Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:39

Каракол–Алматы учак каттамы ишке кирди


Каракол–Алматы каттамын жүргүзгөн учак. 5-декабрь, 2025-жыл.
Каракол–Алматы каттамын жүргүзгөн учак. 5-декабрь, 2025-жыл.

Asman Airlines компаниясы Каракол–Алматы багытындагы учак каттамын ишке киргизди. "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдиргендей, алгачкы каттам 5-декабрда жасалды.

Аталган багыт боюнча учак каттамы аптасына эки ирет - жума жана жекшемби күндөрү болот. Учуу убактысы 35 мүнөт.

Билеттин баасы бир тарапка 6,5 миң сомдон (30 миң теңге же 75 доллар) башталат.

Маалыматка ылайык, Каракол–Алматы багытындагы каттамдар 1970-жылдардан тартып токтотулган. Аны жандантуу туристтерге жана ишкерлерге ыңгайлуу.

Кыш мезгилинде Караколдогу лыжа базаларына, ал эми жайында Ысык-Көлгө эс алууну каалаган туристтердин агымы арбыйт.

Asman Airlines авиакомпаниясы - “Манас” аэропортунун алдында ачылган ишкана.

“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.(ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG