Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:45

WP: Путин Донецк облусун толугу менен көзөмөлгө алууну талап кылууда


Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ мамлекет башчысы Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө ок атышууну токтотуу үчүн Донецк облусун өз көзөмөлүнө алуу шартын койгон.

Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жогорку кызматтагы эки булагына таянып жазды.

Гезиттин маектеши белгилегендей, Путин анын ордуна Запорожье жана Херсон облусунан баш тартууга даяр экенин билдирген.

The Washington Post Москванын аймактарды өзүнө каратуу талаптары августта Аляскадагы жолугушууда айтылгандан бир аз өзгөргөнүнө көңүл бурган. Булактардын айтымында, Ак үйдүн айрым жооптуу кызмат адамдары муну оң жылыш катары карап, бирок буга Украина макул болушу арсар экенин белгилеген.

Гезиттин бир булагы жума күндөгү жолугушууда АКШ президентинин чабарманы Стиф Уиткофф украин делегаттарына Донецк облусун Орусиянын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө “басым кылганын” айткан.

Трамп орус лидери Путин менен 16-октябрда телефондон сүйлөшүп, эртеси күнү украин президенти Владимир Зеленскийди Ак үйдө кабыл алган. Кошмо Штаттардын мамлекет башчысы алдыдагы эки апта ичинде Будапештте Орусия менен АКШ саммити өтөрүн билдирген.

The Washington Post'тун кабарчылары бул боюнча Ак үйдөн да, Кремлден да комментарий ала алган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG