30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого №8 округдан талапкер болуп, гендердик квота боюнча алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова "жалган жалаага", "көрүп билбегендей мыйзамсыздыкка" кабылганын билдирди. Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Жолдошова 1894 (6,13%) добуш алган.
5-декабрда Фейсбуктагы баракчасына №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелердин жыйынтыгын аймактык комиссия жокко чыгарып койгонун, дал ушул эки тилкеден ал эң көп добуш алганын айтып, видео жарыялады. Атаандаштары арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун "жээни Нуржамал Төрөбекова" бар экенин кошумчалады. Президенттик администрациянын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун 5-декабрдагы билдирүүсүн "шайлоого кысым" деп баалады.
"Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №27 округдагы видеону баарыңар көрдүңөр жалаң 5000 сомдукту таратып жаткан. Мына ошол видеону Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынында жайгашкан №5249 жана № 5514 УШКга жалган жалаа аркылуу жармаштырып, менин эң көп 1009 добушумду №8 аймактык комиссия жокко чыгарган. Бул видеону чапташтырган материалды Ош облусунун ОИИБ карап чыгып, кылмыш ишин ачкан эмес жана мыйзам бузууну тастыктаган эмес. Ошого карабастан мыйзамды одоно бузуп, аймактык комиссия чечим чыгарган. Бирок КР БШКсы азырынча чечим кабыл ала элек. Ошого карабастан президенттик администрациянын маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков өз баракчасына алдын ала, БШК чечим чыгара электе №8 аймактык комиссиянын мыйзамсыз чыгарган чечимин жарыялады. Бул түздөн-түз президенттик администрациянын шайлоого болгон кысымы деп эсептесе болот. Президенттин таза шайлоо өттү, административдик ресурс колдонгон жок деген сөздөрүн жокко чыгардыңыз", - деди Жолдошова.
Шайназаров да, Орунбеков да Жолдошованын бул айткандары боюнча комментарий бере элек.
Андан мурдараак Орунбеков Фейсбукка айрым тилкелерде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын жазган. "№8 округдун №5249 шайлоо тилкесинде болду деп жарыяланган видео элдин талкуусунда калды. Анда пачкалап акча таратып жаткандарды видеого тартып алышкан. Мындай фактылар коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Эл арасында “ушул кантип таза шайлоо болсун, добуштарды оптом эле сатып алган тура” деген пикирлер айтылып жатты. Бул окуядан кийин аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана № 5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алган" деп билдирген.
Ага чейинки билдирүүсүндө Жолдошева президентке, УКМК жетекчисине, баш прокурорго, Боршайкомго бул ишти көзөмөлгө алып, тийиштүү адамдарды жоопко тартууга чакырган.
Жогорку Кеңешке 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланат.
БШК №8 округ боюнча маселени караганы тууралуу азырынча расмий маалымат жок. (RK)
Шерине