Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

УКМК Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин доценти кармалганын билдирди


Атайын кызмат КМТУ тууралуу маалыматы менен кошо тараткан сүрөт.
Атайын кызмат КМТУ тууралуу маалыматы менен кошо тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) айрым окутуучулары студенттерге чет элдик жогорку окуу жайлардын жасалма академиялык маалымкатын жана транскриптин берип, ошонун негизинде болжол менен 200 студент бул окуу жайга мыйзамсыз которулганы козголгон кылмыш ишинин алкагында аныкталганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында окуу жайдын доценти Ш.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Андан тышкары ушул эле схеманы ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жүргөн деген шек менен башка да окутуучулар аныкталды.

Атайын кызмат буга чейин Бишкек шаарындагы, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жогорку окуу жайлардан студенттер чыгарылганын, кылмыш иштери козголгонун билдирген.

Жайында Караколдогу жогорку окуу жайлардан 941 студент, Бишкектеги Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинен 12, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен 3 миңге чукул студент, Нарын мамлекеттик университетинде ондогон студент окуудан чыгарылганы, арасында чет элдиктер бар экени, кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатканы маалымдалган.

Бир катар окуу жайда окутуучулар жемкорлукка шектелип кармалган. (KS)


Шерине

XS
SM
MD
LG