Американын абройлуу ЖОЖдорунун бири Нью-Йорктогу Колумбия университети Дональд Трамптын администрациясынын талабын аткарууга макул болду. Администрация университетти окуу жайдын ичинде антисемитизмге жол бергени үчүн сындаган.
400 млн доллар мамлекеттик каржылоодон кур калуу коркунучунан улам университет америка өкмөтүнүн тогуз талабын аткарууга макул болду. Ага ылайык, университеттин коопсуздук кызматынын жумушчуларынын санын көбөйтүп, аларга окуу жайдын шаарчасынын аймагында жүрүм-турум эрежесин бузгандарды камакка алууга уруксат берип, беткап тагууга тыюу салып, университеттин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча изилдөө жүргүзгөн департаменттеринин ишмердигине жооп берген куратор дайындоого тийиш.
Израил армиясынын ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикалдык тобунун Газадагы аскердик операциясынын фонунда Колумбия университетинде Израилге каршы маанай күч алган.
Нааразылык акциялары маалында еврей студенттер жагымсыз объекттерге айланганын билдиришип, кампустагы антисемитизмге жана өз коопсуздугуна тынчсыздануусун билдиришкен.
7-мартта Билим берүү министрлигинин башчысы Линда Макмэн 400 млн доллар суммасындагы келишимди жана грантты токтотуп жатып, университеттин администрациясы еврей студенттерин коргоо үчүн эч нерсе кылбаганын белгилеген.
Колумбия университетинин президентинин милдетин аткаруучу Катрина Армстронг өз билдирүүсүнда өзгөрүүлөр "окуу жана изилдөө иштерин үзгүлтүккө учуратпоого, кампусту ар бир студент, окутуучу жана кызматкер үчүн меймандос кылуу үчүн коюлган тапшырмаларды аткарууга" негиз болоруна токтолгон. Ал мындай чараларды еврей студенттерин кодулоого жана антисемиттик кыймылдарга байланыштуу тынчсызданууга жооп деп атады.
Өкмөттүн жеке университетке ультиматуму жана университеттин Трамптын администрациясынын талабына баш ийүү чечими бир катар укук коргоо уюмдарынын жана университеттеги бирикмелердин өкүлчүлүктөрүнүн тынчсыздануусун жаратты, алар өкмөттүн аракетин "сөз эркиндигине чабуул" катары баалашууда.
Университеттин сынчылары өз кезегинде америкалык ЖОЖдор көптөн бери кампустагы антисемитизмге көңүл бурбай калганын билдирип келишет.
Шерине