Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

"Соода алаканы 500 миллионго чыгарабыз". Кыргыз өкмөт башчысынын Тажикстанга сапары


Адылбек Касымалиев жана Кохир Расулзода. Дүйшөмбү, Тажикстан. 4-март, 2025-жыл.
Адылбек Касымалиев жана Кохир Расулзода. Дүйшөмбү, Тажикстан. 4-март, 2025-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйшөмбүгө иш сапары менен барып, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн соода алакасын жакшыртуу планы айтылды, президенттердин жолугушуусуна даярдык боюнча да сөз болгону кабарланды.

Касымалиевдин сапары кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларга жетишилген учурга туш келүүдө. Төрт жылдан бери эки өлкөнүн чек арасы жабык жана соода-сатык дээрлик токтоп турат. Буга чек арадагы куралдуу кагылышуулар себеп болгон эле.

Чек ара чечилгенден кийинки сапар

Кыргыз-тажик мамилесин солгундатып, сооданы кан буугандай токтоткон чек ара чатагынан төрт жыл өткөндөн кийин, 4-мартта Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды. Мунун алдында өткөн жума соңунда Жогорку Кеңештин алты комитети кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишимдин долбоорун жактырган.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Касымалиев менен Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзоданын жолугушуусу алгач өзүнчө, андан соң кеңейтилген форматта өткөнүн кабарлады. Жолугушууда Адылбек Касымалиев эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгына басым жасаган:

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эки тараптуу мамилелерди жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Тажикстан Республикасынын өкмөтү менен биргелешкен ишти улантууга бекем ниетин баса белгилегим келет”, - деген кыргыз өкмөт башчысы.

Адылбек Касымалиев Борбор Азиядагы эң ири долбоор деп саналган Рогун ГЭСине да барды. Өкмөт башчы Тажикстандын тажрыйбасы Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда чоң жардам бере турганын белгиледи:

"Рогун ГЭСин курууда топтолгон тажрыйба биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул жерде колдонулган технологияларды жана ыкмаларды изилдөө, албетте, өлкөбүздүн жана бүткүл региондун энергетикалык коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ Камбар-Ата- 1 ГЭС долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга жардам берет".

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода кыргыз-тажик кызматташтыгын жаңы деңгээлге алып чыгуу зарылдыгын белгилегени да жазылды. Азырынча Тажикстандын өкмөтүнүн сайтына жолугушуу боюнча эч кандай расмий маалымат чыга элек.

Ал эми кыргыз тарап Касымалиев менен Расулзоданын жолугушуусунда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттеринин Тажикстандын Кожент шаарында өтүүчү жолугушуусуна даярдык жөнүндө сөз болгонун да билдири.

Кошуна жайгашкан үч мамлекеттин башчысы Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев 31-мартта жолугушарын кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү кабарлаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев президенттердин жолугушуусуна чейин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу келишимдер да даяр болуп каларын айтууда:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Келишимди Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөрүүгө даярданып жатабыз. Ноорузда, же болбосо Орозо айынын бүтүшүнө тууралап үч президент жолугушат. Марттын аягында үч мамлекеттин ортосундагы тынчтык орнотуу процесси башталганы жарыяланат. Буга чейин үч өлкө бири-биринин чек арасын бир нече жолу жабышты. Эми аларды ачуу биз үчүн пайда гана алып келет. Анткени Тажикстан Кытай товарларын Өзбекстан аркылуу алып жаткан. Эми Кыргызстан аркылуу ташый баштайт. Мындан бажы төлөмдөрү бизге түшөт. Мунун пайдасы көп болот”.

Борбор Азиядагы суу жана мөңгү запасына бай саналган Кыргызстан менен Тажикстан Фергана өрөөнүндөгү чектеш аймактарында узак жылдар чек арасын тактай албай, арты кагылышууларга чейин жетти. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуу болгон. Ошондон бери чек ара жабык турган. Чек ара жана суу пайдалануу маселеси чечилип алса, карым-катнаш мурдагы калыбына келет деп күтүлүүдө.

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим, эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору колдоо тапкан.

Соода алаканы 500 миллионго чыгаруу аракети

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы соода алаканы 2030-жылга чейин 500 миллион долларга чыгаруу пландалганы да айтылды.

Эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү чек ара жаңжалына чейин, 2020-жылы 37 миллион долларга жетсе, 2024-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,6 миллион доллардай эле болгон.

Кыргызстан Тажикстандан жер-жемиш, курулуш материалдарын, пахта жибин алса, Тажикстан Кыргызстандан мунай заттарын, көмүр сатып алат. Азырынча эки өлкө ортодогу соода мамиленин көлөмүн беш жылдын ичинде кантип 500 миллион долларга жеткирери белгисиз болуп турат.

Кыргыз тарап Тажикстанда өндүрүлгөн товарларды Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына сатууда өткөрүүчү звено болуп берүүгө даярдыгын билдирген.

Экономика илимдеринин доктору Мирланбек Убайдуллаев чек аралардына ачылышы экономикалык жактан Кыргызстанга да, Тажикстанга да пайда экенин айтууда.

Мирланбек Убайдуллаев.
Мирланбек Убайдуллаев.

“Кыргызстанга жер-жемиш, курулуш материалдары кирет. Ошол эле учурда бизге терс таасирин тийгизе турган көрүнүш да бар. Мисалы, Тажикстан күйүүчү майды көп алат. Мындан улам Кыргызстанда тартыштык жаралышы мүмкүн. Ошентсе да экономикалык жактан алаканы жолго салып ала турган болсок анда эки өлкө саясий оюндарга барбай калышы мүмкүн. Чоң жаңжалдарга да алып келбейт. Экономика деген жакшы мамиленин көпүрөсү да. Ошондуктан экономикалык мамилени күчөтө бериш керек. Анын үстүнө тажик менен кыргыз мамилеге муктаж болуп турат. Кантсе да чек аранын ачылышы баары бир пайда”.

Мындан тышкары өкмөт башчылар энергетика тармагындагы кызматташтыкты, "CASA-1000" долбоорун ишке ашырууну, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда авиа каттамдарды калыбына келтирүүнү талкуулашты. Эки өлкөнүн бул максаттары качан ишке ашары так айтылган жок. Бирок ортодогу мамиле чек ара документтерине кол коюлуп, өткөрмө бекеттер ачылгандан кийин жандана турган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG