"Талаштуу жерлерди теңме-тең чечкен учурлар болду"
Президент Садыр Жапаров 28-январда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара кандай шартта чечилгенин жана качан толук бүтөрүн айтып берди.
Кабарчы Баткендин тургундары чек ара такталганын угуп, үйүнө кайтып жатканы тууралуу “Азаттык” радиосунда чыккан баянды мисал келтирип, президентке суроо узаткан. Ага жооп берген мамлекет башчы чек араны тактоо иштери дээрлик бүткөнүн, азыр кагаз иштери жүрүп жатканын, ал даяр болсо, өкмөттүк комиссиялар кол коюп, андан соң парламенттер ратификация кылып, президенттер жактырарын билдирди.
"Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик. “Кайсы тараптын пайдасына чечилди?” деген сурооңузга жообум мындай: эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет. Миң километрге жакын чек ара тилкебиз бар. Ошол тилкелердин көптөгөн жерлеринде талаш-тартыш жерлер болгон. Алардын баарын теңме-тең чечкен учурлар болду. Андан сырткары чектеш айылдарыбызда шахматтын тактасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат. Эгер Тажикстандын биз тарапка өтүп калган үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык. Кыскасы, ар бир огороддун бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди. Демаркация иштери жүрө баштаганда, толук маалымат алышат”, – деди президент.
"Үйүм толуп, жашоо шаңданып калды"
Жергиликтүү бийлик Баткендин чек арага жакын жайгашкан Карабак айылында башка кыргыз айылдары сыяктуу эле миграция агымы бар экенин айтып, сезондук жумуш менен келип-кетип жүргөндөр дайыма катталарын билдирүүдө.
Карабак айылынын тургуну Шамшидин Жарматов эки жылдан ашык убакыттан бери чек ара тилкесиндеги үйүндө жалгыз жашап келди. 2024-жылы декабрда чек ара такталганы тууралуу кабардан кийин уул-кыздарынын үйүндө жүргөн бүлөсүн алып келгенин айтат:
“Чек арадагы окуядан кийин балдарымдын апасы да кооптонуп, ошол окуяны унутайын деп балдарым менен Орусияга кеткен. Үйдө эки жылдай жалгыз жашадым. Мына эми келиним, неберелерим, кыздарым да үйгө келишти. Азыр үйүм толуп, жашоо шаңданып калды. Акыркы 2-3 жылда чек ара боюнча жакшы иштерди жүргүзүштү. Чек ара такталды дегенден кийин маанайыбыз кыйла өзгөрдү.”
Жарматовдун үйүнүн жанынан эле чек араны шарттуу бөлүп турган сызык өтөт.
“Лоток чек ара болуп турат. Чек ара ушул жерден башталат. Тажикстандын айылдары менен чектешип турабыз да”, - дейт ал.
Жарматовдун кошунасынын үйү чек ара тактала элек болгондуктан бузулган бойдон калган экен, ал өзү миграцияда жүрөт.
Чоң айылдын турмушу кайра мурдагы калыбында эле өтүп жатканынан кеп салган маектешибиз кооптонгон күндөр артта калганын айтууда:
"Канчалык оор сыноолор, кооптонуулар да өттү. Бирок башка аймакка көчүп кетүү ниетибиз жок. Балдарым да кетпейт. Элде жакшы үмүт пайда болду. Эми мындан ары туруктуу тиричилигибизди кылабыз".
Чек ара 2021-жылдан бери жабык. Карабак эли негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен жан багат. Көп үй-бүлөлөр миграцияда жүргөн жакындарынын эсебинен кем-каржысын жабат.
"Бизде негизинен өрүк өстүрөбүз. Мал кармайбыз. Анан жаштарыбыз чет өлкөдө миграцияда. Базарыбыз бар эле, ал чек арадагы жаңжалдан кийин солгундаган. Азыр эми чек ара жабылган кошуна Тажикстан менен карым-катнаш жок. Эми чек ара чечилди. Бизге ушул эле керек”.
2024-жылы декабрда кыргыз-тажик чек арасы толук такталганы тууралуу кабарды Карабак айылынын тургундары кубануу менен кабыл алган. Кооптонуу менен жашап жаткан тургундар үчүн бул келечекке карай үмүтүн жандыргандай жаңылык болгон.
Чек ара жаңжалдарынан кийин үйүнө кайта элек айрым айылдаштары бар экенин Карабактагы жергиликтүү кеңештин төрагасы Акылбек Дилшатов билдирди:
“Акыркы 2-3 жылда чек ара боюнча жакшы иштерди жүргүзүштү. Мына, чек ара такталганын угуп кубанып турабыз. Бизде негизи жумушсуздуктан ички миграция да күч. Анан ошол чек арадагы тополоңдо кетип калгандардын арасынан кайра келгендери да бар. Бирок келбей калган бирин-экин айылдашыбыз бар. Эми ошолорду кайра айылга алып келүү аракетин көрүш керек деп ойлойм. Анткени азыр чек ара чечилди деп кыйла жеңилдегендей болуп турабыз. Үмүт жакшы болуп жатат. Бирок чек ара кайсы жерден кандай чечилгенин эч ким билбейт”.
Карабак – Баткен районундагы эң чоң айыл аймактарынын бири. Анын курамында алты айыл бар. Борбору Карабак айылы Баткен шаарынан 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Карабак айылынын өзүндө 8 миңден ашык калк жашайт.
Чек араны тактоо иши
2015-жылдан бери чек арага байланыштуу бир нече чыр чыккан. Куралдуу жаңжалдардан кийин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны тактоо иштерин жанданткан.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо соңку жылдары өтө татаалдашып, 2021-жылы жана 2022-жылы куралдуу кагылышка да алып келди. Бул окуялардан соң Бишкек чек арасын бир тараптуу жаап, ошондон кийин гана тактоо иштери алдыга жылды.
Былтыр декабрь айынын башында кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасын тактоо толугу менен аяктаганын билдирген. Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткенде жолукканы, бардык маселелерге байланыштуу орток пикир табылганы маалымдалган. Коңшу өлкөнүн мамлекеттик "Ховар" агенттиги ушундай эле мазмундагы кабар тараткан.
Ташиев Жогорку Кеңеште учурда юридикалык документтер даярдалып жатканын, ал парламентке 2025-жылы январь айында жөнөтүлөрүн билдирген. Ошондо сүйлөшүү, такталган ар бир тилке тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү убада кылган.
Расмий Дүйшөмбү чек араны тактоо жараяны качан толук аяктары тууралуу маалымат бере элек. Тажик медиасы негизинен чек ара тууралуу кабарды кыргыз тарапка шилтеме берип таратат.
Шерине