- Саламатсызбы, Азиза айым, ден соолугуңуз жакшыбы? Өзүңүздү коопсуз сезип калдыңызбы?
- Саламатчылык, рахмат. Бир топ коопсуз сезип калдым азыр.
- Быйыл 2005-жылкы Март ыңкылабынын 20 жылдыгы, андан кийинки Апрель ыңкылабына, түштүктө кандуу булоонго айланган июнь окуяларына 15 жыл болот. Башыбыздан өткөн окуяларга саресеп салып анализдеп турбасак, келечекке сабак албай, каталарды кайталай беришибиз мүмкүн. Бүгүн сиз менен ошол окуяларды эскерип, өлкөгө, сиздин жеке тагдырыңызга кандай таасир эткенин сөз кылалы деп турабыз. Сиз 1990-жылдардан бери укук коргоочулук ишти аркалап келатасыз. Ушул ишке эмне болуп келип калдыңыз? Негизи кесибиңиз кандай эле? Укук коргоочу деген кесип эмес, тагдыр эмеспи.
- Ооба, туура айтасыңар. Жашоонун ыргагы, агымы менен келип калдым. Эсиңерде болсо керек, Союз таркагандан кийин эң биринчи эле кыйынчылыкка көп балалуу аялдар, чоң үй-бүлөлөр туш болду. Тагдырыбыз ошондой экен, бүт завод-фабрикалар токтоп, жумуш жок, эптеп жан бакмай жашоо болуп калды.
Мен өзүм Кыргызстандын түштүгүндөгү Майлуу-Суу шаарынан болом. Ошол жылдары Майлуу-Сууда да эл абдан кыйналган. Нан таппай калган убагыбыз болгон. Менин кичүү балдарым дал ошол кезде төрөлгөн эле. Абдан эле кыйналдык. Мага окшоп кыйналып жаткан аялдардын тагдырын көрүп, балким, мени укук коргоочулукка ошол нерсе жетеледи окшойт.
Бишкекке келгенде деле Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан балдарын жетелеп же бирөөгө таштап, эптеп бирдемени алып, кайра сатып жан бакмай аракетин кылып жүргөн аялдарды көрдүм. 1990-1996-жылдар эң оор болду.
Бишкекке мен 1996-жылы келдим. Өзүм Майлуу-Суудагы электр-механикалык техникумду аяктагам, кийин Томск шаарындагы Инженердик курулуш институтунда өнөр жай жана жарандык курулуш адистигин 1989-жылы сырттан окуп бүттүм. Бирок ал кесип боюнча бир күн да иштеген жокмун. Диплом алгандан кийинки учурда Союз урап кетти, окууну жаңы аяктаган мен эмес, көптөн бери иштеген инженерлерге да Кыргызстанда жумуш жок болуп калды.
- Каржалып кыйналган элди көрүп, канткенде жардам берем деп жүрүп укук коргоочулукту тандаган турбайсызбы. 2005-жылкы Март окуяларына 2002-жылкы Аксы окуялары чоң түрткү болгонун билебиз. Элге атылган ок, бийлик менен оппозициянын тиреши абдан катуу болгон эле. Саясий активист, экономист Шералы Назаркулов ачкачылык кармап отуруп каза тапкан. Сиз жанында болдуңуз эле. Назаркулов өлүп калышы мүмкүн деген кооптонуу бар беле? Бийлик кабардар беле жагдайдан?
- Назаркулов кайтыш болгон күнү 7-февраль эле. Ортодон 23 жыл өтүп кетиптир. Мен жарандык активизмге 1998-жылдан баштап аралашып калдым. Эсиңерде болсо керек, Барскоон окуясы болуп кетти. “Республика”, “Асаба” гезиттерине анча-мынча ыр, макалаларым жарыяланып турчу. 1998-жылы Замира Сыдыкова камалып калды. Биринчи жолу пикетке Сыдыкованы коргоп, анын кичинекей уулу менен кошо Башкы прокуратуранын алдына келген элем.
Аксы окуясы тууралуу айтсам, биз Үзөңгү-Куушту коргоп, ачкачылыкты 10-январда баштаганбыз. Азимбек Бекназаров камалып калды, ал Үзөңгү-Кууш маселесин көтөрүп жүргөн депутат эле. Ал камалып калгандан кийин аксылыктар Бекназаровду коргоп чыгышты. Биз Үзөңгү-Куушту коргоо комитетинин мүчөлөрү элек – Тоту Сыдыкова, мен, Клара Ажыбекова, Турсунбек Акун, Шералы Назаркулов, Дөөлөт Нусупов, төрагабыз Бегиш Аматов. Биз Үзөңгү-Кууш боюнча тынбай жолугушуп, Москвадан маалымат сурап, өтө көп материал чогултуп, ал Орусия падышачылыгынын убагында эле Кыргызстандын жери болгонун аныктаганбыз. Бирок ал кездеги бийлик бизге кулак салган эмес.
Ошол маселени көтөргөн Бекназаровду алып барып камап салган. Андан кийин саясий нааразылык күчөп, 10-январда башталган ачкачылыктын жетимишинчи күнүндө Аксыда адамдар митингге чыгып, жолдо бараткан жеринен атылып кетти.
Шералы Назаркулов ачкачылыкка 16-январда келип кошулду. Ошондон 2-3 күндөн кийин эле аялы уул төрөдү. Биздин абалыбызды карап, кан басымыбызды улам текшерип турган Кыдык деген дарыгер бар эле. Ачкачылыкты аябай катуу кармаганбыз, суу иччүбүз. Шералыны аялына барып кел дедик, ошол Кыдык чогуу барып, жанында болгон. Баарыбыз чогуу отуруп, уулуна ат койгонбуз Азимбек деп. Ошол Азимбек азыр 23кө чыгып калды.
- Назаркулов ачкачылык кармап отуруп 52ге чыкпай каза болуп калды , Үзөңгү-Кууш Кытайга өтүп кетти...
- Өттү ошол жылы 16-майда. Ошол күнү 90 адам камалганбыз. Экинчи жолу ачкачылыкты 10-майда баштап, 6-7 киши Жогорку Кеңештин алдына чыкканбыз. 16-майда Аскар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынына өзү келип катышып, бизди милиция атчан иттери менен келип кармап кетип. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына алып барып камап, Үзөңгү-Куушка добуш берилип, өтүп кетти.
Аксыда эл атылып кеткенден кийин жөө жүрүштөр башталды. Аксы–Таш-Көмүр–Ош, Аксы–Таш-Көмүр–Кара-Көл, Аксы–Таш-Көмүр–Бишкек болуп үч жолу улуу жөө жүрүш болду. Үчөөнө тең катыштым.
Айта кетчү нерсе, ооба, Аксыда эл атылып кеткенден кийин иликтөө иштери болду, бирок ошол кезде адвокаттар деле, өзүбүз деле көп нерсени билбей калыптырбыз. Балким, азыркыдай билимим, тажрыйбам болгондо мен Аксы иши боюнча башкачараак иштейт белем, көбүрөөк документ чогултат белем...
Аксынын соту жети жыл уланды. Жети жыл бою Аксыда өлгөн балдардын, жарадар болгондордун укугун тынымсыз коргоп, сотторго катышып жүрдүм.
- Ошол Аксы окуясы Аскар Акаевдин бийлигин кайсы бир деңгээлде алсыздандырды. Элдин нааразылыгы күчөп кетти. Ага чейин, өзүңүз айткандай, элдик гезит “Асаба” жабылып, алар “Агым” деген гезит чыгара баштады, “Республикага”, башка журналисттерге, саясатчыларга чабуул болду, “Азаттыкты” Кыргыз радиосунун каналдарынан өчүрүп, эл аны кайра ультра кыска толкундан уга баштады. Айтор, ошентип отуруп Аскар Акаевдин бийлиги парламенттик шайлоо өткөрүп, акыры өзүнүн уул-кызын парламентке алып келди.
- Ооба, Айдарды, Берметти парламентке алып келгенге аракет кылып туруп албадыбы. Элдин кыжырына тийгени - Акаевдин балдары бийликке умтулганы болуп калды. Университет 1-шайлоо округунан Роза Отунбаева менен Бермет Акаева экөө чогуу чыгып калышпады беле. Отунбаеваны шайлоодон себепсиз эле алып салышкан. Иши кылып, аябай эле куугунтук болуп, ансыз да кыжырданып турган элди ого бетер күчөтүп алды. Эсиңерде бардыр, Кочкордо эл боз үй тигип жол тосту, азыркы Садыр Жапаров да Түптөн коюп, ал жакта да эл боз үй тигип, жанында жол тосулду. Базар-Коргон жакта Текебаев коюп, аябай нааразылык болуп жатты. Ноокенде Дооронбек Садырбаев чыкты. Ал жактын баарына да биз барганбыз.
- Бирок ошол кезде парламентте, өзүңүз деле билесиз, оппозициячыл депутаттар Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Дооронбек Садырбаев ачык эле Аскар Акаевди сындап, “өкмөттүк саат” деп Апас Жумагуловду улам чакырып, жарга такап, ачык талаш-талкуу парламентте жана башка платформаларда болуп турчу. Азыркыдай сындап койсо эле аларды суракка чакырып, камап койгон болчу эмес.
- Чынында азыр оппозиция жок. Балким, оппозициялык көз караштагы бир-эки эле саясатчы болбосо, мисалы, өзүн оппозиция деген Адахан Мадумаров же Равшан Жээнбеков сыяктуу. Бирок булар бирден эле, жеке эле көз караш.
“Акаевге отставка, элге реформа” деген кыймыл түзүлгөн. Курамына 20 чакты аттуу-баштуу саясатчы кирген, арасында Апсамат Масалиев, Клара Ажыбекова, Замира Сыдыкова, Дооронбек Садырбаев, Ишенбай Кадырбеков, Алишер Абдимомунов, Алевтина Проненко бар эле.
- 2005-жылы март айында, өзүңүз билесиз, Жалал-Абадда башталды, андан кийин Ошто. Эл толкуп, облустук администрация имаратын басып алды. Сиз ошол жерде болдуңузбу? Биздин кабарчылар байбичелер, аксакалдар отурат деп жеринен маалымдап жатышты. Азыр кээ бир булактар USAID жана башка чет элдик уюмдар, элчилер “акча тараткан, уюштурган” деп жазып жатышпайбы. Ошондо силерге USAID акча берип, элди кыдырып келгиле дечү беле?
- Мен өзүм түштүктүн кызымын. Кайын журтум Майлуу-Суудан, ал эми Базар-Коргон өз төркүнүм. Кайындарым, төркүнүм толкуп турса мен кантип Бишкекте отуруп алам? Барып, Жалал-Абадда, кийин Ошто болдум. Ошто облустук администрацияны бошоткондо ичиндеги элди аябай уруп-сабап жаткан учурда ичинде болчумун. Жалал-Абадда да күч колдонуу болгон. Медер деген жигит бар эле, аларды Майлуу-Сууга алып кетип, катуу кыйноого алышкан ошол кездегилер. Ошто администрацияны бошоткондо көбү ооруканага түшкөн, арасында милициянын бөлүштүрүү жайындагы ур-токмоктон кийин энеден туума жылаңач бойдон, эс-учун жоготкон абалда жаткандары бар болчу. Базардагы элден акча чогултуп, ооруканаларды кыдырып, ошолорду издеп таап, кийим жеткирип жүргөнбүз. Мунун баары тарых, көбү азыр билбей деле калды.
20-мартка караган түнү милиция, аскер адамдары облустук администрацияны күч колдонуп бошотту, эртеси эле 21-мартта Нооруз күнү эл толкуп барып туруп, кайра басып алды. Эл толкуса жаман экен да, эл сел экен.
Колуна тийген милиция кызматкерлерин токмоктоп, ички иштер башкармалыктарынын ичине кирип, компьютерлерин талкалап баштаганда жалдырап элдин арасында жүрдүм: "Тийбегиле, мунун баары элдики" деп. Эл уруп-сабап жаткан милиция балдарды алардын колунан сууруп, канчасын өзүм таксиге салып жиберген убагым болду. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу Оштун ички иштер башкармалыгы мага ыраазычылык кат берген.
- 2005-жылы Ош, Жалал-Абадда башталган элдик толкундоо жайылып отуруп Бишкекке жетип, Аскар Акаевдин бийлиги кулатылды, ал өзү жакындары менен Москвага качып кутулду. Кийин дагы далай окуялар болду, бирок артка кылчайып карасак, Кыргызстанда бир кланды экинчи кланга алмаштыргандай эле окуя болуп калды. Курманбек Бакиев келип, дароо эле өзүнүн бир туугандарын, балдарын кызматтарга дайындап, журналисттерге: “Менин бир туугандарым, балдарым акылдуу болсо эмне кылайын, аларды иштетпей коёмбу” деп мыйыгынан жылмайып айтып жатканы эсимде. Айтор, 2005-жылкы март окуяларынан кийин 2006-2007-жылдары Бишкек тынчыган жок. Оппозициячыл депутаттар кайрадан үй-бүлөлүк клан келгенин айтып жатышты. Белгилүү саясатчыларды, аттуу-баштуу спортчуларды, башкаларды атып өлтүрүп, алар чак түштө өмүрүнөн айрылды. Журналисттерге куугунтук башталды. Атылып өлтүрүлгөндөрдүн айрымдары менен жакын белеңиз? Мисалы, Баяман Эркинбаев сиз менен сүйлөшчү беле, кандай окуялар болуп кетти ошол учурда?
- Мен элдин трагедиясы Акаевде эле деп катуу ишенип алган экемин. Акаев кетсе эле сонун жашоо келип калат деп ойлоптурмун. Азыркы менин өкүнгөнүм ошол – Акаевди Бакиевге алмаштыргандан кийин биз эч нерсе өзгөртө албадык. Акаевдин балдары саясатка умтулуп жатат дегенибиз менен Бакиевдики ошондой эле болду, мамлекеттик башкарууга түздөн-түз кийлигишип алышты. Бакиев менен алгачкы эки жылда абдан жакшы мамиледе жүрдүк – кабыл алчу, сөзүбүздү укчу. 2007-жылы Аксы окуясынын беш жылдыгында, мисалы, “Курманбек Салиевич, сиз Аксыга барышыңыз керек, элдин нааразылыгы күчөп жатат, аксылыктар бул жакка келебиз деп жатышат” дегенде берген кеңешибизди укчу.
Кийин, ыраматылык Медет Садыркулов администрацияга келгенден кийин эле ал акырын-акырындап президентти өзүнө менчиктештирип алгандай болуп калды. Садыркуловсуз президентке анча-мынча адам кире албай калды.
- Бирок саясатчыларды атып өлтүрүү ага чейин эле болду да. Дээрлик биринчи күндөн баштап.
- Бакиев бийликке келгенден кийинки эң биринчи курмандык Үсөн Кудайбергенов болгон. Жыргалбек Сурабалдиев атылып кетти. Баяман атылып кетти. Санжар атылып кетти. Менин өтө өкүнгөнүм, спортчу жигит Раатбек Санатбаев...
- Ондон ашык кишинин каны төгүлдү. Депутаттар, спортчулар. Ошолор эмне үчүн өлтүрүлдү деп ойлойсуз? Кээ бирөөлөр “күбөлөрдүн көзүн тазалоо”, 2005-жылдын Март окуясында көп нерсени билип, көрүп калган кишилерден арылуу болгон дешет.
- Үсөн Кудайбергеновду күбө катары көзүн тазалады. Ал абдан кадырлуу, тажрыйбалуу болгону үчүн көп материалдарды чогулткан. Көптү билгенинин курмандыгы болуп калды. Булар бийликти, бизнести, байлыкты, таасирди бөлүштүрө башташты. “Уюшма кылмыштуу топ” деп туруп көзүн тазалоо башталды. Ошол эле журналист Геннадий Павлюк...
Билесиңер, Дооронбек Садырбаев менин бир тууган бөлөм болот, ал мага “Азиза карындашым, Дооронбектин тууганы болом деп эч жерде айтпай жүр. Дооронбекке тууган болгончо душман болсоң жагасың азыркы бийликке” деп аябай өксүп ыйлаган эле Баяман өлгөндөн кийин.
- Медет Садыркулов, жанындагы эксперт Сергей Слепченко айдоочусу менен машинеде өрттөнгөнүн жарыялашты. Ага эл ишенген жок. Жол кырсыгы дегенге эч ким ишенген жок. Ошого чейинки өлүмдөр, коркутуп-үркүтүүлөр коомдук чыңалууну күчөтүп жиберип эл кекенип калды. Ошентип отуруп кайра нааразылык акциялары региондордо башталды.
- Садыркуловдун өлүмү боюнча ноокаттык бир жигитти кармашкан “Ауди” машинасы менен сүзүшкөндө авария болгон деп. Мен ошол бала менен бир жолугуп, сүйлөшүп калдым. Ыйлагандан башкага жарабады. Молдовановка айылындагы колонияда экен. Көрсө ал Орусия жакта иштеп, эжеси экөө кайтып келип, машинаны ошол күнү базардан сатып алган экен. Бул жигит машинаны минип Ноокатка кетмек экен, а эжеси кайра Москвага учуп кетиптир. Автобазардан Ноокатка кете турган бала кантип Аламүдүн районунда тээ адыр тоо арасында болуп калганы алигиче табышмак. Ушул бала 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан эки күндөн кийин сөөгү Молдовановканын бир бөлүгүндө арыктын ичинен чыкты. Колониянын ичинде жаткан бала кантип сыртка чыгып, өлүгү арыктын ичинде болуп калды? Ал да белгисиз.
Мурдагы муфтий Муратаалы Жуманов да киши колдуу болду. Ал ушул бала тууралуу билчү экен деген сөздөрдү кийин уктум. Бирок колумда анык материал болбоду.
- Өлтүрүлгөн кишилердин тергөө иши эмне менен бүткөнү да белгисиз. Көбү караңгы бойдон калып жатат. Бир кезде, балким, чыгар. Ошентип отуруп 2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келди. Курманбек Бакиев Беларуска качты. Тарыхый учур болду. Жүздөй жапжаш кырчындай жигит өмүрүн берди ошол жерде каны төгүлүп. Жараат алган дагы ондогон киши кийин каза болду, далайы майып болуп калды. Ошол тарыхый учурду пайдалангандын ордуна бийликке келген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кайра бийлик-байлык талашка түшүп калдыбы? Кандай деп ойлойсуз? Эмне үчүн Кыргызстандын келечегин көп жылдарга чейин аныктай турган тарыхый бурулуш учур толук пайдаланылбай калды?
- Апрель окуясына деле толук баа берилген жок. Анда да аябай мыйзам бузуу менен коштолгон окуялар көп болгон. Убактылуу өкмөт аны чечмелеп, укуктук баа бергенге алсыз болуп калды. Мен бир эле фактыны айтайын – Бишкекте, Таласта эбегейсиз көп курал-жарак катардагы элдин колуна тийип калды. Биз атайын изилдөө жүргүзүп, баяндамаларды жасаганбыз. Эл алып кеткен куралдын канчасы кайтарылды, канчасы кайтарылбай калды. Мындан кийин ошондой окуялар болуп кетсе элдин колуна курал-жарак тийбеши үчүн эмне кылуу керек деген маселе ачык бойдон калгандыктан Июнь окуясы болуп кетти. Анда да көптөгөн аскер жана милиция бөлүктөрүнөн курал-жаракты эл алып чыгып кетти. Бул да трагедия. Кан төгүүнүн, адам өлүмүнүн негизги себептеринин бири Убактылуу өкмөт коопсуздукту камсыз кыла албай калганында.
- Саясий туруксуздук болду, региондордо эл дагы эле толкуп жатты, Бакиевдер реванш алгысы келди, биздин алыскы, жакынкы коңшулар Кыргызстанда парламенттик демократия болушун таптакыр каалаган жок, жактырган жок. Путин менен Медведев “Кыргызстанда жакында бир чоң алаамат болот, Кыргызстандын келечеги жок” деген сөздөрдү да айтып жиберишти. Айтор, чоң сыноо болуп жатты. Сиз Ош, Жалал-Абаддагы Июнь окуясын иликтөө боюнча улуттук комиссияга да мүчө болдуңуз. Ошол окуялардын себептери аныкталдыбы? Келечекте кайталанбашы үчүн себептерин түшүнүү керек да, туурабы?
- Убактылуу президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен 30 адамдан турган улуттук комиссия түзүлгөн. Комиссияда акырына чейин иштеп, түштүккө барып, Жалал-Абадда, Базар-Коргондо жолугушууларды өткөрүп, өтө көптөгөн расмий маалыматтарды, документтерди алып окудук. Акырында тыянак баяндама даярдала баштаганда мен үч маселени сөзсүз коюшубуз керек деп чырылдадым. Биринчиси – тартылып алынган курал-жарак боюнча. Ким, канча санда тартып алды, анын баары эмне болду? Экинчиси – өлгөндөрдүн тизмеси. Улут аралык кагылышуу деген баа берилип жаткандан кийин тизмени улутун көрсөтүп чыгаралы, элге жарыялабасак дагы парламент үчүн, өкмөт үчүн жазып чыгаралы десем, кабыл алынган жок. Өрттөлгөн турак жай, соода борборлору да кимге, кайсы улутка таандык болгонун көрсөтүү сунушум да өткөн жок. Ошону менен комиссия курамынан чыгам, өзүңөр бүгүнкү саясатка кандай оң келсе, ошондой кылып чыгара бергиле деп чыгып кеттим.
Чыгып кеткеним менен жүрөгүм өйүп, колумда расмий материалдар болгондуктан өлгөндөрдүн тизмеси боюнча өз алдымча баяндама даярдадым. Тартылып алынган курал-жарак боюнча өзүнчө чоң материал даярдалды.
- Азимжан Аскаров түрмөдө каза болду. Ошонун ишине байланыштуу да сизге, башка укук коргоочуларга көп сын айтылып келет эмеспи. Санпа окуясы дейбизби, ошол жерде эл, милиция жетекчилери өлтүрүлүп кеткен жерде Азимжан Аскаровдун болгону, кыйкырып сүйлөп жатканы тууралуу видеолор барбы же жокпу?
- Азимжан Аскаровдун трагедиясы – ал Ноокенден, Базар-Коргондон топтошкон эл райондук милициянын ичинен курал-жарак алып жатканын видеого тартты деген шек менен эле ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жакындары ошол адамдардын арасында бар экен, ошол видеону берсин, анан чыгарабыз деп эле шарт коюп туруп алышты. Роза Отунбаева мени жана ошол кезде ИИМ башчысынын орун басары Бакыт Алымбеков деген болсо керек эле, экөөбүздү Азимжан Аскаровго жиберди. Ал Ноокенде милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган экен. Барып, жолугуп, Азимжандан “Ушундай бир видео бар экен” деп сурасам, “Алган деп айткам, бирок тарткан эмесмин. Видеокамерамды милиция алып койгон. Камерам милициянын колунда” деп айтты. Ошону менен аны түрмөдөн чыгара албадык. Тилекке каршы, өмүр бою кесилип кетти.
Азимжан Аскаровду коргогонума мен өкүнбөйм. Себеби ал, биринчиден, укук коргоочу болчу. Ал чымынды да өлтүргөн эмес. Билбегендер көбүртүп-жабыртып... Санпа каякта, Базар-Коргон каякта экенин билбегендердин жоромолу болду. Санпа деген таптакыр башка жакта, Жалал-Абаддын жанында. Бул Базар-Коргондо жүргөн. Базар-Коргондо от тутанып, кандуу булоон баштаганда бул өзү качып жүргөн. Маркум Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн жерде, баягы көпүрөдө бул болгон дагы эмес.
- Ага далил жок экен да, демек?
- Далил жок. Далил жок дегеним куру сөз болбосун, ошол кезде Кубатбек Байболов прокурор эле. Байболов Аскаров боюнча материалды атайын алып, Отунбаевага айткан экен "Күнөөсүз адамды камап жатабыз" деп. Эл аралык комиссия келгенде да Байболов ушул сөзүн кайталап айтып берди. Мына, ал кишинин көзү тирүү. Азыр мен жөнүндө ар кандай сөз кеткенде өзүмдү өзүм жооткотом, колум таза, мамлекеттен эч нерсе уурдаган жокмун. Анан айласы кеткенде ушул Азимжан Аскаровду айтышат. Бирок кыргыз элиме айтат элем, Азимжан Аскаров чын эле курмандык болуп калды. Ал камалбаш керек эле. Эч күнөөсү жок камалды. Аны коргогонума өкүнбөйм.
- Ошентип, 2010-жылдагы окуялардан кийин кырдаал тынчыбай, бейстабилдүүлүк болуп, улам ар кайсы жерде эл толкуй берип, бийликке Убактылуу өкмөт келди. Андан кийин дагы бир тарыхый учур, шанс саясий чайкоочулукка айланып кетип, мандат чырлары, соодасы күчөп, элдин ишеними азайды. Атамбаев бийликке келди. Анын бийлиги тушунда сиз кайра чабуулдарга туш болдуңуз. Төлөкан Исмаилова экөөңөр Ак үй алдына митингге чыктыңар. Эмне болуп ошондо бийликтин бутасына айланып калдыңар?
