Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:19

Жети-Өгүздө көкбөрүдө чыккан жаңжалда бир киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-октябрда Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылындагы көк бөрү оюнунан чыккан чырда 34 жаштагы киши жараат алып, эсине келбей каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы 18-октябрда маалымат таратты.

Анда 10-октябрда Жети-Өгүз райондук милициясына Тилекмат айылынын 23 жаштагы тургуну кайрылган. Ал Жеңиш айылында өткөн көк бөрү оюнунда Саруу айылынын эки тургуну ур-токмокко алып, денесине зыян келтиргенин билдирген.

“Ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Тилекмат жана Саруу айылдарынын командаларынын ортосунда өткөн оюн маалында пикир келишпестиктен улам чыр-чатак чыккан. Окуянын натыйжасында Тилекмат айылынын 1991-жылкы тургуну Ж.А. денесинен жараат алып, эсине келбей каза болгон”, - деп жазылган маалыматта.

Бул фактыны Жети-Өгүз райондук милициясы каттап, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү”) жана 280-беренесинин (“Бейбаштык”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Шектүү катары төрт киши кармалып, 13-октябрда райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

12-мартта Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан. 1-лиганын оюнунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын оюнчусун Оштун “Бүркүт” командасынын оюнчусу ат менен сүздүргөн. Соккудан жараат алган улакчы жерге кулап, оюн эки саатка токтотулган. Милиция Мирлан Сражидинов ооруканага баратканда үзүлгөнүн, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу камакка алынганын билдирген.

Бул окуядан кийин “Нооруз-2025” турнири токтотулган.

Шерине

XS
SM
MD
LG