Ишкер, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадил Эгембердиевдин “Жаратман” аттуу китебинин бет ачары өттү.
Китепте ишкер агасы маркум Таабалды Эгембердиев экөөнүн балалыгы, өткөн кылымдын 90-жылдарындагы ишкерликти жаңы баштаган учуру, Кыргызстандагы ишкерлик кылуу жана чет өлкөлөрдөн алган тажрыйбасы тууралуу ойлору менен бөлүшкөн.
Китептин бет ачар аземинде Жумадыл Эгембердиев: “Мен ишкерликтеги кара жумуш менен жүрүп, китеп жазууну такыр ойлогон эмесмин. Бул китепти агам Таабалды Эгембердиев жазышы керек эле. Бирок ал ага жетишпей каза болуп калган соң биз басып өткөн жолду жазып калтыруу керек экенин түшүнүп, жаздым”, - деп билдирди.
7 миң нуска менен кыргыз жана орус тилдеринде басылган китептин көркөм редактору жазуучу Олжобай Шакир, орус тилине Улук жана Жылдыз Уракуновдор которгон.
Шерине