- Билбейм. Президенттер туруп эле бир нерсени сүйлөп коюшат экен. Энелер күнү болчу, Атамбаев бир канча аялды чогултуп, аларга сыйлык берип, сый тамак берип отуруп эле Төлөкан Исмаилова экөөбүзгө асылып, ошондой бир кайрылуу жасап салды. Аны уккандан кийин биз аябай ыза болдук. Ызаланып, сотко берип салдык Атамбаевди, бир жылдан ашыгыраак соттошуп жүрдүк. Бирок Атамбаевге бүгүнкү күндө сыйым калды. Кадимкидей эле адвокат алып, өзү келбесе да сотто адвокаты жооп берип жатты. Ооба, биз утулдук. Атамбаев президент катары сотко деле, бизге деле басым жасаса болмок, бирок андай кылган жок. Жигиттиги, адамкерчилиги, адам укугун аз болсо да чыныгы сыйлаганынан бизге сотто бир да басым болгон жок.
- Атамбаев менен далай киши соттошту окшойт. Биз да соттоштук. Ошентип, Атамбаевдин бийликти тапшыруу учуру келди, ал жөн эле кетпей, өзүнүн досун калтырып, көшөгө артынан же аксакал болуп төргө отуруп алып башкаргысы келдиби, айтор, түшүнүксүз окуялар болуп кетти. Сооронбай Жээнбековду кокусунан шайланган президент деп айтып жатышты. Үч жылга айланбай ал киши да кетти кызматтан. Элдик толкундоолор да болду. Коррупцияга каршы чоң митингдер болуп жатты. Кыргызстанда бийликтин улам алмашуусуна алып келген элдик толкундоолордун болушуна эмне себеп деп ойлойсуз? Мен илгери англисче макала жазгам "кыргыздардын көчмөн духу кеткен эмес, бийликке "ляппай" деп баш ийип берген мүнөзүндө жок, бир нерсеге ачуусу келсе ушинтип толкуп кетет" деп. Ошондойбу же бул жерде бир кылмыштуу топтордун таасири барбы, кандай деп ойлойсуз?
- Бир топ эле таасир болуп калды. Эң негизгиси, бизге кайсы президент келсе дагы өзүнө жакшы команда кура албай жатат. Бакиевдин кемчилиги да, Атамбаевдики да ошондо болду. Айланасында дос эмес, тууган эмес, жакшы, ишеничтүү, иш билги кадрларды топтой албай жатышты. Досун калтырганы Атамбаевдин кетирген эң чоң кемчилиги болду. Бирок Атамбаевдин жакшы жерин айта кетиш керек – бийликти конституциялык жол менен, тынч өткөрүп берди.
- Отунбаева ага, анан ал Жээнбековго өткөрүп берди.
- Ооба. Отунбаева убактылуу президент болду. А Атамбаевде мүмкүнчүлүк бар эле, башкаларга окшоп экинчи, үчүнчү мөөнөткө калам деп. Андайга аракет кылган жок.
- Бирок "өткөрүп берсем да көшөгөнүн артынан башкарып отурайын" деген...
- Ооба, ал болду. Жээнбеков да өз бийлигин толук жүргүзгүсү келди окшойт. Акыры Атамбаевге да, Жээнбековго да эч нерсе жок, күтүлбөгөн жерден бийлик кайра алмашты.
- Ошентип, 2020-жылдын Октябрь окуяларына келдик.
- Кандай болгон убакта да Отунбаеванын тушунда 2010-жылы референдум жолу менен жакшы Конституция кабыл алдык эле. Атамбаев ага ыраазы болбостон өзүнө карап оңдой баштабадыбы. Андан кийин да Конституция оңдолуп, мына, азыр супер-президенттик башкарууга келип калдык. Эл өзү тандап алды.
- Кайра эле баягы окуялар кайталанып, эми Садыр Жапаров сизди, бизди, баарыбызды кошуп канча грант, акча аларыбызды санап, курултайда сизге оозеки чабуул койду. “Кылым шамы” уюмунда өзү, кызы, эки эле киши иштейт деп айтты. Ошолорго эмне деп жооп берет элеңиз?
- Мен жооп бергим деле келген эмес. Себеби ондогон эмес, жүздөгөн адамга ушунча жылдан бери жардамыбыз тийип келе жатат. Бизден жардам алгандардын эң көбү карапайым, колунда жок адамдар.
Садыр Нургожоевич өзү жазган эместир ошону. Кимдир бирөө даярдап берген болсо керек. Ошону даярдап бергендер президентти адаштырбай турган, так маалымат берсе өзүлөрү үчүн да, президент үчүн да жакшы болмок. Бул биринчиси. Экинчиси – 19-январда, эс алуудан келгенден кийин брифинг учурунда "Азиза Абдирасуловага эч кандай коркунуч жок, келе берсин, эч ким коркуткан эмес" деп так кесе айтты.
Президент "Эже бийликке кесе сын айтпаса, адам укугу боюнча өз ишин аткарып жүрсө, эмнеге кетип калды" деп кол астындагы укук коргоо органдарына тапшырма берип, "Сурагыла, эжеге чыккыла, иликтейбиз" дегендин ордуна бүт бардык прокуратуранын, коопсуздук кызматынын, милициянын атынан сүйлөп койду "Эч кандай коркунуч жок" деп.
Коркунуч болгон мага. Коркунуч болбосо мен карыганымда оорукчан абышкамды, колумдагы төрт жашар неберемди таштап, үйдөн кетмек эмесмин. Кадимкидей эле жеке коопсуздугума коркунуч болду. Чыгып кеткенге мажбур болдум. Ошондой болгонуна өкүнөм.
Бирок Садыр Нургожоевичке айтат элем, мындай учурларда, жалгыз эле мага карата эмес, башка канчалар түрмөдө отурат, кемпирабадчылар, журналисттер камалып жатат, эксперт Жоомарт Карабаев, акындар камалып жатат, ошондой убакта укук коргоо органдары берген эле маалыматка ишене бербестен, башка булактардан да маалымат алып турса жакшы болмок.
Кыргызстанда, албетте, коркунуч бар. Кемпирабадчылардын соту эки жылдан ашты, бүтүшүнөн дайын жок. Кенедей баласы бар Каныкей Аранова, Махабат Тажибек кызы түрмөдө отурат. Жок дегенде балдары 14кө чыкканча камабай тургула деп суранганыбызды четке кагып коюп жатышат. Күнүгө камоо, кармоо. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш дейли, бирок атып салган, өлтүрүп койгон деген бул күрөш эмес. Бул кылмыш. Ошолордун баарын көрүп жатпайбызбы.
- Сиз ошол кемпирабадчыларды, журналисттерди, баарын коргоп, жүгүрүп жүрдүңүз. “Кылым шамында” адвокаттар бар да, туурабы? Сиз жалгыз коргобойсуз да алардын баарын? Армияда жабыр тарткандар, түрмөдө укугу сакталбай жаткандар... Ошол иштердин баарын кантип Гүлшайыр экөөңөр жалгыз аркалайт элеңер, туурабы?
- Президент "Кызы экөө эле иштейт" деп ойлосо, мейли, буга макул боло берейин. “Кылым шамында” иштеген башка адвокаттар, юристтер, эксперттердин аты билинбей деле калганына ыраазымын. Анткени бүгүн укук коргоочу, журналист болуп иштеген кооптуу.
- Эң көп киши иштегенде канча адам болду эле?
- 2010-жылдардан кийин жумуш аябай көбөйгөндө ар бир облуста жок дегенде бирден киши иштетип жаттык. Ошто, Жалал-Абадда кошумча 3-4 киши алып иштеттик. Ал эми адвокаттар менен дайым контракттын негизинде иштейбиз. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар же зордукка кабылган жашы жете элек кыздар-балдар боюнча да келишимдик негизде тартылган адвокаттар менен иштешебиз.
- Көпчүлүк деле муну окуп билип калды, сиз Садыр Жапаров менен жакшы эле таанышсыз. Ал түрмөдө отурганда укугун коргодуңуз, жакындары менен жолугуп, камактан чыгышына аракет кылып жүрдүңүз. Деги канча жолу жолуктуңуз өзүңүз жекеме-жеке?
- Түрмөдө отурган убагында сот залынан эле жолугуп, саламдашып, кээде кучактап бетинен өөп койчу элем. Кубатбек Кожоналиев, Талант Мамытов болуп, жалпысынан жети адамдын сотунда бардыгына тең коомдук коргоочу болуп катышкам. Негизги коргоомдо Кожоналиев болгон, жетөөнүн арасынан ал акталып чыгып кеткен ошондо. Калгандары мөөнөт алып, кийин чыгышты.
2017-жылы Садыр Нургожоевич Кыргызстанга келип, балдары, туугандары менен кармалганда чын эле кыйноого, балдары ур-токмокко кабылышкан. Өзү да кыйноону башынан өткөргөн, моюнун кескен.
Айгүл Жапарова кеңсеге келип эле, жардам сурап, “Баламдан кабар алып берсеңиз, Рустам минтип жатат, Ринат тигинтип жатат” деп, адам катары мамилебиз түз, саламдашып, балдарынан кабар алып чыккан күндөрүм болгон. Садыр Жапаровго, балдарына адвокат бергенбиз. Адвокаттар иштеген, өзү айтып жаткан 21 миллион сомдун кайсы бир бөлүгү ошолорго кеткен.
- Президент болгондон кийин жолуктуңузбу?
- Эки жолу жолуктум. Эки жолу тең Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотуп бергиле деп суранып барганбыз, мен жалгыз өзүм эмес, Динара Ошурахунова экөөбүз. Биринчи жолу резиденцияга барып, эки саатка жакын кенен сүйлөшүп отурганбыз. Кийин аялдар чыгып, Рита Карасартова калып калганда экинчи жолу дагы суранып, өзүнүн иш кабинетинде жарым сааттай сүйлөшкөнбүз.
Муну менен айтайын дегеним, мен алты президент болсо, алтоо менен тең жолугушкан экемин убагында.
- Негизи азыр коомчулук сизге болгон чабуулду, каралоону окуп, көрүп жатат. А бирок сиз жүздөгөн, миңдеген кишинин, керек болсо абакта отургандардын укугун коргоп, “түрмөдөгүлөргө да шарт түзгүлө, алар да адам” деп, армияда каза болуп калган жапжаш балдардын үй-бүлөлөрүн ээрчитип, бизге, журналисттерге “ушуларды жазгыла, мындай болбосун экинчи” деп келип, баарылап ошолордун көз жашын сүртүп жүрдүк. Канча кишини соороттуңуз. Ыраазы болгон далай киши жазаттыр сизге? Туура иш кылып жатканыңызды түшүнгөн, өзүңүздү бактылуу сезген учурду эстеп, айтып бериңизчи?
- Мисалы, армияда кызмат кылып жүрүп токко урунуп, эки колунан ажырап калган Руслан деген бала. Аны “Бул мас болчу, мас болгону үчүн ушундай болду” деп мамлекет карабай койгондо адвокат аркылуу эки жылга жакын сотторуна катышып жүрүп, ушул баланы аягында үй-жайлуу кылып койдук. Мамлекеттен өндүрүлгөн компенсациясына үй алып алды, эки колу жок болсо да бутуна турду.
Же болбосо, зордукталган 13 жаштагы кыздын адвокаты жок, байкеси жүгүрүп эле жүрчү экен. Адвокаттык лицензиям болбосо, юрист болбосом дагы колумдан келишинче жардам берип, зордуктаган жигит сот жообуна тартылды. Алтынчы кабаттан боюн таштап өлгөн кыздын жок дегенде арбагы ыраазы болгондур деп ойлойм.
- Негизи укук коргоочулук иш аябай татаал. Балдарыңызга, неберелериңизге, жолдошуңузга деле оңой эмес. Кызыңыз Гүшайыр ишиңизди улантабы?
- Аны көрөбүз. Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам чыкпадыбы, ошого ылайык биз четтен каржы ала албайбыз. Четтен каржы келбегенден кийин консультант гана боло алат экенбиз, адвокат жагынан жардам бере албай. Президенттин айткан ачык сөзүнөн кийин, балким, “Кылым шамынын” мындан аркы тагдырын карап көрөбүз. Кандай кылып иштесек болорун азыр ойлонуп жатабыз.
- Азыр бийликтегилер Садыр Жапаров, Эдил Байсалов баш болуп “Бир тал чачы түшпөйт, эжени сыйлайбыз, урматтайбыз” дегендей билдирүү жасап жатат. Өзүңүздүн жакынкы келечегиңиз кандай болот деп ойлойсуз?
- Садыр Нургожоевич “Келе берсин, бир тал чачы түшпөйт” деп айтты, анан артынан эле “Өзү эле уят болуп калат, эч ким коркуткан эмес” деп койду. Бирок интернетте мени каралап, атайын тартылган видеону райондук ички иштер башкармалыктарына, айылдагы тайпаларга чейин жеткирилсин деген сыяктуу маалымат тарап кетти... Мамлекет башчы болгондон кийин, мага эч коркунуч жок экенин айткандан кийин анда ошол видеолорду ким тартып, таркатып жатат, эмне себептен ал кабарларда айтылгандай министр жер-жерлердеги кол астындагыларга ошондой көрсөтмө берип жатат? Мен анчалык кимге эмне жамандык кылдым?
Үйдүн жанына кимдер келди? Кимдер мени түнү менен “Мына президент айтты, 21 миллионуң бар экен, 1 миллионун алып чык, болбосо азыр киребиз” деп коркутту ошо президент сүйлөгөндөн кийин түнү менен?
Мен эртең менен чыгып кеттим. Коркутуу болгон жок десе эле "Аа, болгон эмес экен, бул өзү эле качып кетиптир" деген сөз эмес да. Жашым мына быйыл 67ге чыгат. Оорукчан абышкамды, үй-жайымды таштап коюп эле кетип кала тургандай эмесмин да.
- Сиз аябай оор абалда болдуңуз. Стресс болдуңуз. Биз сиз менен сүйлөшүүгө аракет кылдык, бирок сүйлөшө турган абалда да болгон жоксуз.
- Ооба, аябай чочуп калган экемин. Кармайт, камайт дедим. Башкаларды карадым да. Алып кеткенден кийин чыкпай эле калып жатышпайбы. Сотторду көрүп жатпайбызбы, жабык сотторду өткөрүп жатышат.
Мына, Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкиналарды камап, чыгарбай эле койбодубу. А мени камап койсо артымда партиям жок, чыга тургандар жок. Ден соолугум кандай болот? Кайра-кайра операция болгом. Ошону ойлоп туруп эле чыгып кеттим.
Мен жок болуп, Кыргызстанда адам укуктары аябай эле сакталып, эл тыптынч жашап калса барбай деле тура берем.
- Жашоонун маңызы эмнеде деп ойлойсуз? Ушунча оор нерселер башыңыздан өттү, Кыргызстан башынан кандай окуяларды өткөрсө, сиз ошонун баарын жүрөгүңүздөн өткөрүп келе жатасыз, жакындан аралашып...
- Алыска кеткеним менен тынбай кайрылуулар, кат жазгандар болуп жатат. Мына, Сузакта аскерге барып, үч күндө ооруп, оор абалда Бишкекте ооруканада жаткан баланын апасына эптеп адвокат таап бердим, азыр ал иштеп жатат. Кайрылгандар болуп жатат, колумдан келген кеп-кеңешимди, мүмкүн болушунча жардамымды берип жатам. Баары бир элге керек экемин.
- Рахмат маегиңизге, кайда болсоңуз да сак-саламатта болуңуз!
Шерине