Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

Трамптын мурдагы кеңешчиси Жон Болтонго айып тагылды


 Жон Болтон. Архив
Жон Болтон. Архив

16-октябрда Мэриленддеги арачылар соту АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтонго купуя маалыматтарды башка адамдарга жиберген жана андай документтерди сактоо эрежелерин бузган деген айып такты.

CNN телеканалы булактарга шилтеме менен жазгандай, Юстиция министрлиги ал жашыруун маалыматтарды өзүнүн жеке электрондук почтасы жана мессенжер аркылуу салып турган. Анын арасында мамлекеттик сыр саналган АКШ армиясынын болочок операциялары, өлкөнүн каршылаштары, чет өлкөлүк лидерлер жана Ак үйдүн тышкы саясаты тууралуу документтер бар болчу.

Булактар Болтон ал маалымат менен аялы жана кызы менен бөлүшкөн болушу мүмкүн деп болжолдойт. Күнөөсү далилденсе экс-кеңешчи бери дегенде 10 жылга чейин кесилиши ыктымал.

Болтон айыптоолорду четке кагып, Трамптын Юстиция министрлигин курал кылып колдонуу ыкмасынын курмандыгы болгонун айтууда.

Президент 16-октябрда журналисттер менен маектешкенде мурдагы жардамчысына күнөө тагылганын жаңы эле укканын айтып, аны «жаман киши» деп атады.

Августта Болтондун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргөн. Кийинчерээк Politico басылмасы ошондо купуя документтер табылганын жазган.

Быйыл жыл башында анын мамлекеттик сырды камтыган маалымат менен таанышуу укугу алынып салган.

Болтон Трамптын биринчи президенттик мөөнөтү учурунда аны менен 17 ай иштеген жана президент менен Түндүк Корея, Иран, Ооганстан маселелери боюнча пикир келишпестиктерден улам кызматтан кеткен.


Шерине

XS
SM
MD
LG