Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Эркиндик, укук, "Социал-демократтар". Европарламенттин кооптонуусу, Бишкектин жообу


Садыр Жапаров менен Мунир Сатури.
Садыр Жапаров менен Мунир Сатури.

Президент Садыр Жапаров Европарламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин делегациясын кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укуктарын коргоо, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана башка мүчөлөрүнүн камалышы боюнча сөз болгону маалымдалды.

Делегация башчысы, Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури Кыргызстанда жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Президент Жапаров Кыргызстандагы эркиндикке жана демократияга баа берүүдө өлкө бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын белгиледи.

Президент жана спикер менен жолугушууда эмнелер айтылды?

Европарламенттин Адам укуктары комитетинин төрагасы Мунир Сатури жетектеген делегация Бишкекке 25-февралда келип, 26-февралда аларды президент Садыр Жапаров кабыл алды.

Президенттик администрация тараткан маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Кыргызстан бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын айтып, бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турарын белгилеген.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Эл аралык коомчулуктун активдүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда. Буга байланыштуу аталган резолюцияларды даярдоодо Европа тарап кыргыз тараптан түшүндүрмө же кошумча маалымат сурабаганы таң калтырат", - деди мамлекет башчысы.

Администрация тараткан маалыматта Европарламенттин депутаттары жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына, "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрүнүн камалышына байланыштуу тынчсыздануу билдиргени да жазылган.

Жолугушууга Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев, башкы прокурор Максат Асаналиев да катышканын көрүүгө болот. Маалыматта жазылгандай, алар Европарламенттин депутаттарына "Социал-демократтар" партиясына байланышкан иш тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров аталган иш боюнча "айрым саясатчылардын ишмердигине байланышкан майда маселелер кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тоскоол болбошу керек" деп айтты.

Мунун алдында Европарламент комитетинин делегациясы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен да жолугушкан. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы Европарламенттин депутаттары өлкөдөгү адам укугуна, сөз эркиндигине байланышкан жагдайларга токтолушканын кабарлады.

Тургунбек уулу кыргыз парламентинин депутаттары өлкөдөгү бардык маселелер боюнча ачык оюн айтып, каалаган пикирин билдире аларын белгилеген:

Нурланбек Тургунбек уулу.
Нурланбек Тургунбек уулу.

"Андан тышкары, эл өкүлдөрү дайым ачык-айкын иш алып барып, бардык жыйындар, анын ичинен тармактык комитеттердин жана фракциялардын отурумдары түз эфирде көрсөтүлөт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү парламенттин ишине тоскоолдуксуз катышат, коомчулукка да ар дайым эшигибиз ачык. Мындай мүмкүнчүлүк дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө да чанда кездешет".

Президенттик администрация жана Жогорку Кеңеш тараткан маалыматтарда Европарламент депутаттарынын сүйлөгөн сөздөрү цитата катары берилген эмес.

Алар өздөрү да азырынча Бишкектеги жолугушуулары боюнча комментарий бере элек.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Мунир Сатури Садыр Жапаровду "коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча жетишкендиктери менен куттуктаганы, Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинен Венеция комиссиясынын сунуштамаларын толук аткарып, демократия жана адам укуктарын коргоо принциптерине берилгендигин көрсөтүп жатканын өзгөчө белгилеп өткөнү" жазылган.

"Ал ошондой эле жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Европарламенттин депутаттары "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрүнүн биринин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун да белгилешти", - деп кабарлады Жапаровдун басма сөз кызматы Мунир Сатуринин айткандары боюнча.

"Бул бийлик үчүн белги жана андан жыйынтык чыгарышы керек"

Европарламенттин депутаттары президент жана спикер менен жолугушканга чейин кыргызстандык активисттер жана журналисттер менен да баарлашкан. Андай жолугушуулардын бирине медиа эксперт Семетей Аманбеков катышкан.

Анын айтымында, делегация Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укугу боюнча суроолорду узаткан:

Семетей Аманбеков.
Семетей Аманбеков.

