Милиция дарыгерге каршы арыз түшкөнүн, “майда бейбаштык” беренеси менен иш козгоп, сот үч суткага камоо чечимин кабыл алганын ырастады.
Окуя 9-июлда Улуттук госпиталдын кулак, мурун, тамак оорулар (ЛОР) бөлүмүндө болгон. Нөөмөттөгү дарыгердин жардамчысы, ординатор Бообек Сооронбеков мурдунан кан токтобой келген бейтапка жардам бергенин, бирок анын жакындары ага кол көтөрүп, кийимин айрыганын билдирип жатат:
“Башы менен үстүңкү эрин жагыма сүздү. Мага ал күтүүсүз болду. Кичине оозеки айтыш болуп кетти. Бирок мен эч кимди сөккөн эмесмин. Жарым сааттан кийин опер кызматкери келип, «силерди РИИБге алып барабыз, үстүңүздөн арыз түштү» деди. «Эмне үчүн?» деп сурасам, майда бейбаштык, сөгүнгөн сөздөр менен сүйлөө беренеси менен дешти».
Райондук ички иштер башкармалыгында Бообек Сооронбеков башы айланып, кускусу келип, өзүн начар сезгендиктен "Тез жардам" кызматы аны ооруканага алып кеткен.
Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Эсенбаевдун айтымында, ординатордун мээси чайкалган, азыр абалы туруктуу:
«Акыбалы азыр салыштырмалуу канааттандыраарлык, орточо. Нейротравматологияда мээси чайкалып, бетинен жаракат алып жатат».
Ординатор 11-июлда Биринчи май райондук сотуна чакырылып, аны 3 суткага камакка алуу чечими чыгарылганын кошумчалады:
«Аппеляциялык арыз жазууга 10 күн берген жок. Дароо эле камакка алсын деп токтом чыгарды. Бирок мен ошол учурда Нейтравматология бөлүмүндө бейтап катары дарыланып жаткам. Негизи мени чыгарып кеткенге укугу жок болчу. Атайын кармоочу жайга мени алып баратышканда абалым кайра начарлап, "Тез жардам" чакырганга мажбур болдум. Алар мени кайра Нейротравматологияга алып келди».
Дарыгерге каршы арыз жазган Сезим Азизбек кызы өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү жарыялап, Бообек Сооронбеков жаман сөздөр менен урушуп, ага кол көтөргөнүн билдирген:
«Ординатор Сооронбеков Бообек Юсупович орой мамиле жасап, коридордон чыгуумду талап кылды, апамды түртүп, бизди тилдеди. Мен бөлүм башчыдан жардам сурадым. Сооронбеков мага жакын келип, опузалап коркутту. Мен өзүмдү коргоо үчүн аны түртүп жиберсем, ал колума бир нече жолу чапты. Атам мени коргоюн дегенде жаңжал чыгып кетти».
Көп узабай Сезим Азизбек кызы билдирүү тараткан аккаунтун жаап койгон. Аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок. "Азаттык" алардын дагы пикирин угууга даяр.
«2025-жылдын 9-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын №5 шаардык милиция бөлүмүнө А.С. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ооруканалардын биринде медициналык кызматкерге карата чара көрүп берүүнү суранган. Медициналык кызматкер аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коомдук тартипти бузду деген билдирүүсү менен кайрылып, чара көрүүнү суранган. Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн тарабынан ал жаран дароо аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык, протокол түзүлүп, райондук сотко жеткирилген. Райондук сот тарабынан ал жаранга карата 3 суткага камакка алуу чечими чыгарылган», - деп жазылган милициянын маалыматында.
Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынын тескөөчүсү Алмаш Бекбоева ординатор Бообек Сооронбеков да мага кол көтөрдү деген негизде арыз жазганын, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын кордундусунун жыйынтыгы менен медициналык кызматкердин денесине келтирилген зыян аныкталып, ага тиешеси бар жарандардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде караларын билдирди:
«Медициналык кызматкер ошол арыз жазган тараптын үстүнөн арыз менен кайрылган. Ал күч колдонуп, денеме залал келтирди деп билдирген. Арыздын негизинде медициналык кызматкерге соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертизанын корутундусу күтүлүүдө. Жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет».
Кыргызстандагы дарыгерлердин кесиптик кошуунунун жетекчиси Бермет Барыктабасова соңку учурларда ак халатчандарга кол салган учурлар көбөйүп жатат деп айтууда:
«Улуттук жана облустук бириккен ооруканалар мамлекеттик коргоодогу объектилер. Ал жакта бардыгы тартип менен болушу керек. Медициналык кызматкерлерди, башка оорулууларды, балдарды видео, сүрөткө тартууга эч кимдин укугу жок. Анткени ал корголгон объект. Ал жерде тынымсыз видео көзөмөл жүргүзүлөт жана ал адилеттүүлүк үчүн колдонулушу керек. Тескерисинче эмес. Ошол видео азыр кайда? Ал укук коргоо органдары тарабынан алынып, жашыруун турат. Мындай болбошу керек эле».
Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Эмилбек Эсенбаев кызмат учурунда бейтаптардын жакындарынан жапа чеккен дарыгерлер жыл сайын ооруканага түшүп турарын ырастады:
«Жылына болжол менен 4-5 киши түшөт. Көбүнчө "Тез жардам" кызматынын фельдшер, дарыгерлери».
Кыргызстанда ошол эле учурда медкызматкерлерге карата нааразылык да көп айтылат. Төрөтканаларда, ооруканаларда, менчик клиникаларда иштеген айрым ак халатчандардын туура эмес диагнозунан, туура эмес дарылоосунан жана кайдыгер, шалаакылыгынан адам өмүрү кыйылган учурлар байма-бай катталып турат, коомдо мындай окуялар үчүн дарыгерлерди күнөөлөгөндөр арбын. Айрыкча мамлекеттик бейтапканалардагы шарттын жоктугу да сындын борборунда.
Мамлекеттик бейтапканалардын кызматкерлери болсо айлык акынын аз экенине нааразылык билдиришкен. Дарыгерлик Кыргызстандагы эң аз төлөнгөн кесиптердин бири.
Өлкөдө жумуш учурунда дарыгерлерге агрессиялык маанайда кол салган учурлар да бир нече жолу катталды.
Ал тапта Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жамааты билдирүү таратты. Анда жамаат Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылып, окуяны бейтарап текшерип берүүнү өтүнгөн.
Шерине