Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Зергерчиликке, тигүү тармагына, автоунаа сатууга жеңилдик берген жарлыкка кол коюлду


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 6-декабрда маалымдады.

Жарлык зергерчилик жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүү, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Министрлер кабинетине бир ай ичинде Жогорку Кеңештин кароосуна бул багыттагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасы берилди.

Зергердик өндүрүшү үчүн жабдуу, технология, жарым фабрикат импорттоодо, сыртка көргөзмөгө жана жарманкеге катышуу үчүн зер буюмдарды чыгарууда бажы, салык төлөмдөрүндө жеңилдик жана преференция берүү, легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын текшерүүлөрүнө мораторий белгилөө менен мурда ташып келинген же жасалган зер буюмдарды эки ай ичинде мыйзамдаштыруу тапшырылды.

Мындан тышкары үч жылдык мөөнөткө автоунаа сатуудан түшкөн киреше салыгын төлөөдөн жеке адамдар жана ишканалар бошотулат. Жеке адамдар келерки жылдын 1-январына чейин автоунаа сатуудан түшкөн киреше салыгынан, туум жана санкция суммасын төлөөдөн да бошойт. Кыргызстанда чыгарылган же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын тетигин сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

Ошондой эле президенттин жарлыгы менен тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары азайтлып, өлкөдөн тышкары жүзөгө ашырылуучу иш үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1 пайызга чейин түшүрүлөт. Чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлүүчү транзакциялардын салык ставкасы 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилениши керек.

Президенттин бул жарлыгы жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG