Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Еврокомиссия Илон Маскка таандык X соцтармагына айып пул салды


Илон Маск
Илон Маск

Еврокомиссия жума күнү америкалык миллиардер Илон Маскка таандык X (мурдагы Твиттер) соцтармагына 120 млн евро айып пул салды. Буга Xтин Евробиримдиктин санарип коопсуздугу мыйзамдарын бузганы себеп экени белгиленди.

Бул жакында күчүнө кирген мыйзамдардын ири онлайн-платформага каршы иштеген алгачкы учуру.

Еврокомиссиянын өкүлү билдиргендей, X соцтармагына доомат андагы жарнама тармагынын ачык эместигине, зарыл маалыматтар берилбегенине жана аккаунтту ишке киргизүү тартибине коюлган. Расмий чечим контент жүргүзүү маселесине байланыштуу болбогону айтылды.

Еврокомиссиянын чечимине каршы чыккандар муну соцтармактын саясатына кийлигишүү, анын колдонуучуларынын сөз эркиндигин чектөө аракети катары сындашты.

Илон Маск чечимди комментарийлеген жок. Бирок Еврокомиссиянын чечимин айыптаган бир нече билдирүүнү бөлүштү. Алардын ичинде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жана мамлекеттик катчы Марко Рубио да бар.

Вэнс Евробиримдик "болбогон нерсе үчүн" америкалык компанияны айыптагандан көрө сөз эркиндигин коргосо болмок деп жазды.

Рубио чечимди "америкалык IT-платформаларга жана америкалыктарга чет өкмөттөрдүн чабуулу" деп баалап, АКШ америкалык жарандардын интернетте цензурага кабылышын көтөрө албасын кошумчалады.

Еврокомиссиянын чечимин Орусиянын өкүлү Кирилл Дмитриев да сындап, АКШны колдоду.

АКШ президентинин администрациясы мурдараак Евробиримдиктеги санарип коопсуздук мыйзамын америкалык компанияларга - ири соцтармак ээлерине каршы курал болорун айтып сынга алган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG