Фракциянын лидери Динара Ашимова Айжигитов «Ыйман Нурунун» саясий позициясына туура келбеген ойду айтканын билдирди. Айжигитовдун айткандары Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары сынга алып, парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу "Кабар" агенттигине маек курду.
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында Баткен районундагы Достук айылы жана Ворух анклавы боюнча билдирүү жасаган эле.
Сессиядагы билдирүү, фракциянын чечими
“Ыйман Нуру” фракциясы 5-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, андагы беш депутаттын үчөө - Динара Ашимова, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева Айжигитовду “Ыйман Нурунан” чыгарууга макул деп добуш берген. Ал эми Замирбек Мамасадыков калыс болсо, Султанбай Айжигитов өзү каршылыгын билдирген. Ошентип көпчүлүк добуш менен Айжигитов фракциядан чыгарылды.
"Ыйман Нурунун" лидери Динара Ашимова бул чечимди мындай деп түшүндүрдү:
“Султанбай Айжигитов фракциянын саясий позициясына туура келбеген ойду айтты. Себеби, биз концепцияны (ред: чек арага байланыштуу) талкуулаган учурда Султанбай Айжигитов: “Толук колдойм. Менин сунуштарым кабыл алыныптыр” деп сүйлөгөн. Депутат ар бир сөзүн анализ кылып туруп сүйлөш керек. Регламент боюнча саясий позицияны биз менен макулдашып туруп сүйлөө керек болчу. Ошондуктан "фракция ичиндеги тартипти бузду" деп фракциядан Султанбай Айжигитовду чыгардык”, - деди Ашимова.
Депутат Айжигитов фракциянын чечимине комментарий берүүгө даяр эместигин билдирди.
Айжигитов 2000-жылдан тарта бир нече жыл Баткен облусунда ар кандай кызматтарда иштеп, эки жолу облустун губернатору болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңешке “Ыйман Нуру” фракциясы менен шайланып келген.
Ал Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында Баткендеги Достук айылын алмашуу чечимин туура эмес деп эсептей турганын айтып чыккан:
“Ворух анклавына коридор ачууга тоскоолдук кылган эки эле нерсе бар болчу. Биринчиси – Достук айылы. Тажиктер “Достук айылын толугу менен бизге бергиле” деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып коюп атабыз. Биз үчүн Достуктун стратегиялык мааниси – ошол коридорго жол бербей турганы. Андан тышкары чек араны ошол жерде жашап жаткан эл коргоп турат”.
Айжигитовдун мындай билдирүүсүнөн кийин Улан Примов, Кундузбек Сулайманов, Балбак Түлөбаев, Аккулу Бердиев, Саидбек Зулпуев баштаган бир топ депутаттар сөз алып, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча бийликтин аракетин колдош керектигин айтышты.
Мисалы, Кундузбек Сулайманов Айжигитов 27-февралда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу чечимди колдогонун эске салып, кайра пикирин өзгөртүп жатат деп сындады.
"Төрт жыл губернатор болуп иштеп, анан төрт метр жерди чечпей... Анан төрт жылдан бери убара болушуп, биз жактан 30дай адам, тажик тараптан 30дай адам комиссия болуп иштеп чыгышкан. Өзү ушул жерден ыраазы болуп, "мен айткан маселелер эске алыныптыр" деп айтып алып, анан кайра сүйлөгөнү ушундай", - деди Сулайманов.
Айжигитов билдирүү жасаган 5-марттагы жыйынга төрага Нурланбек Тургунбек уулу катышкан эмес. Вице-спикер Жамиля Исаева алып барган.
Спикер кийинчерээк кыргыз-тажик чек арасы боюнча "Кабар" агенттигине маек куруп, кесиптеши Айжигитовдун айткандары тууралуу да комментарий берген.
"Эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес. Тескерисинче Баткенден алыс жайгашкан, Тажикстандын чек арасына чапташып турган айыл. Алар деле Самонион же Хожало айылдарыбыз стратегиялык мааниге ээ айылдар дей беришсе жарашат да. Ошондуктан эки тарап тең уттурган жок. Теңме-тең чечилип келгенин Камчыбек Кыдыршаевич комитеттин жыйынында түшүнүктүү кылып айтып берди. Түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбегендер сүйлөй берет экен да. Стратегиялык деп Төрт-Көчөнү айтсак болот. Азыр Төрт-Көчөгө КВО макамы берилип, нейтралдуу болду. Мына ушуну чоң утуш десек болот", - деди Тургунбек уулу.
- Кыргыз парламентинин тарыхында кайсы бир депутатты фракциядан чыгарган учурлар болуп келген. Мисалы, 2017-жылы ошол учурдагы бийликтин саясатын сындаганы үчүн Жанарбек Акаев КСДП фракциясынан чыгарылган. 2024-жылы “Бүтүн Кыргызстан” депутат Айгүл Айдарованы фракциядан чыгарган. Мындай учурда депутат ишмердигин уланта берет же башка фракцияга мүчө болуп алууга да укугу бар.
Достук кандай айыл?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин чогуу жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берип, Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга берилгенин, ордуна Тажикстандан 91 гектар суулуу жер жана үйлөр үчүн кенемте катары дагы 30 гектар жер алынганын айткан.
"Биз Достук айылын жаңыдан куруп чыкканбыз, Достук айлында биздин жаңыдан курулган үйлөр бар, чек ара бекетибиз бар, аны да кошуп берип атабыз, ушуга компенсация кылып бересиңер” деп шарт коюп, 30 гектар жер алдык. Менимче, үйлөрдү бузса, курса боло берет, бирок жер баасыз экенин билесиздер. Ошондуктан 30 гектар жерди суулуу жерден, Кара-Бак айылынын жанынан алдык. Ошол элди ал жерге көчүрүп, мамлекет тарабынан Достук айылынын элине ар бирине кайрадан үй салып беребиз".
Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган. 2022-жылы чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулган. Социалдык мекемелер, мектеп, баары жаңыланган.
Өкмөт Достуктун тургундарын көчүрүү боюнча үч вариант сунуштады
Баткенде 4-мартта Достук айылынын тургундары менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту.
Жолугушууда Орунтаев аталган айыл тургундарын көчүрүп чыгуу боюнча үч вариант сунушталып жатканын айтты.
Айылдыктарга же толугу менен акчалай кенемте төлөнүп, алар каалаган аймактан үй алып чыгып кете алышат же Баткен шаар четине план менен айыл кайра курулат, же, каалашса, мурдагы жашаган жерине жакын Кызыл-Бел айылынын четине кайрадан типтүү айыл курулат.
Орунтаев айыл үйлөрү, толук инфратүзүмү менен мамлекеттин эсебинен куруларын белгиледи.
Бул маселени чечүү үчүн бир жума убакыт берилгенин Достук айылынын тургундары билдирди. Жергиликтүү тургундардан атайын топ түзүлүп, кайсы сунуш ыңгайлуу, кайсы жерге көчүү, кенемте жана жер үлүштөрү боюнча талкуулайт. Жакынкы күндөрү бул маселе боюнча дагы жыйын болору айтылды.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Чек аранын такталбаганы буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатакка себеп болгон. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болуп, адам өлүмү менен коштолгон окуялар катталган.
Шерине