"Журналисттер, активисттер менен да жолугушуп жатат. Бизден көз карандысыз медианын жагдайын сурады. Азыр Европа Борбор Азия менен чоң келишим түзүп жатат. Анын санариптештирүү жана жашыл экономика боюнча эки пункту бар. Биз дал ушул эки тармакты өнүктүрүү үчүн сөз эркиндиги, журналисттер керек экенин айттык. Анткени коррупция болуп кетиши толук мүмкүн да. Биз ушулар жөнүндө сүйлөштүк. Аягында делегация бул маселелер боюнча кыргыз бийлигине да, Европарламентке да сунуштарды бере турганын айтышты".

Былтыр жыл аягында, декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана "Социал-демократтар" партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу резолюция кабыл алган. Документте өлкө демократия жолунан тайганы жазылган. Ошондой эле аталган уюм менен расмий Бишкектин ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоого чакырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Еврошаркеттин дооматтарын четке кагып, бул резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Европарламенттин Кыргызстанга сапарынан ириде кыргыз бийлиги жыйынтык чыгарышы керек деп эсептейт:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

"Европарламенттин Кыргызстанга көңүл бөлүп, атайын бизге келип жатканы Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги оор абалда экенинен кабар берет. Адатта алар бардык эле өлкөгө бара бербейт. Эгерде кайсы бир мамлекетте абал кескин начарлап кетсе, анда иликтегенге, таасир эткенге, кеңеш бергенге аракет кылышат. Эмнеге алар Тажикстанга, Өзбекстанга жана Казакстанга барбайт? Анткени алар ал жакта абал башынан начар экенин жакшы билишет. Ал эми Кыргызстан демократиялык дүйнө үчүн үмүт берген өлкө эле. Тилекке каршы, ошол эркиндик маселеси, куугунтук күчөп кеткенден кийин бизге келип жатат. Бул жакшы көрүнүш. Биздин бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары үчүн бул аябай чоң билдирүү жана белги. Эми Кыргызстан боюнча отчет жазылып, аны Европарламент карайт. Дагы резолюция кабыл алып, аны демократиялуу дүйнөгө жайылтышы мүмкүн".

Равшан Жээнбеков Европарламенттин депутаттары Кыргызстандагы бардык тараптар менен жолугуп, чыныгы кырдаал боюнча ар тараптуу маалымат алууга аракет кылып жатканын айтты.

"Социал-демократтардын" ишине "жашыруун" грифи коюлду

“Социал-демократтар” партиясы Европарламент делегациясынын Кыргызстанга сапарынын алдында камактагы лидери Темирлан Султанбековдун ишине “жашыруун” деген гриф коюлганын, мындан кийин соттук териштирүү жабык өтөрүн билдирип жатышат.


Азыркы учурда “добуш сатып алууга” айыпталган партиянын төрагасы Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер камакта. Мындан тышкары “Социал-демократтарга” тиешеси бар делген бир нече адам улам сурак берип жатат.

Мисалы, аталган партия менен Бишкек шаардык кеңештеги шайлоого катышкан Сталбек Акматов 26-февралда суракта болду. Партия өкүлдөрү ал дайынсыз болуп жатканын айтышкан, кийин сурактан чыкканы кабарланган.

Партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев "Азаттыкка" буларды айтты:

“Делегациянын келерине 12 саат калганда "Социал-демократтарга" байланыштуу ишке толугу менен “жашыруун” статусун берип салышыптыр. Себебин түшүндүрүшкөн жок. Ишти жабык караганга эч кандай негиз жок болчу. Иште абдан көп мыйзам бузуулар бар. Мисалы, Темирлан Султанбеков талапкер болгонуна карабай кармалып жатат. Мына ушундай фактылардын сыртка чыгып кетүүсүнөн чочулашат”, - деди Атамбаев.

Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган. Өздөрү мунун артында "саясий максат" турганын айтып, айыптоолорду четке кагып келишет.

Аларга Бишкек шаардык кеңешине шайлоону утурлай Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон жана көп өтпөй партия шайлоодон четтетилген.

26 жаштагы Темирлан Султанбеков кармалган күндөн тартып нааразылык катары саясий ачкачылык кармап, 100 күндөн кийин токтотту.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG