Германия парламенти 5-декабрда армияда кызмат өтөө боюнча талаштуу мыйзамды жактырды. Анын максаты Бундесвердеги (немис армиясы) аскерлердин санын көбөйтүп, НАТОнун стандарттарына шайкеш келтирүү жана Орусиядан коркунуч тарап жаткан маалда өлкөнүн коргонуусун күчтөнтүү.
Жаңы мыйзам боюнча аскерге чакыруу эки жол менен ишке ашырылат. Биринчиден, жаштар өз каалоосу менен кошулат жана алар жакшы шарттар менен камсыздалат. Эгер өз ыктыяры менен барууну каалагандардын саны жетишпесе, анда бийлик айрымдарды милдеттүү түрдө армияга кызмат өтөөгө чакырат. Ал эми ыктыярчылардын саны пландалгандан көп болсо, алардын арасынан тандап алышат.
Мыйзамга ылайык, 2026-жылдын январынан баштап 18 жашка толгон бардык жаштарга аскерге барууга даярдыгын жана каалоосун аныктоо максатында атайын сурамжылоо жөнөтүлөт. Ал суроолорго эркектер милдеттүү түрдө жооп бериши керек, ал эми аялдарга сөзсүз шарт эмес.
Андан тышкары 18тен өткөн эркектин баары милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүш керек. Анткен менен андан өткөндүн баары армияга барат дегенди билдирбейт.
Германия бийлиги аcкерлеринин санын алдыдагы он жылда 260 миңге жеткирүүнү көздөөдө. Ошондой эле резервде 200 миңдей аскер даярдап коюуну пландап жатат. Учурда немис армиясындагы активдүү жоокерлердин саны 180 миңди түзөт.
Расмий Берлин бир канча жылдан бери армиясын жакшы жабдыбай келген. Германияда 2011-жылы эркектерге милдеттүү түрдө армияга баруу жараяны токтогон эле.
Европада мындай кадамга барган Германия жалгыз эмес. Өткөн аптада Франция 18-19 жаштагы миңдеген ыктыярчыны окутуу программасын жарыялады. Бельгия жана Польша да аскерлерди тартуу жана даярдоо планын караштырууда.
Азыркы учурда Евробиримдиктеги 10 өлкөдө милдеттүү аскердик кызмат бар. Алар Австрия, Кипр, Хорватия, Дания, Эстония, Финляндия, Греция, Латвия, Литва жана Швеция.
Шерине