Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:34

Ыргал Кадыралиева ага мандат бербөө аракети көрүлүп жатканын айтты


Жогорку Кеңештин депутаттыгына №9 шайлоо округунан талапкер болуп, аялдар арасынан алдыга чыккан Ыргал Кадыралиева 6-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылып, айрым тилкелердин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин калыс териштирүүгө көмөк сурады.

Анын айтымында, 1-декабрда Өзгөн шаарында №9 округдук шайлоо комиссиясында ыкчам координациялык топтун отуруму болуп, №5039, №5040, №5041, №5050, №5054, №5548, №5577 тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушу берилген. 2-декабрда аймактык комиссия жогоруда аталган тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

"Чечимди кабыл алууда жарандардан жана талапкерлерден түшкөн 27 арызды негиз кылышкан. Бирок №5548 жана №5040 боюнча бир да арыз түшпөгөнүнө карабастан шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарышкан. Бардык арыздарда добуш сатып алуу жөнүндө айтылып жатат, демек, укук коргоо органдары тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, процессуалдык чечим кабыл алынуусу зарыл болгон. Андай чечим кабыл алынганга чейин шайлоонун жыйынтыгын жок кылууга эч кандай негиз болгон эмес. Аталган участкалардагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу мага мандат бербөөгө багытталганы ачык көрүнүп турат, себеби менин гана жыйынтыгыма терс таасирин тийгизди", - деди Кадыралиева.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) да, аймактык комиссия да бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек.

Боршайкомдун сайтындагы соңку маалыматка караганда, Кадыралиевага добуштардын 3,50% (1402 добуш) тийген.

5-декабрда президенттик администрациянын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукка шайлоодон кийинки айрым чечимдер тууралуу жазган. №9 округ тууралуу ал "Массалык мыйзам бузуу, добуш сатып алуу жана шайлоочулардын добушун мажбурлаган көрүнүштөр орун алган №9 округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелеринин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылды" деп жазган.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн. Өлкө боюнча түзүлгөн 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келет.

(RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG