22-майда АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм өлкөдөгү гана эмес, дүйнөдөгү эски жана абройлуу университеттердин биринин тиешелүү сертификаты жоюларын билдирди.
Гарвардда билим алып жаткан чет элдик жарандар эми башка окуу жайларга өтүүгө тийиш, же болбосо АКШда жүрүү уруксатынан ажырап калат.
Маалыматка караганда, университетте былтыркы окуу жылында 7 миңге чукул чет өлкөлүк студент окуп жүргөн. Бул жалпы студенттердин 27% түзөт.
Ак үй Гарвард “зомбулукту, антисемитизмди козутуу жана Кытайдын коммунисттик партиясы менен байланыштар үчүн жооптуу деп эсептейт”, - деп билдирген Ноэм чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу, алардан көбүрөк киреше табуу – “укук эмес, артыкчылык” экенин кошумчалады.
Окуу жайдын жетекчилиги тараткан билдирүүдө “Гарварддын эл аралык студенттерди жана изилдөөчүлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууга аракеттенебиз. 140тан ашуун өлкөдөн келген адамдар университетти жана бул өлкөнү байытат”, - деп айтылат.
Гарварддын бүтүрүүчүсү Шамиль Ибрагимов окуу жай менен президенттик администрациянын ортосундагы тиреш бир нече убакыт мурун башталганын айтат:
- Тиреш Трамп администрациясы университеттин үстүнөн көбүрөк көзөмөл кылууну каалаганда тутанган. Алар жөнөткөн талаптарга университет макул болбой койгон. Администрация чечим кабыл алуу, айрым маселелерди жактырып же жактырбоо жараяндарына чейин кийлигишүүнү көздөгөн. Бул менчик университеттин ички документтеринде аныкталган позицияга каршы келет. Ооба, алар мамлекеттен акча алат. Бирок ошол каражат илимий изилдөө иштерине жумшалат. Изилдөөлөр - кайрымдуулук эмес. Тиреш күчөп отуруп, кийин Гарвард да сотко берген. Мунун бардыгы коомдон жашырылбай, ачык-айкын жүргүзүлдү. Эскалация күчөгөнү Трамп администрациясы кысым кылуунун рычагын, чет элдик студенттерге виза бербөө жолун тапты. Гарвард андай чечимди өзгөрттүрө албайт деп ойлойм. Бирок, менимче, бул иште чекит коюла элек. Ал критерийге 6800дөй студент жана изилдөөчү илингендиктен канчалаган киши арсар абалда калды. Алар же университетти алмаштырып же АКШдан чыгып кетиши керек. Мындай татаал абал көптөгөн кишини кыжалат кылды”.
Апрелдин ортосунда АКШнын Билим берүү министрлиги Гарвардга берилчү 2,2 млрд долларлык федералдык гранттарды убактылуу токтотуп койгон. Анын алдында Гарвард министрликтин “студенттер менен кызматкерлердин көз караштарын текшерүү” өңдүү айрым талаптарын аткаруудан баш тарткан.
Мисалы, "америкалык баалуулуктарга жана институттарга кас мамиледеги" студенттердин университетке кабыл алынышын алдын алуу үчүн атайын система иштеп чыгуу сунуш кылынган. Ошондой эле антисемитизмге жана жек көрүүнүн башка түрлөрүнө шектелген программаларды текшерүү талабы коюлган.
Гарвард баш ийбей койгондо Трамп окуу жайдын салык жеңилдиктери жоюлуп, чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу укугунан ажыратылары менен коркуткан.
Вашингтон администрациясынын чечими студенттери кеп болгон окуу жайда билим алып жаткан өлкөлөрдүн реакциясын жаратты.
Германиянын Тышкы иштер министрлиги немис студенттеринин кызыкчылыктары америкалык өнөктөштөр менен талкууланарын билдирди.
Кытайдын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Мао Ниндин жума күнкү билдирүүсүндө өлкө өз студенттеринин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоору айтылат. Расмий өкүл АКШнын аракеттери өз аброюна жана имиджине таасир этери калетсиз экенин, тараптардын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы эки өлкөгө тең пайда алып келерин белгиледи.
Гарвардда окуган чет өлкөлүктөрдүн бештен бир бөлүгүн кытайлык жарандар түзөт.
Баса, башка чоочун студенттердей эле бүдөмүк абалда Бельгиянын 23 жаштагы каныкеси, болочок каныша Елизавета да калды. Падыша Филипптин тун кызы быйыл магистратуранын биринчи курсун аяктады.
Шамиль Ибрагимов сөз болгон чечим университет үчүн чоң сокку болуп каларын кошумчалайт:
- Мисалы, Жон Кеннеди атындагы Мамлекеттик башкаруу мектебинде, менин баамымда, студенттердин 50-60% чет өлкөлүктөр. Алардын көбү акча төлөп окуйт. Албетте, Гарвард чечимди сотко арызданат, бирок андан майнап чыгабы деген суроо туулат. Сот системасы кантип өзгөрүп жатканын, соттор адискөйлүк эмес, лоялдуулук принцибине таянып дайындалганын көрүп келатабыз. Биз тарапта көптөн бери байкалып жаткан көрүнүштөр биз үчүн жаңылык эмес. Бирок академиялык мекемелер геосаясаттын инструментине айланып баратат деп ойлобойм. Менимче, бардыгы классикалык жол менен баратат. Белгилүү бир бийликтер академиялык институттарды жана интеллигенциянын добушун басуудан башташат. Себеби алар өлкөдөгү диссиденттиктин биринчи булагы болот эмеспи. Саясий илимдер боюнча окуу куралында сүрөттөлгөндөй кетип баратат. Гарварддын мисалын ушундай эле либералдуу университеттерди коркутуу үчүн пайдаланышат деп ойлойм”.
Айткандай эле министр Ноэм Fox News телеканалына берген интервьюда Гарвард америкалык башка университеттерге "эскертүү болуп калышы керек" деп айтты.
Соңку маалымат боюнча, 23-майда АКШнын федералдык соту Трамптын администрациясына Гарвард университетин чет элдик студенттерди кабыл алуу укугунан ажыратууга убактылуу тыюу салды. Мындай чечимин АКШнын округдук сотунун судьясы Эллисон Бэрроуз жарыялады. Ага ылайык, Ак үй иш сотто толук каралып бүткөнчө университеттин Student and Exchange Visitor Program (SEVP) программасын ишке ашырууга уруксат берүүчү документти жокко чыгара албайт. Трамптын администрациясы бул чечимге каршы арыздана алат.
Шерине