Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

"Базар баасы кымбаттады". Цемент тартыштыгына эмне себеп?


Кыргызстандагы цемент заводдорунун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы цемент заводдорунун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика министрлиги өлкөдө "цемент тартыш болуп жатканын" ырастады. Ушу тапта базарларда цемент жетишсиз болуп, баалар өсүүдө.

Кыргызстанда жылдык керектөө 6,5 млн. тонна деп айтылып келет. Анын 5 млн тоннасын өлкө өзү өндүрөт. Калган керектөөлөр кантип жабылат? Тартыштыктын себеби эмнеде?

4-майдан тарта Кыргызстанда, өзгөчө Бишкек менен анын тегерек четинде цементтин тартыштыгы байкалууда. Алдын ала алып койгон буйрутмасын күтүүсүздөн токтотуп жаткан бетон заводдордун биринин өкүлү Нурбек кечке маал кардарына цемент заводдордун жеткирүүсү үзгүлтүккө учураганын кабарлады.

“Шаар боюнча цемент жок болуп жатат. Заводдордун көбүндө жок. “Терек-Таш” деген жаңы завод ачылбады беле, ал 15-майга чейин ремонтто экен. Кант цемент заводу болсо жетишпей атыптыр. Ал мамлекеттик ипотекалык компанияга берип, жеке компанияларга көп бербей жатат”.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин маалыматына караганда, цементтин тартыштыгынын пайда болушуна Кеминдеги “Терек-Таш” заводунун 4-майдан тарта оңдоо иштерине жабылышы түрткү болгон. Бул завод өткөн жылдын сентябрь айында эле курулуп бүтүп, ишке киргизүү аземине президент Садыр Жапаров өзү барып катышкан болчу. Жаңы заводдун жарым жыл өтпөй кайра оңдоого жабылышынын себептери белгисиз.

Мындан улам базарларда цементтин баасы мүшөгүнө 150-200 сомго чейин өсүп кетти.

Бир жумадай уу-дуудан кийин цементтин баасы кайра турукташып баратканы кабарланууда. Антимонополия агенттигинин ырасташынча, Кыргызстан боюнча Кызыл-Кыя цементинин орточо баалары 440 сом болуп жатат (50 килограмдык мүшөктө). Араван цементи 459 сомдон, “Синьжи-Пирим” болсо, 370 сомдон сатылууда. Ал эми Кант цемент заводунуку 550 сомдун тегерегинде сатылып жатат.

“Бир гана Кызыл-Кыя заводунда баа 10-20 сомго чейин көтөрүлгөн. Калган цемент заводдордо дүң баалар өзгөрүлгөн эмес, буга чейинки бекитилген баасында эле сатып атышат”, - деп ишендирет Антимонополия агенттиги.

"Цемент жок деп бааны көтөрүп коюшту"

Агенттик баанын кымбатташына керектөөнүн көбөйүшү себеп болгонун, ошол эле маалда ортодогу жеткирүүчүлөр бааны көтөрүп жиберген учурлары катталганын билдирүүдө.

Деген менен, цементтин баасы заводдун өзүнөн көтөрүлүп жатканын кардарлар кабарлап жатышат. Дагы бир бетон заводдун өкүлү Адилет цементтин тоннасын мурдагыдан 2500 сомго кымбат түшүрүп жатышканын айтат.

“Мурда цементтин тоннасы 7000 сомдон түшүп аткан болсо, азыр 9500 сомдон түшүп атат. Цемент жок деп бааны көтөрүп коюшту. Же Казакстандан цемент киргизишпейт. Жеке компанияларга аз эле, күнүнө 120-130 куб эле берип жатышат. Негизинен мамлекеттик ипотекалык компанияга, Ош базар, стадиондордун курулушуна кетип жатат”.

Кыргызстанга цемент адатта Казакстан менен Өзбекстандан импорттолот. Кыргызстан 2024-жылы 526 миң тонна цемент импорттогон, ага чейинки жылдары 340 миң тоннадан келчү. 2025-жылдын январь-февраль айларында 80 миң тоннадан ашуун импорт болуп, мурунку ушул мезгилге караганда 3,2 эсеге өскөн.

Министрлер кабинети 31-мартта ички рынокту коргоо жана атамекендик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн алты айга цемент импортун чектеген чечимин чыгарган. Арадан бир ай өткөндөн кийин өлкөдө цемен таңкыстыгы коомдогу көйгөйлөрдүн сап башына чыкты.

Мындан улам Министрлер кабинети 12-майда чектөөнү кайра алууга мажбур болду. Өкмөт мындай чечим 4-майдан тарта өлкөдө жаралган цемент тартыштыгын жөнгө салып, бааны турукташтырат деп күтүп жатат.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жөнгө салуу тармактары башкармалыгынын жетекчиси Бейше Сатыгулов азыркы күндө базарлар менен соода түйүндөрүндө кошуна өлкөлөрдөн цемент келип түшө электигин билдирди. Ал импортко кайра уруксат берилгендиктен, жакынкы мезгилде рынокто цемент кайра көбөйөт деп ишенет.

“Темир жол транспорту аркылуу буга чейин Казакстандан күнүнө 12 вагон ташылып келип аткан. Ар бири 70 тоннадан болгондо, күнүнө 800 тоннага чейин келчү. Азыркы учурда Казакстанда дагы Жамбыл жана Алматыдагы цемент заводдорун оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, күнүнө 6-7 вагон (300-400 тонна) жөнөтүп атышат. Апрель айынын башында Министрлер кабинетинин токтому менен автотранспорт аркылуу ташууга чектөө коюлган болчу. Кечээ ошол чектөөнү алып койгондугуна байланыштуу, бүгүнкү күндө Өзбекстандан дагы келиши күтүлүп жатат. Өзбекстан менен Казакстандан автотранспорт менен ташуу жөнгө салынып калса, рынокто таңкыстык болбойт, баалар төмөндөйт”, - дейт Бейше Сатыгулов.

Сатыгуловдун айтымында, бүгүнкү күндө Кант цемент заводу кошумча өндүрүш цехтерин куруп жатат. Ал курулуп бүтсө, дагы 400 миң тоннага чейинки кубаттуулук кошулат. Анда Кыргызстан өзү 6 млн тоннага чейин өндүрүп, жергиликтүү керектөөнү толук камсыздай алат.

“Курулуш материалдары тартыш”

Экономика министрлиги белгилегендей, учурда жергиликтүү заводдордо өндүрүлгөн цементтин көпчүлүк бөлүгү ипотекалык турак-жайларга, стадион, социалдык объекттер өңдүү мамлекеттик долбоорлорго артыкчылыктуу негизде кетип жатат.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов Кыргызстан тез арада цемент менен өзүн камсыздоого жетишиш керек деп эсептейт. Ал курулуш материалдары боюнча импортко көз карандылык турак-жайлардын баасын кымбаттатып жатканын айтат.

“Медалдын эки тарабы бар – “соцобъекттерди курушубуз керек, ипотекалык турак-жайларды көбөйтүш керек” деп айтып жатканыбыз менен, экинчи жагынан цемент өзүбүзгө жетишпейт экен да. Азыр курулуш материалдары аябай көйгөй болуп жатат. Курулуш компаниялары менен сүйлөшүп жатам, алар аябай кыйналып атышат. Эгерде курулуштун темпи мындан көбөйсө, цемент такыр эле жетпей калышы мүмкүн экен. Рынок ушуну көрсөтүп жатат. Бул чоң бизнесмендерге дагы коңгуроо. Азыр курулуштан дагы, алгач курулуш материалдары менен камсыздашыбыз керек экен. Тартыштык дагы жогорку чегине жете элек го деп ойлоп жатам. Июнь-июлдарга барып бетон жумуштары мындан да көбөйсө, тартыштык дагы өсөт го. Курулуш материалын чыгарбасак, каяктан курабыз? Бардыгы импорт болсо, ошонун айынан курулуштун баасы да кымбаттап, батирдин чарчы метрине таасир кылып калат. Жеке болобу, ипотека болобу кымбат түшүп калат. Азыр цементтен тышкары кыштын деле тартыштыгы байкалып жатат. Башка көптөгөн заманбап курулуш материалдарында деле импортко көз карандыбыз. Батирлердин баасынын асмандап кетишинин себеби деле – курулуш материалдары көбүнчө импорттолгондуктан болуп жатат. Ошол эле материалдарды бул жерде өндүрсөк эки эсе арзан болушу мүмкүн”.

Учурда Кыргызстанда беш ири цемент заводу иштейт. Алардын үчөөсү түштүк тарапта – “Кызыл-Кыя цемент заводу”, “Араван цемент заводу” жана “Синьжи-Пирим” цемент заводу бар. Ал эми түндүк тарапта – Кемин районундагы “Терек-Таш” жана “Кант цемент заводу”.

Антимонополиянын расмий маалыматтарына ылайык, ушул беш заводдун өндүрүү кубаттуулугу жылына 5,5 млн тоннага жетет. Соңку кездери курулуш жумуштары күчөгөндүгүнө байланыштуу, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан үйлөрдүн, мамлекеттик социалдык объектилердин курулушу жана жаз мезгилинен баштап курулуш иштеринин жанданышынын негизинде өткөн жылдарга салыштырмалуу керектөө көбөйгөн. Ушуларды эске алганда, соңку кездердеги цементке болгон керектөө 6,3 млн тоннага чейин жетет.

Аравандагы цемент заводу (“Южный комбинат строительных материалов” ЖЧКсы) менен Кеминдеги “Терек-Таш” цемент заводу Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык. “Синьжи-Пирим” цемент заводу парламенттин дагы бир депутаты Улан Примовдун атасы Бердибай Примовго катталган. Кызыл-Кыя цемент заводу (“Түштүк-Кыргыз цемент” ЖАКы) менен “Кант цемент заводуна” чет элдик инвесторлор ээлик кылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG