Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

Кара-Сууда Жолдошованын тарапкерлери чогулуп, президентке кайрылышты


Жылдыз Жолдошованын талапкерлери чогулду. 2025-жылдын 6-декабры.
Жылдыз Жолдошованын талапкерлери чогулду. 2025-жылдын 6-декабры.

6-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында парламент депутаттыгына талапкер Жылдызкан Жолдошованын тарапкерлери чогулушту. Алар акциясы тууралуу "Азаттыкка" кабарлап, видеосун жөнөтүштү.

Видеодон колуна "Жылдыз Жолдошовага берген добушубуз сакталсын!", "Адилеттүүлүк талап кылабыз!" деген жазууларды кармап турган жыйырма чакты кишини көрүүгө болот.

Алар президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Жолдошова элдин колдоосу менен добуш алганын, аны шайлоочулары колдогонун айтышты. Жолдошова арбын добуш алган №5249 жана №5514 тилкелердин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин акыйкаттык менен карап, жокко чыгарууну өтүнүштү.

Аймактык шайлоо комиссиясы Интернетте тараган чуулгандуу видеонун негизинде эки тилкенин жыйынтыгын жокко чыгарганын Жолдошова 5-декабрда айтып чыккан жана ал видео Ысык-Көлдө, башка округда тартылганын, №8 округга тиешеси жоктугун билдирип, өлкө жетекчилигинен калыс териштирүүнү суранган.

№8 шайлоо округунун №5249 жана № 5514 добушканаларынын жыйынтыгын аймактык комиссия жокко чыгарганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 5-декабрдын кечинде Фейсбуктагы баракчасына жазган. Орунбеков буга аталган округдагы №5249 шайлоо тилкесинде болду деп жарыяланган видео себеп экенин билдирген.

Жолдошова БШКнын расмий чечими чыга электе президенттин администрациясынын маалымат катчысынын мындай билдирүүсү жарыяланышын "шайлоого административдик кысым" деп сыпаттаган, Орунбеков ага жооп бере элек.

Бул видеону чынында ким, кайсы жерде, качан тартып, жайылтканы тууралуу азырынча тийиштүү органдардан расмий комментарий жок.

Аталган аймактык комиссиянын төрагасы Мамыт Молдобаев “Азаттыкка” 6-декабрда комментарий берип, маселени социалдык тармактардагы материалдардын жана айрым талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын арызынын негизинде ыкчам аракеттенүү тобу карап чыкканын айтты:

"Бул топко Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу райондорунун укук тартибин коргоо органдарынын башчылары мүчө. Алар материалдардын баарын карап, ушул эки шайлоо тилкесиндеги добуштарды жокко чыгаруу сунушун берди. Биздин округ ишти карап, алардын берген сунушун колдоду”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы №8 округ боюнча маселени жумуш тобу 7-декабрда карай турганын билдирди.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 30-ноябрда өткөн. БШК шайлоодогу одоно мыйзам бузуулар катталганы үчүн 13-шайлоо округунун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо жарыяланарын билдирген. Мурдагы талапкерлер кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. (DSh/ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG