Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрү уланууда


Сүйлөшүүлөрдүн 2-күнү. Украиналык делегация. Рустем Умеров оңдон экинчи. Майами. 5-декабрь, 2025-жыл.
Сүйлөшүүлөрдүн 2-күнү. Украиналык делегация. Рустем Умеров оңдон экинчи. Майами. 5-декабрь, 2025-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер Украина президенти Владимир Зеленскийдин өкүлдөрү Рустем Умеров жана Андрей Гнатов менен Майамидеги сүйлөшүүлөрүн экинчи күнү дагы улантты. Бул тууралуу Axios агенттиги өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Мурдараак бул тууралуу башка басылмалар да жазышкан.

Майамидеги сүйлөшүүлөр Уиткофф менен Кушнердин шейшембиде Орусия президенти Владимир Путин менен дээрлик беш сааттык жолугушуусунан кийин болуп жатат. Бул жолугушуудан соң Орусия тарап компромисс жоктугун билдирген.

Axios маалымдагандай, Украина менен Орусиянын ачык позициялары дал келишпегени менен америкалык өкүлдөр мурдагыдай эле тараптардын эң татаал - аймактык маселе боюнча да мунасага келүүсүнө ишенет.

Басылма булагынын сөзүнө караганда, Уиткофф менен Кушнер украиналык делегацияга Путин менен жолугушуу тууралуу маалымдап, тараптарды жараштырууга көмөктөшүүчү идеялар жөнүндө айтып беришкен. Бейшембиде, АКШ өкүлүнүн сөзү боюнча, эки сааттык "позитивдүү" жолугушуу болгон. Жума күнү жанданган сүйлөшүүлөр ишембиде да уланары күтүлүүдө.

Трамп жума күнү Орусия менен Украина жакынкы арада тынчтык келишимине жетишерине ишеничин кайталады.

Москвадагы жолугушууларга катышкан Юрий Ушаков ВГТРК телеканалына Кремлде өткөн жолугушуу "конструктивдүү-достук атмосферада" өткөнүн, ал эми Владимир Путин жана Стивен Уиткофф "бири-бирин жарым сөзүнөн түшүнөрүн" билдирди. Ошондой эле ал мындан кийинки тынчтык пландарынын негизги автору Стивен Уиткофф эмес, Трамптын күйөө баласы - Жаред Кушнер болорун белгиледи.


Шерине

XS
SM
MD
LG