Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Кышкы туризм расмий ачылды


Кыргызстандагы "Каракол" лыжа базасы.
Кыргызстандагы "Каракол" лыжа базасы.

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бул кышта Кыргызстанда кар декабрдын акырында жааганына байланыштуу туристтик сезон кечирээк башталды.

30-декабрда Аламүдүн районундагы "Чуңкурчак" тоо лыжа базасында премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусу менен кышкы туристтик сезондун ачылыш аземи өттү.

Өкмөт башчысы кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири экенин, бул боюнча аткарылчу көптөгөн иштер бар экенин билдирген. Ошондой эле премьер-министр жыл сайын кышкы спортко кызыккан чет өлкөлүк туристтер көбөйүп жатканын белгилеген.

- Менимче, быйылкы туристтик сезон эң жакшылардын бири болот, - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков солдо.
Премьер-министр Сапар Исаков солдо.

Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы иштейт. Буга чейин өкмөт тоо лыжа кластерин түзүү боюнча долбоорду сунуш кылып, бирок ал ишке аша элек.

“Тоодо жөө жүрүүчүлөр” бирикмесинин жетекчиси Марат Даниловдун айтымында, Кыргызстандагы лыжа базаларынын баарынын эле шарттары жакшы эмес:

- 23 лыжа базасы бар деп айткан менен, алардын ичинен 12-13 базанын гана жакшы шарттары бар. Калгандарынын лыжа тебүү жолдору кичинекей. Бирок Кыргызстандагы беш-алты базаны өзгөчө белгилеп айтып кетсе болот. Алар эл аралык деңгээлге жетпесе да, ошого аракет кылып жатышат.

Марат Данилов.
Марат Данилов.

Марат Данилов Кыргызстанда кышкы фототуризмди, лыжа тебүүнүн экстремалдык түрлөрүн да колго алса болот деп эсептейт:

- Менимче, Кыргызстан кышкы туризмдин 20 пайызга жетпеген эле мүмкүнчүлүгүн колдонуп жатат. Мисалы, кышкы туризмдин "жапайы лыжа тебүү" сыяктуу түрлөрү бар. Бул ар кайсы жактарда өнүгүп баштады. Ушуну өнүктүрсө Кыргызстанга чет жерден саякатчылар да көп келмек. Анткени кесипкөй лыжа тебүүчүлөргө базаларда жылгаяк тепкен кызыксызыраак.

Данилов: Кышкы туризмдин мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылбай жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:24 0:00
Түз линк

Маалыматка караганда, 2016-жылы туризмден республикалык бюджетке 103,5 миллион сом түшкөн. Ал эми туризмдин ички дүң өнүмдөгү үлүшү 21 миллиард 458 миллион сом болгон.

Өкмөттүн билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө тоо туризмине чет элдиктердин кызыгуусу артып баратат.

Учурда 3 миңге жакын милиция кызматкерлери курорттук аймактарда коомдук тартипке көз салып жатышат.

2016-жылы чет жактан Кыргызстанды көргөнү, эс алганы келгендердин жана өлкөгө кирип-чыккандардын саны 3 миллион 800 миңден ашкан.

"Азаттыктын" архиви: Караколдогу лыжа базасы. 28.12.2016
Караколдо лыжа тепкендер арбын
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG