Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

Грузияда мурдагы өкмөт башчынын жана чалгын кызматынын башчысынын үйүндө тинтүү жүрдү


Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы ишемби күнү маалымат жыйынында чалгын кызматынын мурдагы жетекчисы Григол Лилуашвилинин, экс-премьер-министр Ираклий Гарибашвилинин жана мурдагы башкы прокурор Отар Парцхаладзенин, алар менен байланышкан аткаминерлердин үйлөрүндө жүргүзүлгөн тинтүүлөрдөн 7 миллион доллар накталай акча алынганын маалымдады.

“Кавказ жаңырыгы” басылмасынын маалыматында, 17-октябрда өлкө боюнча 24 батирде жана турак үйдө бир убакта тинтүүлөр жүргүзүлгөн. Операцияга прокуратуранын жана Мамлекеттик коопсуздук кызматынын болжол менен 230 кызматкери катышкан. Кылмыш иштери козголгону тууралуу маалымат берилген эмес, акча кимден алынганы да так айтылган жок.

Маалымат жыйынында Мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмдөрү жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери документтерди жана электрондук жабдыктарды изилдеп жатканы, алынган акчанын тек-жайы аныкталып жатканы айтылды. Иш боюнча башка маалымат берилген жок.

  • Гарибашвили Грузиянын өкмөтүн эки жолу – 2013–2015 жана 2021–2024-жылдары жетектеген. Ал эки башка өкмөттүн курамында ички иштер министри жана коргоо министри болуп иштеген. Быйыл апрелге чейин ал өлкөнү башкарган “Грузин кыялы” партиясынын төрагасы болгон. Жазында партиядан чыгып, саясаттан кетерин жарыялаган.
  • Лилуашвили Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчилигинен апрелдин башында кеткен, ал оңчул партиянын мүчөсү.
  • Пархаладзе 2013-жылы башкы прокурор болгон. 2023-жылы ал АКШнын санкциясына илинип, аны Грузиянын саясатына Орусиянын кызыкчылыгында таасир эткен жана аны Федералдык коопсуздук кызматы менен кызматташтыкка айыпташкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG