Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

Париждеги Лувр музейинен баалуу экспонаттар уурдалды


Луврдын жанындагы полициячылар
Луврдын жанындагы полициячылар

Париждеги Лувр музейинен баалуу экспонаттар уурдалды. Бул тууралуу Франциянын маданият министри Рашида Дати кабарлады. Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча 19-октябрда эртең менен белгисиз адамдар музейге кирип, тогуз баалуу буюмду уурдап кеткен. Le Parisien басылмасынын жазышынча, үч адам музейдин оңдолуп жаткан бөлүгүнөн жүк ташуучу лифт менен чыгып, терезесин талкалап, андан соң экспонаттарды алып изин жашырган. Уурдалган буюмдардын арасында француз императору Напелондун коллекциясындагы кымбат баалуу зер буюмдар болгон. Уурулар алып кеткен экспонаттардын бири ханыша Евгенияга таандык таажы музейден анча алыс эмес жерден табылганын, бирок ал сынган абалда болгонун маалымат каражаттары жазып жатат.

19-октябрда Лувр көрүүчүлөр үчүн жабык болуп, иштеген жок.

Лувр дүйнөдөгү кымбат баалуу, сейрек мурас сакталган музей. Ага жылына тогуз миллиондон ашык адам кирет. Луврда буга чейин да баалуу экспонаттар уурдалган учурлар болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG