Бишкек шаарынын Ак-Өргөө конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлап, батирлер жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан териштирүү иштеринин натыйжасында алынганын билдирди.
"Тактап айтканда, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат. Жер тилкелерин алгач жеке адамдарга берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон", - деп жазылган маалыматта.
Коопсуздук кызматы курулуш компаниясы курулуп жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метр, баасы 89 миллион 367 миң сом болгон 15 батирди мамлекетке өткөрүп бергенин кошумчалады. Үйлөрдүн курулушун 2027-жылдын 1-жарым жылдыгында аяктоо пландаштырылган.
УКМКнын маалыматында курулуп жаткан үй кайсы курулуш компаниясына же ишкерге таандык экени тууралуу жазылган эмес.
Коопсуздук кызматы "мыйзамсыз тургузулуп жатат" делген көп кабаттуу үйлөрдөн батирлерди мамлекеттин балансына өткөргөн учурлар буга чейин да болгон.
Ак-Өргөө - 1989-жылы үйү жок жаштарга бөлүп берилип, жүздөгөн үйлөр курулган жаңы конуштардын бири. Акыркы жылдары көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жаңы конуштардын ичине чейин жетти.(ZKo)
Шерине