Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эртең 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрөт. БШКдан кабарлашкандай, шайлоого катышуу ниетин билдиргендерди расмий талапкер катары каттоо бүгүн 7-ноябрда жыйынтыкталат.
БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тарткан жарандардын саны 37ге жетти. Алардын арасында Бишкек экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаров дагы бар. БШКдан билдиришкендей, жумуш тобунун 6-ноябрдагы жыйынында Тайчабаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдагы талаптарга ылайык келбестиги аныкталган.
"Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы маалымкатында жана 3-ноябрда жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында К.Тайчабаров 2021-жылы Бишкек шаарындагы Blonder Pub аттуу кафе-барда уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары белгилүү Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен бирге түшкөн сүрөттө чын эле өзү экенин 4-ноябрда тергөө алдындагы материалдар боюнча күбө катары сурак берүү учурунда тастыктаган", - деп айтылат Боршайкомдун маалыматында.
Мунун алдында социалдык тармактарда Тайчабаровдун Көлбаев менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, талаш-талкуу жараткан. Кийин Тайчабаров БШКда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев менен жолукканын ырастаган.
Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ошондон бери уюшкан кылмыштуу топ менен аёосуз күрөшүп жатканын, мындан ары Кыргызстанда “мыйзамдагы ууру” деген түшүнүк болбой турганын кайталап келет. (КЕ)
Шерине