Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

АКШнын студенттик шаарчаларында Газага байланыштуу акциялар уланууда


АКШ. Студенттердин акциясы.
АКШ. Студенттердин акциясы.

АКШнын жогорку окуу жайларынын кампустарында Израилдин Газадагы операциясына каршы акциялар уланууда. 1-майда Лос-Анжелестеги Калифорния университетинде (UCLA) Израилди колдогон жана ага каршы маанайдагы демонстранттар ортосунда кагылышыуу болуп, полиция кийлигишкен. Ал жакта азыр полициянын ондогон машинасы күзөт жүргүзүүдө.

Нью-Йорктогу Колумбия университетинде палестиндерди колдогон студенттер тобунун акциясынан улам окуу жайдын иши үзгүлтүккө учуроо коркунучуна кептелип, шаршемби күнү ал жакка да администрация полицияны чакырган. Күч кызматкерлери демонстранттардын чатыр лагерин тазалап, ондогон кишини кармап кеткен

Студенттердин нааразылык акциялары эки апта мурда башталган. Ошондон бери, France-Presse (AFP) агенттиги кабарлагандай, АКШнын кеминде 30 жогорку окуу жайында студенттер чатыр тигип, Газадагы согушту токтотууну талап кылышты. Кармалгандар 1,5 миңден ашканын CNN билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер «Бул башаламандыкты анча көп эмес сандагы студенттер гана уюштуруп жатат деп эсептейбиз. Алар нааразылыгын билдиргиси келсе, ооба, америкалыктарда ошондой укук бар. Алар протестин мыйзам чегинде, тынч билдире берсе болот», — деп журналисттерге билдирген.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп полициянын Колумбия университетиндеги аракетин колдогон билдирүү жасаган. Ал «Сонун көрүнүш болду. Нью-Йорктогу мыкты көрүнүш. Ар бир коллеждин президентине айтарым – чатыр лагерлерди тез арада жок кылдыргыла, радикалдарды жеңгиле, кампустарыңарды нормалдуу студенттерге кайтарып бергиле», — деп Висконсинде өткөн митингде айткан.

Палестиндерди колдогон акциялардын катышуучулары Газадагы атышууну токтотууну, Израил менен кызматташкан коргоо компанияларына инвестиция салуудан баш тартууну, АКШнын Израилге аскердик жардамын да токтотууну талап кылып жатышат.

Ал эми Израилди жактаган студенттер ХАМАС тобу (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган) Израилден былтыр октябрда кармап кеткен адамдарды алигүнчө барымтада кармап турганын, Израилдин дарегине айтылган айыптоолор жөөттөргө каршы (антисемитизм) ураанга айланып, алардын коопсуздугуна коркунуч жаратып турганын айтышты.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 34 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG