Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Бир мандаттуу система өзүн актадыбы? Сыдыгалиевдин сунушу талкууда


Шайлоодо добуш берип жаткан жарандар.
Шайлоодо добуш берип жаткан жарандар.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев бир мандаттуу шайлоо округу - мажоритардык системаны жокко чыгарууну сунуштады. Ошол эле учурда партиялык тизме аркылуу преференциалдык системаны жокко чыгаруу пландалып жатканы айтылууда.

"Кайра шайлоонун чыгымы көп"

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев сунуштаган мыйзам долбоору 14-январда Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Анда бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген депутаттар мандатын тапшыргандан кийин кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен ашыкча чыгым кетип жатканы жазылган.

Ушундан улам 90 депутат тең партиялык тизме менен гана шайланып келүүсү сунушталып жатат.

Нурбек Сыдыгалиев.
Нурбек Сыдыгалиев.

"Шайлоо бүткөндөн кийин кайра-кайра болуп жатты го. Ошондогу ар бир шайлоого 22-25 миллион сом кетет да. Мунун баары чыгым болуп жатпайбы. Азыр жалпы чыгымдарды Борбордук шайлоо комиссиясынан алып жатам. Аны шашпай айтып берейин", - деди Сыдыгалиев.

Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келишкен. Бирок бир мандаттуу округдардан келген бир нече депутат ар кандай себептерден улам мандатын тапшырып, беш округда кайра шайлоо өткөн. Ошол эле Бишкектеги Ленин районунда эки курдай кайра шайлоо болгон.

Ал эми партиялык тизме менен депутат болгон адам парламенттен кетсе тизмедеги андан кийинки талапкер мандат ала берет.

Депутат Жанарбек Акаев мажоритардык системадан баш тартууга башка да себептер бар экенин айтат.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

“Жанагыдай уруу-уруу, колот-колотко бөлүнгөн саясат токтойт. Ал эми партия менен шайланып келген депутат бүт Кыргызстандын маселесине бирдей карайт да. Мына ошондо бөлүнүп-жарылган саясат токтойт. Ошол үчүн Сыдыгалиев бир мандаттуу шайлоо системасын жоёлу деп жатат. Коңшу өлкөлөр деле акырындык менен партиялык система туура экенин моюндап, кайтып жатышпайбы. Биз артка кетпей, алдыга умтулганыбыз оң да”.

Ошол эле учурда Сыдыгалиев жалгыз автор болгон мыйзамга караманча каршы демилге даярдап жаткандар да бар экени айтыла баштады. Тагыраагы, партиялык тизме менен боло турган шайлоо системасын жоюп, 90 депутат тең округдардан шайланып келүүсүн камсыз кылуу. Бул сунуш качан расмий айтылары белгисиз болуп турат.

“30 округ кылып, ар биринен үчтөн депутат келсин деген да сунуш бар экен. Муну депутаттар сөз жүзүндө угуп жатабыз. Кызуу талкууланып жатат. Акыры келет бул мыйзам. Өкмөт, болбосо, депутаттар алып чыгышы мүмкүн. Эки сунушту тең карап көрүп, анан бир чечимге келебиз”, - деди Жанарбек Акаев.

Азыркы Жогорку Кеңеште алты фракция жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген эл өкүлдөрү түптөгөн эки депутаттык топ бар.

Ошол эле учурда өзү аймактан шайланып, бирок фракцияларга кирип алган депутттар да кездешет.

Ноокен шайлоо округундагы шайлоодо жеңип чыккан Бакыт Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери.

"Ыйман нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова азыркы аралаш системадан өтөрү жок деп эсептейт.

Динара Ашимова.
Динара Ашимова.

“Менимче, азыркы мыйзам жакшы. Бир мандаттуу дагы, партиялык тизме менен келген да депутаттар болду. Анан эми талапкер өзүнө ишенип, бир мандаттуу округдан жеңип келем дегендердин да укугун чектебешибиз керек. Андыктан бир орток пикирге келебиз деп ойлойм. Болгону, бир мандаттуу округдардагы шайлоодо аялдардын укугун карап чыгышыбыз керек деп эсептейм. Анткени азыр 36 округдун арасынан Элвира Сурабалдиева эле келди да. Ошондуктан ал жакта да аялдардын гендердик квотасы керек".

Мөөнөтү боюча эсептегенде, кийинки парламенттик шайлоо 2026-жылы өтүшү керек. Ага чейин шайлоо мыйзамдары кандай өңүттө өзгөрөрүн азырынча айтып болбойт.

Өзгөрүп турган шайлоо системасы

Азыркы учурда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы иштеп жатат. Буга чейин парламенттеги депутаттардын саны, алардын шайлоо системасы да бир нече жолу өзгөргөн.

Мисалы, Жогорку Кеңештин алгачкы чакырылышы болгон эки палаталуу парламент – Мыйзам чыгаруу жыйыны (35 мандат) жана Эл өкүлдөр палатасы (70 мандат) болуп турган. Андагы 105 депутат бир мандаттуу округдардан мажоритардык система боюнча шайланган.

2000-2005-жылы иштеген Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышында деле 105 депутат болгон. Бирок палаталардын сандык курамы өзгөргөн. Анда Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр палатасы 45 депутаттан турган.

2005-жылдагы жараян бир мандаттуу шайлоо системасы менен эле өткөн. Талапкерлер кайсы бир партиянын атынан чыгышкан. Бирок андагы шайлоонун жыйынтыгы Аскар Акаевдин бийлигинин кулашына себеп болгон, парламент курамы өзү 2007-жылы мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

2007-жылдын 16-декабрында болгон шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстанда биринчи жолу партиялык тизме боюнча шайланган IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Анда үч саясий партия өкүлчүлүк кылган. Мандаттардын көбү Курманбек Бакиевдин айланасындагыларга таандык делген "Ак Жолдун" шыбагасына тийген эле. Аталган чакырылыш 2010-жылдагы Апрель окуясынын натыйжасында өз ишин токтоткон.

2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга ыктап, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Андагы шайлоого 29 саясий партия катышып, жыйынтыгында бешөө жеңип чыккан. Депутаттардын саны 120 болчу.

2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо да ушундай эле система менен өткөн. Анда 120 мандат алты саясий партияга бөлүнгөн.

2020-жылы бийлик алмашканда Конституция өзгөрүп, парламенттик башкаруу жарабаган система катары жокко чыгарылып, Кыргызстан президенттик башкарууга бет алган. Ошондо депутаттардын саны 120дан 90го кыскарып, аралаш система менен шайлоо өткөн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG