Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Быйыл 6 миңдей чарба өкмөттөн жеңилдетилген насыя алды


Кыргызстандагы мал базарларынын бири. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Кыргызстандагы мал базарларынын бири. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо–13” долбоорунун алкагында Кыргызстанда 6 487 чарбага 4 млрд 92 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Насыянын дээрлик жарымы мал чарбачылыгына, калган бөлүгү өсүмдүк өстүрүүгө, суу үнөмдөөчү технологияларга жана лизингге техника, жабдуу алууга берилген.

Мыйзамга ылайык, аталган багыттагы насыяларды “Айыл банк” менен “Элдик банк” мамлекеттик банктары берди.

Ушул күнгө чейин, өкмөттүн тескемесине ылайык, жалпы төрт категория боюнча насыя алгандардын саны 6 миңден ашты.

Маалым болгондой, жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Эки жыл “Фермерлерге жеткиликтүү насыялар” деп аталган долбоор 2013-жылдан тартып “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору деп атала баштаган.

2024-жылы “Айыл чарбасын каржылоо–12” долбоорунун алкагында кыргызстандык 12 миңдей фермерге 4,8 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилген.(KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG