Сөзсүз талапкердин шайлоо фондунан каржыланышы керек
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун маалыматында, 1-шайлоо округунда 18, 3-шайлоо округунда 14, 14-шайлоо округунда жана Бишкектин айланасындагы 20-21-округдарда 10дон көп жаран талапкер болуу ниетин билдирди.
Ага жараша үгүт иштери да эрте башталганы байкалууда.
Абдыжапар Бекматов үгүт иштери шайлоого 20 календардык күн калганда, 10-ноябрда расмий башталарын белгиледи.
Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет басылмаларда, социалдык тармактарда айрым талапкерлерге же шайлоого катышуу ниетин билдиргендерге колдоо көрсөткөн учурлар Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга каршы келерин эскертти:
"Жеке жак болобу, юридикалык жак болобу, массалык маалымат каражаттарыбы, интернет басылмаларыбы, блогерлер болобу же жөнөкөй эле жарандар болобу, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин мөөнөтүн так сактоого тийиш. Анын жол-жоболору дагы бар. Сөзсүз түрдө талапкердин шайлоо фондунан каржыланышы керек. Жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттары андай акысыз кызмат көрсөтүүгө укуксуз", - деди БШКнын төрагасынын орун басары.
Мындан улам Боршайком 15-октябрда блогерлер менен жолугушуу уюштуруп, шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланышкан эрежелер, мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө коюлган чектөөлөр, мыйзамдын нормалары жана үгүт жүргүзүү учурунда талапкерлер менен кызматташуу тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү берген.
Ал жолугушууга катышкан уролог, блогер Нурбек Моңолов буларды айтты:
"Блогерлер эгер бирөөлөрдү жарнама кылып калсак, сунушташы мүмкүн да эми, анда акысына болушу керек экен. Талапкер менен келишим түзүш керек экен. Кичинекей акчага болсо дагы келишим менен жасаш керек экен. Кааласаң бир сомго, кааласаң миллион сомго".
Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүлүшүн тескей турчу атайын жумуш тобу түзүлгөн. Анын курамында Боршайкомдун мүчөлөрү, журналисттер, көз каранды эмес эксперттер бар. Алар социалдык тармактарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет басылмаларды көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүп турат.
Учурда 15тен ашуун шайлоо алдындагы үгүттүн элементтери камтылган социалдык тармактардагы билдирүүлөрдү, интернет басылмаларындагы колдоолорду, кайрылууларды таап, аларды Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, прокуратуранын кызматкерлеринен турган БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жөнөтүшкөн.
"Физикалык жактарга 7,5 миң сом өлчөмүндө айып санкциялар же эскертүү берилиши мүмкүн. Эгер юридикалык тараптар болсо 28 миң сомго чейинки айып каралган. Ага болбой эле кайталанып, саясий партиянын өкүлдөрү мыйзамга шайкеш келбеген жосундарга барса, аларга дагы 20 миң сом, эгерде саясий партиянын атынан чыгып, мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзсө 65 миң сомго чейин айып санкциялары каралган", - деди Абдыжапар Бекматов.
Шайлоо маселелери боюнча эксперт Тагир Осмоналиев Боршайком алдында түзүлгөн жумуш тобунун бардык мыйзам бузууларды аныктоого алы жетпеши мүмкүн деп эсептейт:
"БШКнын чамасы, албетте, жетпей деле калышы мүмкүн. Бул жерден эми талапкерлер деле бири-бирин аңдып эле турат. Ар бири БШКга арыз менен кайрылышат. Бул жерден утат делген аттуу-баштуу, көрүнүктүү талапкерлерге көңүл бурулуп, карапайым талапкерлердики көрүнбөй деле калышы мүмкүн".
Ошол эле маалда учурда блогерлер мыйзамды айланып өтүп, айрым талапкерлерге колдоону кыйыр көрсөткөндү өздөштүрүп алышканын айткан Тагир Осмоналиев ар бир талапкердин шайлоо фондун жана ал аркылуу каржыланып жаткан үгүтчүлөрдү көзөмөлгө алуу маанилүү экенин билдирди:
"Блогерлер дейбизби, ошол социалдык тармактын колдонуучулары деле юридикалык жактан жакшы эле түшүнүктөрү бар. Алар ошондой постторду чыгарып жатканда жашыруун үгүт кылып, колдоп жатышат. Талапкер тараптан чыккан ар бир иш-аракет ар бир сомуна чейин ошол шайлоо фондунан сарпталышы керек. Үгүт иштерине аралашып, штабда иштеп жаткандарынын баарынын келишимдери барбы, алардын маянасы ошол жактан берилип жатабы же чөнтөгүнөн эле төлөп жатабы, баарына көңүл буруш керек да".
Эске сала кетели, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 30-октябрдын саат 18:00үнө чейин аяктайт. Бул жолу шайлоо жаңы кабыл алынган мыйзам менен өтүүдө.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева шайлоочулар бир гана талапкерге добуш берүүгө укуктуу экенин айтууда:
"Бир округдан үчтөн депутат шайланат. Бирок шайлоочу өзүнүн добушун бир гана талапкерге бере алат. Мисалы, бир округдан 10 же 15 талапкер койсо, шайлоочу ошол талапкерлердин арасынан бирөөнө гана белги коё аларын билиши керек".
Депутаттыкка талапкерлигин койгон жарандар 25 жашка толгон, жогорку билимдүү, мурда соттолбогон, мамлекеттик тилди билген, акыркы беш жылдын ичинде өлкө аймагында жашаган кыргыз жараны болушу талап.
"Көп байкоо жүргүзүлбөй калат"
"Жарандык платформа" коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекова парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө чукул жана мажоритардык система менен өткөрүлүп жатканына байланыштуу талапкерлер жана шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштери көбүрөөк жүргүзүлүшү керек деп эсептейт:
"Мисалы, азыр айымдар үчүн квота киргизилди. Үгүт кампаниясы башталганда Боршайком ушул маалыматты башка талапкерлерге түшүндүрүүгө басым жасашы керек. Анткени кийин мандат таратканда башка жыныстагы талапкерлер "эмне үчүн мен көп добуш алсам, менден аз алган башка жыныстагы талапкерге мандат берилди" деген көп түшүнбөстүк жаралат. Менин оюмча, 30 пайыз эле жаңы депутаттар келет. Калгандары ошол эле эл өкүлдөрү келет деп ойлойбуз".
Айнура Усупбекова парламенттик шайлоого көз каранды эмес көзөмөл, байкоо жүргүзгөн жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын саны аз болорун дагы эскертти:
"Мисалы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан келе турган эксперттер процесске толук катыша албай калат. Анткени буларга даярданганга дагы мөөнөт болушу керек. Мындан улам сын-пикир айта турган эл аралык эксперттер аз болот. Андан сырткары, билесиздер, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам чыгарылгандан кийин алар жоюлуп кеткен. Ошол дагы бир кемчилик деп айтсак болот. Анткени көп байкоо жүргүзүлбөй калат".
Мына ушундай кооптонуусун билдирген эксперттер шайлоодогу ыктымал мыйзам бузууларды аныктоо, ачык-айкындыкты камсыздоо жагы кандай болот деп чочулап турушат.
"Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз"
Бийлик мындан ары Кыргызстанда шайлоо таза өтөрүн убада кылууда. Президент Садыр Жапаров бул үчүн бардык шарт түзүлгөнүн белгилеп, зарыл болсо көзөмөлдү өзү жүргүзөрүн айтты, шайлоочуларга кайрылып, добуштарын сатпоого чакырды:
"Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар. Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз".
Президент мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого аралашпоого чакырып, айыл өкмөт баштаган ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге кайрылып, шайлоого аралашса кызматтан эле кетпей, жазаланарын эскертти.
30-сентябрда БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун календардык планын кабыл алды. Өнөктүк мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан бардык шайлоо иш-чараларынын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды.
Ага ылайык, бул саясий иш-чарага катышууну каалаган партиялар шайлоо дайындалгандан кийин үч календардык күндүн ичинде Боршайкомго арыз бериши керек. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 30-октябрга чейин уланат. Талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу 2-ноябрда аяктайт, аларды каттоо 10-ноябрда жыйынтыкталат.
Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган, мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек болчу.
Быйыл 28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет.
Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орундагы талапкер келет.
Мажоритардык шайлоо системасы менен өткөрүлүп жаткан бул шайлоодо 90 депутат 30 округдан шайланат. Ар бир округдан шайлана турган үчтөн депутаттын бирөө башка жыныстан болушу керек. Тагыраагы, эки эркек, бир аял же эки аял болсо бир эркек жаран.
Шерине