Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Уюшма кылмыштын "эскирүү мөөнөтү" нормасын колдонбоо сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" жана "Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу" беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурда эскирүү мөөнөтүн колдонбоо сунушталууда. Муну менен Президенттик администрация уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, ал коомдук талкууга чыгарылды.

Документте акыркы жылдары коррупцияны, баңги заттарын сатууну, аткезчиликти, опузалоону жана туруктуу кылмыштуу топтор жасаган кылмыштарды кошкондо уюшкан кылмыштуу иштин көрүнүштөрү өскөнү белгиленген.

"Уюшкан кылмыштуулук коомдук, экономикалык жана саясий турмушту туруксуздаштыруучу, коомдун саламаттыгын чыңдоо боюнча социалдык-экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуучу негизги факторлордун бири болуп саналат. Уюшкан кылмыштуулук Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна, коомдук тартибине жана экономикалык өнүгүүсүнө негизги коркунучтардын бири бойдон калууда", - деп жазылган документтин негиздеме-маалымкатында.

Ички иштер министрлигинин маалыматтары боюнча, республиканын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун, анын ичинде криминалдык иерархиядагы “статусу” бар активдүү мүчөлөрүнүн саны бир нече жүздөгөн адамды түзөт.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ошондон бери уюшкан кылмыштуу топ менен аёосуз күрөшүп жатканын, мындан ары Кыргызстанда “мыйзамдагы ууру” деген түшүнүк болбой турганын кайталап келет.

ИИМ ушул жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, иниси кармалганын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG