Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Netflix атактуу Warner Bros студиясын сатып алуу келишимине жетишти


Американын Netflix стриминг кызматы Голливуддун эң эски студияларынын бири болгон Warner Bros. компаниясын сатып алуу боюнча акыркы келишимге келгенин билдирди. Эгер жөнгө салуучу органдар макулдук берсе, Netflix Warner Bros. студиясынын бардык өндүрүш жайларын, дистрибуция тармагын, Warner Bros. Television, Warner Bros. Motion Picture Group, DC Studios, HBO телеканалын, HBO Max стримингин жана кино-сериалдар топтомун толугу менен өз көзөмөлүнө алат.

Мунун натыйжасында Netflix DC Universe комикстерине, "Game of Thrones", "Friends" сыяктуу белгилүү сериалдарга, ошондой эле Гарри Поттер тууралуу фильмдерге да укук алат.

Компаниянын маалыматына караганда, келишимдин жалпы суммасы 82,7 миллиард долларга бааланууда. Жалпы сатуу-сатып алуу процесси 2026-жылдын үчүнчү кварталында толук бүтөрү күтүлүүдө.

Netflix’тин жетекчилеринин бири Грег Питерс бул сатып алуу компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бизнесин алдыдагы жылдырарын айтты.

Bloomberg бул биригүүнү “тарыхый окуя” деп атады. Ал эми Reuters агенттиги жазгандай, АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү мындай келишим керектөөчүлөргө да, Голливуддун өзүнө да терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эскертишкен.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG