Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Адам укугу: Байсаловдун Женевадагы баасы, укук коргоочулардын сыны


Cөз эркиндигин коргогон марштын катышуучулары, 14-октябрь, 2022-жыл.
Cөз эркиндигин коргогон марштын катышуучулары, 14-октябрь, 2022-жыл.

24-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда "демократиялык принциптер сакталып жатканын" айтты. Жергиликтүү укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү кырдаалга башкача баа берүүдө.

Бийлик даңазалаган "чоң прогресс"

24-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевада өткөн кезектеги 58-сессиясынын алгачкы күнүндө Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөдү.

Кыргызстан бул кеңешке 2023-жылдан 2025-жылдын соңуна чейин мүчө болуп шайланган.

Байсалов өз кайрылуусунда кыргыз-тажик чек арасынын такталышы, Украинадагы жана Газадагы согушка карата Кыргызстандын позициясы тууралуу сөз кылып, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына токтолду.

Ал Кыргызстан адам укуктарын коргоого артыкчылык берерин айтып, бул үчүн жоопкерчилик мамлекетте экенин белгилеп өттү.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

“Адилеттүү, күчтүү жана эффективдүү өкмөт ар бир жарандын укуктарын коргоонун жана сактоонун негизи. Ошондуктан Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечкиндүү кадамдарга барып, мамлекеттик башкарууга, экономиканын өнүгүшүнө жана элдин ишенимине көптөн бери доо кетирген кылмыштуу түйүндөрдү жок кылды. Биздин аракетибиз натыйжа берип, институттарыбызды туруктуураак кылып, демократиябызга ого бетер дем-күч берди. Акыркы төрт жылда президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен Кыргызстанда экономикалык трансформация болду. Соңку үч жылда биз мамлекеттик кирешени үч эсе, ИДПны эки эсе көбөйттүк жана 9% экономикалык өсүшкө жетиштик. Мындай чоң прогресс жөнөкөй, бирок маанилүү чындыкты көрсөтүп турат. Күчтүү экономика өкмөткө өз жарандарын жакшыраак тейлөөгө, башкарууну жакшыртууга жана натыйжада адам укуктарын коргоону күчөтүүгө мүмкүндүк берет”, - деди Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары “Кыргызстан демократиялык принциптерге, анын ичинде сөз эркиндигин жана жарандардын тынч митингдерге чогулуу эркиндигин камсыздоого толук дилгир экенин” белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанды “ар кимдин үнү угулган, жарандык коому активдүү, атуулдары саясий жана коомдук талкууларга эркин катыша алган” өлкө деп сыпаттап, муну менен сыймыктана турганын кошумчалады.

Укук коргоочуларды кооптондурган чечимдер

Жергиликтүү укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү демократиянын жана адам укуктарынын абалына башкача баа берүүдө.

Укук коргоочу Рита Карасартова соңку төрт жыл ичинде Кыргызстанда адам укуктары жаатында өзгөрүүлөр терс нукка бурулганын айтып, буга Бишкектин бир катар аймактарында митинг өткөрүүгө тыюу салынганын мисал келтирди.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

“Үч жыл мурун Орусиянын элчилигинин алдына “согушту токтоткула” деп чыккан элек. Ошондон бери Кыргызстанда да тынч жыйындарга тыюу салынган. Үч жылдан бери ошол эреже өзгөрүүсүз бойдон калды. Утур жарым жылга, дагы жарым жылга деп созуп отуруп, соттун чечими менен биздин Конcтитуцияда белгиленген тынчтык митингин өткөрүү укугунан ажыраганбыз. Дагы бир биргелешип иш кылуу деген укугубуз бар эле. Аны да бизден алып коюшту. Бирикмелердин көбү жабылып, ишин токтотту. Анткени бириккендердин баарын эле “эл душманы” кылып жатышат. Анан, албетте, сөз эркиндиги төмөндөп кетти”.

Карасартова айтып өткөн Бишкекте митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнүн мөөнөтү быйыл январь айында дагы үч айга узартылган.

Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, Өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Муну бийлик өкүлдөрү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүргөн.

Бир ай мурда Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстанда бир катар жагдайларга, анын ичинде тынч жыйындарга тыюу салынганына тынчсыздануусун билдирген.

Докладдын авторлору “Кыргызстандын өкмөтү өткөн жылы журналисттерди, маалымат каражаттарын жана бийликти сындагандарды коркутуу жана басым-кысым көрсөтүү чараларын көргөнүн” белгилеп, абакка кесилген эки журналисттин ишин, күчүнө кирген же каралып жаткан жарандык эркиндикти чектейт делген мыйзамдарды мисал катары келтирген.

“Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы олуттуу маселе бойдон калууда. Бизди 2024-жылы болгон айрым окуялар тынчсыздандырат. Мен маанилүү үч-төрт мисалды белгилеп кетейин. Чет өлкөлүк өкүлдөр тууралуу мыйзам катуу камтама кылат, Кыргызстандагы жарандык коомго олуттуу тоскоолдук жаратат. БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары ал мыйзамга байланыштуу кабатырлануусун билдиргенин эсиңиздерге сала кетели. Башкача айтканда, Улуттар Уюму мыйзамдын көйгөй жаратуучу жагына олуттуу көңүл бурган. Экинчиден, орчундуу терс көрүнүш деп маалымат каражаттарынын ишмердигин чектеген кадамдарды атаса болот. Жогорку сот "Клооп медианы" жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырган. "Темиров LIVE" порталынын эки журналисти алты жана беш жылга түрмөгө кесилди”, - деп билдирген эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

11-февралда Эл аралык Transparency International (TI) уюму 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин жарыялаган. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн деп эсептелет.

Башкы кеңсеси Берлинде жайгашкан бул уюм рейтингди аныктоодо мыйзам үстөмдүгүнүн жана адам укуктарынын абалын да эске алат. Уюмдун Чыгыш Европадагы жана Борбор Азиядагы кырдаалды талдаган баяндамасында Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктарынын күчтөнүшү менен парламенттин көзөмөл функциясы алсыраганы белгиленген. Ошондой эле “чет элдик өкүл” мыйзамынын кабыл алынышы жарандык коомго басымды күчөткөнү, өлкөдө активисттер менен журналисттер бутага алынып жатканы жазылган.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Freedom House эл аралык уюму Кыргызстанды соңку төрт жылдан бери “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошуп келе жатат.

Кыргызстан бул уюмдун дүйнөдөгү эркиндиктин абалына көз салган индексинде 2009-жылдан бери Борбор Азиядагы жападан жалгыз “жарым жартылай эркин өлкө” деген макамын сактап келип, 2021-жылы “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулган.

Адам укугунун аныктамасы

Президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын башка расмий жетекчилери Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, авторитардык башкарууга жол берилбей турганын белгилеп, жарандык активисттердин, журналисттердин жоопкерчилиги жана тактыгы тууралуу маселени көтөрүп келишет.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Кыргызстан “адам укуктарынын классикалык түрүн” камсыздабаса да дээрлик бул жаатта жылыш бар экенин белгиледи:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

“Мүмкүн адам укуктарынын АКШ же Европа билдиргендей классикалык түрүндө өзгөрүү бар жана ал жакшы жагына эместир. Бирок адам укуктары ошол эле Азия өлкөлөрүндө башкача чечмеленип жатат. Ошондуктан адам укуктары тууралуу сүйлөгөндө адегенде аныктап алуу зарыл. Биз эмне тууралуу сөз кылып жатабыз? Мааниси эмне, мазмуну кандай? Менимче, азыр классикалык адам укуктары тууралуу күмөн жагдайлар жаралган учурлар болуп жатат. Ал эми мамлекет Конституцияга жазылган укуктарды кандайдыр бир деңгээлде камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле кезде такыр камсыз болбой калды, одоно бузулуп жатат деп айтууга негиз жок Кыргызстанда”.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG