболгон Атыр Абдрахматованын пикиринде, айрыкча парламенттин соңку чакырылышында депутат болгон, өздөрүн өздөрү таратуу демилгесин колдогон, бирок кайра шайлоого бараткан талапкерлерге суроо көп болот.
"Менимче, талапкерлердин саны жакшы эле болуп жатат. Бир мандат үчүн он кишинин аттанганы жакшы эле көрүнүш. Элдин тандоо укугу ишке ашышы керек. Бирок алардын арасында азыркы жана мурдагы парламенттин депутаттарынын барып жатканы таң калтырат. Анткени соңку төрт жылда жаңы Конституцияда парламенттин укуктары азайды, эч нерсе кыла албайбыз, чече албайбыз, бардыгын президент, Министрлер кабинети чечет, биз бир гана мыйзамдарды кабыл алабыз деп иштей албай, отуруп алып актанышкан. Анан эми кайра өздөрү аттанып алышты. Бул жерде чоң суроо болуп жатат. Демек, алар айтып жаткандай укуктары чектелүү болсо, иштөөгө мүмкүнчүлүк аз болсо, анда депутат болуштун кандай кажети бар? Алар кандай максатта бара жатышат? Эми, албетте, эл депутаттардын маянасы, мамлекет берип жаткан колдоо алар төлөгөн 300 миң сомдон көп болорун түшүнүп турат. Машинасы болот, жардамчылары болот. Айлыгын алып отура берген бул бир жагы. Экинчи жагынан, элдин камын ойлоп, алардын жашоосуна ыңгайлуу мыйзамдарды кабыл алуу жагын кантишет? Бул чоң суроо. Акыркы төрт жылда депутаттар канча мыйзамга демилгечи болду, канчасы, кандай мыйзам кабыл алынды дегенди талдай турган болсок, анда көрсөткүч жакшы деле эмес. Кээ бир депутаттар бир дагы мыйзамдын демилгечиси болгон эмес. Айрымдары бир мыйзамга демилгечи болгон, анысы деле кабыл алынбай калган. Иштин жайын билбей, мамлекеттен акча алып, өздөрүнүн гана маселесин чечкендер деле арасында болуп жатпайбы. Ошондуктан азыр шайлоого аттангандар дагы, эл дагы ушундай жагдайларды эске алышы керек. Менин тууганым эле, акчасын берди эле деп шайлабаш керек".
Деген менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо, болочокто депутат болуп келчүлөр тууралуу түрдүү божомолдор айтыла баштады.
Саясатчы, экс-депутат Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактарга тарап жаткан видеосунда негизги атаандаштык бийликчил эки топтун ортосунда болушу мүмкүн деген оюн айткан.
"Элдин маанайы азыр "баары бир" дегендей. Шайлоо катуу кызып, чоң саясий компанияга азырынча аралаша элек экен. Бирок бир нерсени байкадым, шайлоо кампаниясын эки топ тымызын баштап коюптур. Ал топтун адамдары, талапкерлер негизинен бийликтин атын сатып жүргөндөр экен. Жарымы "Садыр Жапаровдун батасын алып келдим" дегендер болсо, жарымы "мен Камчыбек Ташиевдин батасын алып келдим" деп ачык, түз, кыйыр айтып, шайлоону ошолор баштап жибериптир. Мен ошолорду көрүп, көпчүлүктөй болуп эле иренжий түштүм. Эмне үчүн дегенде бул жакшы эмес. Ушул эле бийликти колдогон, камчысын чаап жүргөн адамдар талапкер болуп барып алып, бир бийликте турган эки адамды экиге бөлүп, шайлоо кампаниясын баштагандай болуп калыптыр. Бул 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан Сооронбай Жээнбековдун эки партиясына окшоп жатат. Бир бийликтин эки партиясы шайлоого барып, аягы эмне менен бүткөнү белгилүү да. Азыр эки достун командалары бири-бири менен тирешип жаткандай", - деген Бекназаров.
Бийлик өкүлдөрү мындай сөздөрдү такай эле четке кагып келет. Ушул айдын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айрым талапкерлердин "бийликтин колдоосун алдым” деген өңдүү сөздөрүнө ишенбөө керектигин билдирген.
“Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. Эгерде биз өз адамдарыбызды алып келүүнү көздөсөк, ушунун баарын жасаштын эмне кереги бар эле? Эски шайлоо системасын калтырып, жыргап жата бербейт белек анда”, - деген Ташиев.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков апта башында шайлоого аттанган айрым талапкерлер "куру убада берип, мамлекет жасаган жумушту өзүнө ыйгарып алып жатканын" айткан. Ал Фейсбуктагы баракчасына андай талапкерлерге ишенбөөгө чакырган.
"Үгүт иштери баштала элек болсо да баягы эски адат кайра кайталанып, куру убадалар жана мамлекет аткарган иштерди “мен бүтүрдүм” деп өзүнө ыйгарып алган айрым шылуундардын аракети байкала баштады.
Айрым талапкерлер WhatsApp топтору аркылуу өкмөт пландуу түрдө куруп жаткан мектептерди, жолдорду, балдар бакчаларын жана башка социалдык объекттерди “менин демилгем менен ишке ашты, мен айтып жасаттым” деген жалган маалымат менен үгүт жүргүзүп жатышат. Президентибиз Садыр Жапаров өз маектеринде да так белгилеген: “Депутат мектеп курбайт, жол курбайт — анын баарын мамлекет аткарат. Эгер ушундай убадаларды беришсе, ишенбегиле”. Тилекке каршы, буга карабастан, мурда мамлекеттик кызматта иштебеген, жөн гана “блогер” болуп жүрүп, азыр талапкер болуп катталган айрым адамдар чындыкка туура келбеген үгүт иштерин тымызын жүргүзүп жатышат. Урматтуу жарандар! Мындай алдамчы, калпычы жана шылуун талапкерлерге ишенбеңиздер",-деп жазган Орунбеков.
Талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин баамында, бул мөөнөтүнөн мурда чукул өткөрүлүп жаткан шайлоо ресурсу чектелүү талапкерлер үчүн кыйла түйшүктүү болот.
"Азыркы шайлоону кымбат шайлоо десек болот. Жаңы мыйзам байлар үчүн жазылган мыйзам. Үгүт өнөктүгүнө берилген 20 күндүн ичинде ошол округдун баарын кыдырып үлгүрө дагы албайсың. Катардагы кызматта иштегендер, ресурсу чектелгендер депутат боло албайт. Штабдарды түзүш керек, миңге чейин үгүтчү алыш керек, шайлоо фонддорун түзүү керек. Расмий миң дегени менен бейрасмий андан дагы көп адамды жүгүртүшүң керек. Ошонун баарына акчасы жеткен, мүмкүнчүлүгү бар байлар, олигархтар, чыгымына чыдагандар депутат болуп келет. Байлардын адилет, калыс, демократ болушу деле күмөн. Бийликтин цензурасынан чыкпай, өздөрүнүн кызыкчылыгын гана коргоп жүрө бериши мүмкүн. Ошол эле маалда элдин колдоосун алып, депутат болушу деле кыйын. Айрымдары документтерин тууралап, эсепчи, юрист жалдап, шайлоо фонддорун уюштуруп бүткүчө эле шайлоо өтүп кетет. Биз билбеген шайлоо талаптары өтө көп".
Садыр Жапаров ушул жылы апрелде шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орундагы талапкер келет.
Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров атайын кайрылуу жасап, бийлик шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзөрүн билдирип, мамлекеттик кызматкерлерге аралашпоону эскерткен. Ошол эле маалда элди добушун сатпоого чакырган.
Жарандык активист Айбек Теңизбай Жогорку Кеңештин келерки курамы жаңырганы менен сапатына байланыштуу маселе болоруна дагы токтолду:
"Депутаттыкка талапкерлигин койгондорду талдай турган болсок, анда өтө деле чоң жаңылык байкаган деле жокмун. Шайлоо эрежелерин, мыйзамдарын анализдей турган болсок, алдын ала тандоого ылайыкташтыргандай экени байкалууда. Талапкерлер ошондой көзөмөлдөн өтүп, депутат болуп, андан кийин деле ошого жараша ишмердигин жүргүзсө керек. Буга чейин депутат болгондор деле айтып жатат, депутат болуп ким барбасын, ким катуу сүйлөсө деле, чийинден чыкса деле баары бир бийлик тарбиялап алат дегендей мааниде айтып жатышат. Бийликке каршы бир альтернатива сунуштаган парламент болот деп айтуудан алысмын".
БШКнын маалыматына ылайык, арыз берген талапкерлерди каттоо 10-ноябрга чейин аяктайт жана ошол күндөн үгүт өнөктүгү башталат. Добуш берүү 30-январга белгиленген.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Шерине