Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:08

Орусия Украинаны 700дөн ашуун дрон жана ракеталар менен аткылады


Киев облусуна жасалган чабуулдун кесепети. 6-декабрь, 2025-жыл.
Киев облусуна жасалган чабуулдун кесепети. 6-декабрь, 2025-жыл.

6-декабрдын таңында Орусия Украинага дрон жана ракеталар менен чабуул жасаганын украин Куралдуу күчтөрү жана маалымат каражаттары билдиришти.

Негизинен бутага энергетикалык объекттер алынды. Чабуулдан Киев, Львов облустарындагы энергетикалык объекттер жабыркаганы, Ровно шаарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланды.

Киев облусундагы Фастов шаарында чабуулдан улам темир жол бекети кыйраганын Украинанын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Маалыматта үч адам жабыркаганы да айтылды.

Одессада "Шахед" дрондорунун чабуулунан энергетикалык объект жабыркаганын облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Кипер маалымдады.

Украин тараптын маалыматына ылайык, Орусия жалпысынан 700дөн ашуун дрон жана ракета менен аткылады. Анын 615и жок кылынды. 29 ракета - X-101, "Искандер-К", "Калибр" жана дагы бир "Искандер-М" баллистикалык ракетасы атып түшүрүлдү.

Москва 2022-жылдын февралынан бери Украинадагы мектептерге, ооруканага, турак жайларга жана башка жарандык объекттерге абадан сокку уруп келет. Чабуул боюнча далилдер арбын болгонуна карабай жарандык инфраструктураны бутага алганын четке кагат.


Шерине

XS
SM
MD
LG