Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

"Жүрөгү жакшы иштебей калды деп жазыптыр". Жаш дарыгердин өмүрүн алган операция


Элдос Турсунбеков.
Элдос Турсунбеков.

Бишкекте жеке клиникада сакал эктирүү үчүн операция жасатып жаткан маалда 30 жаштагы хирург Элдос Турсунбеков күтүүсүз каза болгон. Маркумдун жакындары дарыгер күмөндүү жагдайда көз жумганын айтып, укук коргоо органдарынан окуяны дыкат териштирип берүүнү талап кылууда.

Элдос Турсунбеков өзү да жеке клиникалардын биринде флеболог болуп иштеген. Жакындары анын дени-карды соо болгонун айтып, өлүмдүн себеби боюнча тергөө жабык жүрүп жатканына нааразылыгын билдирүүдө.

"...Ушунчалык баласаак бала элең го жаркылдаган, баарына дос болгон", - уулунун сүрөтүн көргөн сайын көз жашы куюлган эне улам-улам анын кыял-жоругун эстеп, сыздап отурат. Элдос уулдарынын эң кенжеси эле.

Беш күндөн бери уулуна куран окутуп келгендердин, жакындарына көңүл айткандардын аягы суюла элек.

Элдос Турсунбековдун жакындары
Элдос Турсунбековдун жакындары

30 гана жашында өмүрү үзүлгөн флеболог дарыгер бир катар өлкөлөрдөн билим алып келген. Ал ординатурада окуп жүргөндө эле Бишкекте жана Орусиянын Казан шаарында операция жасай баштаган жана анын дээрлик баары ийгиликтүү болгон.

Орусиянын эң тажрыйбайлуу флеболог адистеринен окуп үйрөнгөн жаш дарыгер жакында эле үй-бүлөсү менен мекенине кайтып келген экен.

Жакындарынын айтымында, ошондон бери клиникада түнөп, жанын сабап иштеп жүргөн. Бейтаптарга кам көрүүгө, жаңы бир нерселерди үйрөнүүгө дайыма умтулуп турчу.

Үч жашар уулуна атасы кайда экенин түшүндүрө албай, ичи эңшерилип турган жубайы Перизат Өмүракунова:

Перизат Өмүракунова
Перизат Өмүракунова

"Уулум бир гана жолу атам жумуштабы деп сурады. Андан кийин такыр сүйлөбөс болуп калды. Болбосо, быдылдап сүйлөгөн бала эле. Кечинде жуунтуп жатканда атасы келип, экөө тамашалашып чер жазышчу. Ошондой учурда атам кайда деп сурады. Мени ток уруп кеткендей эле болду".

Элдос 8-майда эртең менен ата-энеси менен болуп, 9-майды кандай майрамдоону талкуулашкан. Андан кийин жумушка кетип, ошол эле күнү сакал эктирүү үчүн операцияга бармак.

Каргашалуу операция

Элдос намаз окучу. Апасы уулу, мүмкүн, шариятка ылайык сакал койдурууну самап жүргөндүр деп боолгойт. Жакындарына Түркияда иштеп келген тажрыйбалуу таанышы тууралуу айтып калчу экен.

Анын мындай операциядан чыкпай калары ата-энеси үч уктаса да түшүнө кирбей турган каргашалуу окуя болуп калды. Элдос 8-майда кечки саат алтыларга жакын үзүлгөн.

Атасы Болотбек Мамбеталиевдин айтымында, уулуна жалпы наркоз эмес, операция жасала турган жерине эле ооруну сездирбей турган дары сайышкан.

Болотбек Мамбеталиев
Болотбек Мамбеталиев

"Биз эч нерсе билбей, күтүп отурабыз. Алар "Тез жардам", милиция чакыртыптыр. Анан сөөктү моргго алып кетет экен. Ал жерден бир медайым таанып, баламдын досуна айтыптыр. Райондук милицияга балдарымдын бири барса "каза тапкан Элдостун туугандары келди" дешет. Эмне үчүн бизге кеч айтышат? Жашыруун тергөө дешет? Дароо ачыгын айтпайт? Менин оюмча, булар документтерди даярдап, убакыт чоюшат. Менин суранарым, так изилдеп берсин! Кагазында жүрөгү жакшы иштебей калды деп жазышыптыр. Мурун андай проблемасы болгон эмес. Биздин оюбузча, булар туура эмес сайып алышкан бир нерсени".

"Азаттыктын" журналисттери Элдоско операция жасалган менчик клиникага барды. Операция кылган дарыгер ал жерден ижарага бөлмө алып, жардамчысы экөө иштеп жүргөн экен. Муну ошол жайдагы кызматкерлердин бири айтып берди.

Клиниканын дарыгери окуя боюнча комментарий берүүгө даяр дешкен. Бирок алар кайра байланышка чыкпай койду.

Элдос 14-майда кесиптештери менен Ош шаарына барууну пландап жаткан. Ал жакта бейтаптарга бир апта бою кеп-кеңеш берип, операция жасамак.

Анын иш бөлмөсү дагы деле жабык турат.

"Элдосту күткөн бейтаптары бар эле..."

Элдос менен чогуу иштеген дарыгерлер кесиптешинин өлүмүнө ишене албай нес болуп турушат.

"Ал ушул жерде кеп-кеңеш берчү. Кандай гана бейтап болбосун, баарынын тилин тапчу. Бейтаптар ага дайыма ыраазы болушар эле. Жакшы сөзүн аячу эмес", - деди кесиптеши Мадинахон Салиева.

Чогуу иштеген дагы бир кесиптеши, флеболог дарыгер Наби Ниязов:

"Элдоссуз кыйын эле болуп калды. Биз региондорго такай чогуу барчубуз. Азыр эми кантип барам деп отурам. Элдосту чыдамсыздык менен күтүп жаткан бейтаптар бар эле. Эми мен аларга эмне керек болсо колумдан келген жардамды берем. Элдостун ар бир күнү жазылуу эле, экөөбүз жакын достордон болчубуз. Биз операцияларды дайыма чогуу кылчубуз, күнү-түнү бирге иштечүбүз. Анын дени-карды дайыма сак болчу, эч бир жерине даттанчу эмес, аллергиясы жок болчу. Биз муну текшергенбиз, анан калса ал жакында эле тишин жасаткан".

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул окуяны райондук милиция каттоого алып, кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин 14-майда маалымдаган.

ИИМ 15-майда "Азаттыкка" билдиргендей, бул окуяга байланыштуу кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренесинин негизинде козголду.

Учурда тиешелүү экспертизалар жүрүп жатканы маалым болду.

Кыргызстанда бейтаптар медициналык жайда каза тапкан окуялар буга чейин да катталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG