Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Баткен: Достук айылынын тургундары Чет-Булакка көчөт


Баткен.

Баткендин Достук айылынын элин Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Бийлик аларга үй салып, бардык шартын түзүп берүүнү убада кылды. Президент Жапаров чек ара маселеси кызыкчылыктарды эске алуу менен түбөлүккө чечилерин айтты. "Азаттык" Достук айылындагы эл менен жолугушууга катышты.

"Айылыбыздан чыккыбыз келбейт, бирок айла жок"

Айзадахан Бостонова Достук айылынын тургуну. Ал айылдаштары сыяктуу Баткен шаарына жакын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүүгө макул болду.

Айзадахан Бостонова
Айзадахан Бостонова

"Мен ушул жерде туулуп, ушул жерде окуп, ушул жерде жетилдим. Биздин айыл абдан жакшы айыл эле. Макул болбогонго айла жок, макул болуп калдык. Чоңдор ушундай деп чечим алган экен, ошолорго баш ийебиз. Өз айылыбыздан чыккыбыз келбейт. Мен таятамдын үйүндө турам. Таятамдын үй-жайы болчу".

Анын алдында бийлик өкүлдөрү Достуктун тургундары менен жолугуп, көчүрүү маселесин талкуулады. Анда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов көчүрүлүп жаткандарга мамлекет бардык шартын түзүп берерин айтты:

Айбек Шаменов
Айбек Шаменов

"Тоокканам бар эле, анан шиферим бар, отун-потун деген уят эле болот. Биз бардык шартты түзүп берип жатабыз. Үй салынып бүткөндөн кийин төшөктөрүңөрдү, кийимдериңерди алып, бул жерден ушул боюнча таштап чыгып кетесиңер. Калганы калат. Уят болот. Азыр барып эми теректериңерди кыйып баштасаңар".

Достуктун тургундары чек араны чечүүнү колдогону менен айылды таштап чыгып кетүү оңой болбосун да айтып жатышат:

Азипа Темирбаева
Азипа Темирбаева

"Эки балам иштеп жүрөт. Келин бул жерде, неберелерибиз бар. Айлабыз жок да башка. Айла жок тыгылып отурабыз да. Тиги үй да биздики. Баарыбыздыкы окшош үйлөр. Мурда үйлөрүбүз катта-катта болчу. Эми барган жерибизде, ал жакта кандай болот, ким билет? Кудайдын көрсөткөнүн көрөбүз да бешенеге жазганын", - дейт Достук айылынын тургуну Азипа Темирбаева.

"Үч-төрт ай ичинде үйлөр толук курулат"

Президенттин өкүлү Айбек Шаменовдун "Азаттыкка" айтымында, үй куруу иши жакынкы күндөрү башталып, үч-төрт ай ичинде элди көчүрүп чыгуу аяктайт:

"Үч-төрт айдын ичинде үйлөр толук курулат, ошону менен көчүрүп кетебиз Достук айыл тургундарын. Биз сунуштаган шарттарга элдин баары ыраазы болду. Өзүңөр деле катышып, көрдүңөр, эл ыраазы. Эмки жумада эле курулуш башталат. Алты айга калтырбай, үч-төрт айда курулуштар бүтөт.”

Облустук жетекчилердин айтымында, ар бир үй ээсине беш сотыхтан жер тилкеси бөлүнүп, өкмөт бардык шарты бар турак жай куруп берет. Жалпы 71 үй курула турганы белгилүү болду.

Мындан сырткары мамлекеттик актысы бар жер тилке ээлерине беш сотыхтан жер турак жай салуу үчүн берилет.

Ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлери үчүн Баткен районунун Кызыл-Бел айылынан 9 гектар жер бөлүнө турганы айтылды.

4-мартта Достук айылынын тургундары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жолуккан. Ал көчүрүп чыгуу боюнча үч вариант сунушталып жатканын айткан.

Айылдыктарга же толугу менен акчалай кенемте төлөнүп, алар каалаган аймактан үй алып чыгып кете алары, же Баткен шаар четине план менен айыл кайра курулары, же, каалашса, мурдагы жашаган жерине жакын Кызыл-Бел айылынын четине кайрадан типтүү айыл курулары сунуш кылынган.

Орунтаев айыл үйлөрү, толук инфратүзүмү менен мамлекеттин эсебинен куруларын белгилеген.

6-мартта Достук айылында өткөн жыйында эл ич ара акылдашып, сунуштарын бүт айтты. Жалпы талкуулагандан кийин аларга түзүлгөн шарттар, берилчү жайы, аянты жана башка маселелери кийин талаш жаратпай тургандай чечилсин деп макулдашышты.

Достук айылынын башчысы Адалат Айтбаеванын айтымында, эл көчүү сунушуна бир добуштан макул болду:

Адалат Айтбаева
Адалат Айтбаева

"Анан ар кандай суроолор болду. Калган өздөштүрүлгөн жерлер, башка жер аянттары боюнча маселелер көтөрүлдү. Ал экинчи этапта чечилмей болду. Негизи жакшы болду. Биз өзү Баткенге көчүп кетишибиз керек. Себеби, мен айыл башчы катары туура сөзүмдү айтсам, акыркы күндөрү элибиз да азайып калган. 35 үй-бүлө жашап калган. Элди жаман деп айтпайм, бирок мына, чогулуш дегенде, келип, бул жерде жашабагандар катышып жатышат. Мен аларды бул жерде көргөн эмесмин”.

Бийлик чек ара маселеси түбөлүк чечилип жатканын айтууда

27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын жарыялаган.


5-мартта бул маселе Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлгөн. Парламенттин борбордук трибунасынан сөз алган депутат Султанбай Айжигитов Достук айылын алмашуу чечимин "туура эмес" деп эсептей турганын билдирип, "сунушталып жаткан документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор аларын" айткан:

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

"Ворух анклавына коридор ачууга тоскоолдук кылган эки эле нерсе бар болчу. Биринчиси – Достук айылы. Тажиктер “Достук айылын толугу менен бизге бергиле” деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып коюп атабыз. Биз үчүн Достуктун стратегиялык мааниси – ошол коридорго жол бербей турганы. Андан тышкары чек араны ошол жерде жашап жаткан эл коргоп турат".

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы депутатты өз катарынан чыгарган. Фракция лидери Динара Ашимова Айжигитов "фракциянын саясий позициясына туура келбеген ой айтканын" билдирген.

6-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо келишимдери тууралуу “Кабар” агенттигине маек куруп, эки өлкөнүн чек ара маселеси түбөлүк чечилип жатканын белгиледи жана Айжигитовдун сөзүнө комментарий берип, ал "билип туруп манипуляция кылып жатканын" айтты:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык. Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык. Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатканын көрүп турабыз. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек".

Достук – Баткен шаарынан 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.

2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп, баары жаңыланган.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери тууралуу расмий Дүйшөмбү азырынча маалымат бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG